21-ДЕКАБРДАН 27-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Жаңы жыл алдында эски тааныштар менен жолугушасыз. Күтүлбөгөн жерден түшкөн сунуш пландарыңызды өзгөртүшү мүмкүн. Өнөктөштүн туура эмес мамилесине анчалык нерв коротуп кереги жок. Колуңузга бир топ суммадагы каражат келип түшөт. Апта ичи чыгымдар көп болот. Конок тосууну артка жылдыруу сунушталат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Каржылык маселелери убактылуу кыйындайт. Достор же туугандар сизден жардам сурашат. Жок дебеңиз, болбосо ортодогу мамилеге доо кетет. Оптимизм жана өжөрлүк менен аткарган иштериңиз аброюңузду көтөрөт. Жагымдуу жолугушуу, сүйлөшүүлөргө даярдана бериңиз. Балдар өтүнгөн нерселерди сатып берүүңүз ыктымал.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Айрым тааныштарга мамилеңизди өзгөртүүгө түртүүчү окуя чыгат. Жетекчилик же мекеме кызматкерлери менен сүйлөшүүдө дипломаттык ыкмага салыңыз. Антпесе Жаңы жыл алдында маанайыңызды бекер бузуп аласыз. Ойлогон максатыңыздын бири ишке ашып, кубантат. Жамааттык иш-чарага катышууңуз күтүлүүдө.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Кимдир бирөөлөр алдында милдеткер экениңизди сезип кыжалат болосуз. Буга чейин жакын деп эсептебеген тааныштарыңыз сизге колдоо көрсөтүшөт. Акча аябай үйдөгүлөргө майрам уюштурасыз. Жумуштар менен көчөдө көп жүрүп, суукка урунуу коркунучу бар. Өтө чынчыл жана өтө активдүү болуу аптада сизге пайда алып келбейт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Эмоцияга алдыруу кооптуу кадамдарга барууга түртөрүн эске алыңыз. Жаңы таасирлер жашооңузду жаңы боёкторго боёйт. Чөйрө ичинде оңтойсуз абалда калсаңыз кызыл тилдүүлүккө, тамашага салып чыгып кетиңиз. Жаңы пландарыңызды жакындарыңыз менен бөлүшүп, алардан колдоо табасыз. Конокко чакыруу аласыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Адаттагыга караганда көп иштейсиз, ошого жараша тапканыңыз мол болот. Майда чырлар маанайыңызды түшүрбөйт. Ашыкча тамактанып ден соолукка күч келтирбөөнү эске алыңыз. Бир ийгиликти үйдөгүлөр болуп чогуу белгилейсиздер. Балдарды эс алдыруу жаатында пландарды түзүп, жакшы эс аласыз. Майда кырсыктардан сак болуңуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Ишке ашпаган бир үмүттөн улам жакын адамыңыз менен чырдашууга жетпеңиз. Туугандарга көп көңүл буруп, айрымдарына белек дайындайсыз. Жетекчилик тарабынан сыйланасыз. Жакындарыңыздын бири сизге керектүү буюмду тартуулоосу ыктымал. Өзүңүздү жакшы сезбесеңиз дары чөп чайлардан ичүү сунушталат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Бир маалыматтан улам чөйрөдөгүлөргө мамилеңиз өзгөрөт. Эмнеси болсо да репутацияңызга доо кетпегидей болушу зарыл. Каалооңуз менен каражатыңыз дал келбей түйшөлөсүз. Маанилүү иштерди бир себептерден улам башка күнгө жылдырууга туура келет. Сүйүктүүңүздүн пикирин уксаңыз өкүнбөйсүз жана көп чыгым тартпайсыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Кырдаал кандай болуп өзгөрбөсүн аны өз кызыкчылыгыңыз үчүн колдоно аласыз. Акчалуу болосуз, бул бир топ маселеңизди чечүүгө жол ачат. Жагымдуу сатып алуулар күтөт. Тааныштар айткан сунушту кабыл алсаңыз каржы жагы жакшыра баштамакчы. Унаа менен алыс жол жүргөндөр абайлабаса майда кокустуктар чыгат дешет жылдыздар.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Оор сыноо жана күтүлбөгөн тоскоолдук жаралса, достордун колдоосуна таяныңыз. Шашылыш чечим кабыл алуудан карманыңыз. Шаңдуу компанияда эс алуудан тышкары жакшы сюрприз да күтөт. Ар адамдын өз пикири бар экенин эске алып жакшы көргөн адамыңызга пикириңизди таңуулабаңыз, болбосо таарынтып аласыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Эски карыздарды берүү же аткарылбаган убадаларды аткаруу керектелет. Чөйрөдөгүлөргө талапчыл боло берсеңиз абалды оорлотуп аласыз. Жаңы таанышкан адамдар менен бат эле жакын болуп кетүү сунушталбайт. Туугандар арасында бирөөнүн сиздин ордуңузга сүйлөп, чоңдук кылуусуна жол бербеңиз. Олжолуу болушуңуз ыктымал.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Чогуу иштегендер менен бир пикирге келүү оорлойт. Мындан улам көңүлдү бир жерге топтоо кыйындайт. Өзүңүз жакшы билбеген ишке киришпеңиз, жыйынтык аз болот. Сүйүктүүсүнө романтикалык кечти туура эмес уюштуруп алгандар чыгымга учурашат. Үй-бүлөлүк чыгашалар да көбөйөт. Достор менен убакыт өткөрүү сунушталат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан