Айнура Тургунбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “БОПУНЯНЫ ЭСТЕСЕМ, ЖҮРӨГҮМ АЧЫШАТ”

Жөнөкөй, шайыр, оюндагысын жашырбай ачык айткан куудул, актриса Айнура Тургунбаева менен маектешүү, тил табышуу жеңил. Актриса бирде күлүп, бирде көзүнө жаш алып сүйлөп отурду.

– Айнура айым, келе жаткан Жаңы жылыңыз менен! Жаңы жыл тосууга даярданып жатасызбы?

– Рахмат, алтыным. Илгери Жаңы жылды күн санап күтчү элек. Жаш курактанбы, билбейм, акыркы жылдары Жаңы жылдык маанай жок. Бул жылы жакшылап тосуп койсом, эмдиги жылы жакшы жыл болобу деп үмүт кылып жатам.

– Келе жаткан жылга кандай тилектериңиз бар?

– Кудайдан тынчтыкты, өлкөнүн өнүгүүсүн, эл, жер үчүн күйгөн мыкты өлкө башчы тилеп жатам. Эл кыйналды, тажады. Азыр көчөгө чыксаң Жаңы жылды ойлогон киши жок. Жаңы жылдын аркасы менен кантип акча тапсам дегендерди, капалуу көздөрдү көрөсүң.

Алтын башымдын аман болушун, ден соолук жана акчалуу болууну тилейм. Азыр "пулуң болсо кулуңмун" деген заман. Баарын акча чечет. Акчанын кереги жок дегендерге ишенбейм. Ар бир киши бай болууну, акчалуу болууну каалайт.

– Анда акчаңыз көп болсун! Бир маегиңизде “бала багып алайын деп жатам” дептирсиз.

– Багып алсам болмок. Аны үйдөгүлөр да айтып жүрүштү. Бирок баланы кайсы жакка багам? Үйүм жок да. Азыр эжемдин үйүндө үй-бүлөсү менен чогуу жашайм. Карьера деп жүрүп ушул жашка келип калыптырмын. Азыр жашым өтүп калганда багып алсам да болбой калат. Анткени Кудай мага канча өмүр берет, ким билсин? Кетип калсам бала эмне болот? Анын да тагдырын ойлош керек. Бирок буюрбаган нерсеге өкүнбөш керек. Бул жашоодо жетпегенибизге эмки жашоодо жетербиз.

– Бул жылы баарыбызга оор жыл болду. Жаткан жери жайлуу болсун, Марат Жанталиев агайды да жоготуп алдык...

– Бул жылы биз жеңебизден, бир тууган агамдын жубайынан айрылдык. Андан 6-7 айдан кийин Бопуня кетип калды. Андан бир ай өткөндөн кийин бир тууган эжем өтүп кетти. "Жамандык жалгыз келбейт" деп коюшат эмеспи. Бопуня тууралуу айтсам, ал экөөбүздүн чогуу баспаганыбызга минтип жарым жыл болуп калды. Ажалга айла жок экен. Арман дүйнө, эмне кыла алабыз? Башты жерге чапсам да кайрылып келбейт экен. Куран окуп, бейиштин төрүн берсин деп гана суранып калдым.

– Бопуш байкени эстегенде биринчи эмнеси эсиңизге келет?

– Бопуняны көп эстейм. Эстесем азыркыга чейин жүрөгүм ачышат. Ал менин досум, сырдашым болду. Эч кимге айтпаган сырларымды Бопуня менен бөлүштүм. Экөөбүз сүйлөшүп отурганда 5-6 саат өтүп кеткенин байкабай калчубуз. Репетиция учурун, тамада болуп жүргөнүбүздү көп эстейм. Тойдо коноктор биз менен сүрөткө түшө беришет эмеспи. Элден айланса болот. Эл болгону үчүн биз иштеп жүрөбүз да. Кээде сүрөткө түшө бергенден чарчап калчубуз. Ошондо Бопушту алдыга түртүп коюп, өзүм жашынып калчу элем. “Шүмшүксүң, ээ?” деп калчу. Анан элди карап отуруп “ай, Бопуня, бычакка сап бирөө бар бекен?” десем, күлүп, “жок окшойт, бул тойдон таппай калдык” деп калчу. Аялдар Бопуняны кучактап сүрөткө түшсө, “капырай, эмне жалмаңдайсың?” дейм, мен мырзалар менен сүрөткө түшсөм ал “аябай кучактап алдың го” деп тамашалайт.

Бопуня уйкучу болчу. Уктай эле берчү. Уктаганда төбөсүндөгү чачы туруп калчу. Сахнага чыгарда ошол чачын жаткырабыз деп лак издеп калчубуз. Бир жолу лак жок болуп калып, таттуу сок менен жаткырып койгонбуз. Кийин чачы туруп калса эле сок издеп калды. Ошолорду эстейм. Колдо бар алтындын баркы жок. Тирүүсүндө көп билинбейт экен, азыр анын жалаң жакшы жактарын эстейм.

Экөөбүз жумуш учурунда аябай урушчубуз. Ал “катынга теңелип кереги жок” дейт. Менин ого бетер жиним келип, “эмнеге антип айтасың?” деп кайра кыйкыра баштачумун. Бири-бирибиздин жиндилигибизди, эркелигибизди көтөрдүк. Бопуня такыр шашпаган, бирөөгө жаман сүйлөбөгөн, сөзгө бекем, эч кимге теңелбеген адам эле. “Нервимден айлансын” деп гана койчу. Коллективде деле азыр “Бопуш байкенин бирөө менен урушканын көрбөптүрбүз” деп калышат. Мага да “отура берчи” дечү. Мен чыдап отура албайм да, чыйпыйым чыгып кетет (күлүп).

Бопуня мага агам болду, насаатын айтты. Экөөбүз бири-бирибизди көз карашыбыздан түшүнчүбүз. Сахнадабы, жашоодобу бири-бирибизди сүрөп турчубуз. Бири-бирибизге ишенгендиктен интермедияларды бир жолу репетиция кылып эле сахнага чыгып кетчүбүз. Бопуня жок быйыл көгүлтүр отторго да чакырышкан жок. Бопуш жок, бирок Гүкүшүм (ред.: Гүлмира Турсунбаева) бар. Бопунянын аты өчпөйт, Бопуш, Сакиш, Гүкүш болуп атыбыз аталып жүрө берет деп ишенем.

– Жашоодо кандай досторду күттүңүз?

– Колуңдан келип турганда дос болгондорду, эшеги суудан өткөнгө чейин достошкондорду, бетке айтканды көтөрө албай ары барып артымдан сүйлөгөндөрдү, бир аз өйдө боло калса эле көтөрүлүп кеткен, ар кандай досторум болду. Өзүм достукка бекеммин. Өздөрүнөн кетет. Мен бетке айтам да, ал кээ бирлерине жакпайт тура, намыс көрөт экен. Мен иш жакшы болсун деп жанталашам. Алардын ишине өзүмдүкүндөй киришип кетем. Дос болсоң акырына чейин, жан дилиң менен дос болушуң керек. Нак досторго да жолуктум.

– Жашооңуздагы эң романтикалуу учурду эстеп айтып бериңизчи.

– Бизде, артисттерде, романтикалуу учур аябай көп болот. Романтикалуу жерлерге көп барабыз. Бир ирет гастролдоп Оштогу Ажике деген жайлоого бардык. Сүрөт тартып койгондой кооз жер экен. Алгач автобус, андан кийин жол тандабас менен, унаа жете албаган жерге ат менен барып чабандарга концерт койдук. Мына, романтика. Укмуш кооз жер, айтып бере албайм, аны көрүш керек. 2018-жылдын кышында Түркияга барып кино тарттык. Январь айында барганбыз, ал жакта күн жылуу экен. Жолдун жээгинде мандариндер чачылып жатат. Мына, романтика.

– Жумушуңуздун ырахаты менен бирге оорчулугу да бар. Актрисалыкты таштап салгыңыз келген учур болгонбу?

– Суукта талаада калганда, концерт коёбуз деп барганда эл таш менен урганда, мас адамдар кармап алып мээңди жегенде “эмнеге артист болдум экен?” деген учурлар болгон. Кышында унаанын дөңгөлөгү карга тыгылып чыкпай калып, түнү менен суукта отурган күндөр болду. Бир жолу Тогуз-Торого баратсак, эки атчан өтүп баратып унаанын алдыңкы айнегин сындырып кетишти. Анан сынык айнектен суук ыркырап, үшүп-тоңуп бардык. Ошондой күндөрү “артист болбой эле, ашпозчу болсом болмок. Курсагым ток болуп, арткан тамакты үйгө көтөрүп барып жашай бермекмин” деп калсам, Бопуня “наалыбачы, маңдайга жазганы ушул да” дечү.

- Кесибиңиздин үзүрүн көрө бериңиз. Жашооңузда жакшылыктар гана болсун! Маегиңизге рахмат!


Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Сакиш: “Бул жашоодо балалуу болгон жокмун, балким, кийинки жашоодо турмушум башкача болот“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ainura220888
2020-12-21 12:40:38
Марат байкени жубайынан деле сурасанар эскерип. Омур бою жашаган аялы бардыр акыры. Балдары бардыр. Кечке эле Сакиш эженин маеги Бопуня Бопуня деп эле бутуп калат. Айнура эжеда озунчо "Сакиш" деген бренд оз атын жасап койгон. Кечке эле жеке жашоосуна кирише бербей кызыктуу окуяларды сурагыла.
-3
Nursul
2020-12-21 19:14:19
Бул жылы Элмирбек Иманалиев агайды Чубак ажы Жалилов устазды жоготуу аябай катуу тийди мага алигиче эсимден кетпейт эстесем эле көзүмө жаш келет жаткан жерлери жайлуу болсун дуба кылып турам устаздарга.
+7
Yahoo
2021-01-04 10:32:00
Nursul,тез артынан барыныз,коз жашынызды элге жарыялабай!
0
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан