КЫРГЫЗСТАНДЫН ҮЧ ОБЛУСУНДА CASA-1000 ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА “ЖЕРГИЛИКТҮҮ КООМЧУЛУКТУ КОЛДОО” ДОЛБООРУ ИШКЕ АШЫРЫЛА БАШТАДЫ

CASA-1000 – Борбор Азиядан (Кыргызстандан жана Тажикстандан) Түштүк Азияга (Афганистан жана Пакистан) электр энергиясын экспорттоо боюнча долбоор. Анын алкагында Кыргызстан Түштүк Азияга электр энергиясын сатып, киреше табат. Белгилей кетсек, элдин керектөөсүнөн ашып калган гана электр энергиясы экспорттолот. CASA-1000 электр өткөргүч чубалгысын куруу Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын 8 районунун аймактарында жүргүзүлөт. Бул аймактардагы коомчулуктар экономикалык жана социалдык жактан аярлуу болуп саналат, алардын социалдык инфраструктураларга, кызмат көрсөтүүлөргө дагы мүмкүнчүлүктөрү чектелгендиктен жана кыш мезгилинде электр энергиясынын жетишсиздигинен жергиликтүү калктын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча “Жергиликтүү коомчулукту колдоо” долбоору киргизилген.

CASA-1000 долбоорун ишке ашырууда “Жергиликтүү коомчулукту колдоо” долбоору аркылуу жергиликтүү элдин демилгелерине ылайык маселелер каралат. Бул долбоор бардык маселени жергиликтүү деңгээлде баалап, мониторинг жүргүзүп, атайын пландоого ылайык инвестицияларды күчөтүү иш-чараларын камтыйт.

CASA-1000 электр чубалгысы Жалал-Абад шаарынан алыс эмес жайгашкан «Датка» подстанциясынан баштап, Тажикстандын батыш чек арасына чейин курулат. Ал Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарын кесип өтөт. “Жергиликтүү коомчулукту колдоо” долбоору электр чубалгылары алып өтүлгөн айылдарды инвестициялоо үчүн чакан гранттарды сунуштайт. Долбоор жергиликтүү калкты электр энергиясы менен толук камсыздап, андан сырткары негизги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртат жана киреше булактарын түзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Бул долбоордун башкы артыкчылыгы – айылдагы маселелерди жергиликтүү эл өзү чечет жана аны ишке ашырууга активдүү катышат. Мисалы, аймактагы инвестициялоого муктаж болгон тармактарды аныктап, гранттар боюнча чечим кабыл алып, долбоорлордун ишке ашуусун көзөмөлдөй алышат. “Жергиликтүү коомчулукту колдоо” долбоорунун дагы бир маанилүү жагы – жаштардын тажрыйба алышына жана жумушка орношуусуна жардам бере турган атайын иш-чараларды уюштуруу.

Электр чубалгылары тартылган жерлердеги айылдар жакындыгына, калктын санына жана айылдын керектөөлөрүнө жараша жардам алат. Ар бир айыл аймак үчүн чакан гранттын көлөмү электр чубалгыларынын анык жайгашуусу такталганда белгилүү болот.

• Электр чубалгылардан 1,5 чакырым аралыкта жайгашкан айылдар электр менен камсыздалууга жана айылдын инфратүзүмүн жакшыртууга чакан гранттарды алат.

• Бардык айылдар киреше алып келүүчү объекттер үчүн колдоо алышат, айрыкча жаштарга көңүл бурулат.

Чечимдерди кабыл алуу жергиликтүү коомчулуктун жыйынында ишке ашат. Бул жыйында аялдардын жана эркектердин катышуусу бирдей болуусу тийиш. Ал эми жаштар коомдук иштерди жөнгө салуучулардын, айылдын маалымдоочуларынын ролун аткарат.

Учурда долбоорго камтылган 77 айылда төмөндөгү үч багыт боюнча артыкчылыктуусун аныктоо үчүн айыл тургундарын 4 фокус топторго бөлүү менен талкуу жүргүзүлдү.

Бул багыттар:

• Айылды электр энергия менен камсыздоону жакшыртуу;

• Айылда электр энергия жок жерлерге (көчө, конуш) жаңы электр тармактарын кеңейтүү;

• Айылда көчө жарыктандыруусун орнотуу.

Жогорудагы иш-аракеттерди жер-жерлерде уюштуруу жана өткөрүү АРИСтин жааматтардын өнүгүүсүн колдоо боюнча эксперттерине жүктөлгөн. Алар долбоорго камтылган 77 айылдагы фокус топтогу талкуулардын жыйынтыктарын айылдын жалпы чогулушуна салып, артыкчылыктуу багыттарды аныктап чыгышты.

Ал эми аныкталган айылдын артыкчылыктуу багыттары учурда АРИСтин онлайн-платформасында кошумча талкууга салынып, добуш берүү жүргүзүлүп, аяктады.

Белгилей кетсек, онлайн платформа пандемия шартында иш алып баруу үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен иштелип чыккан инновациялык платформа. Ал аркылуу жергиликтүү коомчулук үчүн маанилүү болгон чакан долбоорлор жөнүндө пикирлерди жана билдирүүлөрдү жазууга болот.

СOVID-19 пандемиясына байланыштуу коомчулук менен иштешүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. АРИСтин адистери долбоорду натыйжалуу ишке ашырууда жаңы шарттарга жана талаптарга ылайык иш алып барууда.

“Жергиликтүү коомчулукту колдоо” долбоорунун социалдык мобилизациялоо боюнча адиси Асхат Сапаралиевдин айтымында, жогоруда жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер “Жергиликтүү коомчулукту колдоо” долбоорунун 1А кичи бөлүгүнүн ишке ашыруу кадамдары болуп эсептелет. Ошондой эле мындан ары максаттуу айылдары электр менен камсыздоону жакшыртуу боюнча аныкталган артыкчылыктуу багыттарга долбоорлор түзүлүп, аларды ишке ашыруу боюнча кадамдар жасалат.

Кийинки кезекте белгиленген кадамдар жана мөөнөттөр боюнча “Жергиликтүү коомчулукту колдоо” долбоору максаттуу айылдарда социалдык инфратүзүмдөр, кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо боюнча долбоордун 1В кичи бөлүгү, максаттуу айылдарда тиричилик каражаттарын алуу үчүн объекттерди колдоо боюнча долбоордун 1С кичи бөлүгү ишке ашырылат.

Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин ишке ашырууда эл аралык тажрыйба анын натыйжалуулугун көтөрүүгө жана жаңы идеяларды жайылтууга негиз болот. Ошондуктан АРИС “Жергиликтүү коомчулукту колдоо” долбоорунун үстүнөн иштөөдө “Ага-хан” фонду менен тыгыз кызматташат.

“Ага-хан” фондунун жаштар менен иштөө жана талаштуу маселелерди чечүүдөгү зор тажрыйбасы аталган долбоорду ишке ашырууда пайдаланылат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандагы “Жергиликтүү коомчулукту колдоо” долбоорунун бюджети 11 миллион АКШ долларын түзөт. Анын 10 миллион АКШ доллары Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана 1 миллион АКШ доллары Көп тараптуу максаттуу донордук фонду (MDTF) тарабынан берилет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан