Чолпон Талипбек, ырчы: “ТАТЫКТУУ МЫРЗА ЖОЛУКТУРА ЭЛЕКМИН”

Музыкалык долбоордун кастингинен өткөн катышуучулар радиого келип маек берип жатышканын угуп кыз чебелектеп жиберди. “Мен да кастингден өтпөдүм беле? Эмнеге мени чакырган жоксуңар? Анкетамды издегилечи” деп радионун телефонун тешип улам чала берди. Музыкалык долбоордун продюсерин көк бет кыздын мүнөзү кызыктырды. “Бул кыздын мүнөзү укмуш го, келип көрсүнчү” деди. Бул кадам экөөнү тең адаштырган жок. Бири өз киндигин өзү кесип тагдырына бурулуш жасаса, экинчисине таланттуу, сулуу ырчынын продюсери болууга шарт түздү. Ошентип мындан11 жыл мурун кыргыз эстрадасына Чолпон Талипбек аттуу бийкеч кадам таштады.

– Чолпон, салам! Быйыл 30 жашыңызды белгиледиңиз. Бул жашта көпчүлүк “эмнеге жетиштим?” деп артка кылчайып жашоосуна саресеп салат эмеспи. Сиз да өзүңүзгө ушул суроону берсеңиз керек?

– Бул жылы туулган күнүмдү өзгөчө тосоюн дедим. Анткени жашоомдун жаңы этабы башталып жаткандай сезилди. Ошондуктан жалгыз саякатка чыктым. Бул саякат жан дүйнөмө керек болуп турган. Анын үстүнө карантин маалында үйдө отуруп депрессия болдум. Сиз айтып жаткандай, “30 жашка чыктым, эмнелерге жетиштим?” деп ойлондум. Жаңы дем, жаңы күч топтоп келиш үчүн Түркиянын Бодрум шаарына барып туулган күнүмдү белгиледим. Унутулгус туулган күн болду. 30 жаш – жаштыктын толуп турган учуру. Бул жашымда тоону томкоруп жибербесем да, эң башкысы, кичинекей кезимдеги ырчы болуу кыялымды орундаттым. Азыр сүйүктүү жумушум бар, жакындарым жанымда. Аларга жардам бергенге, каалаган белектерди тартуулаганга кудуретим жетет.

– 3 жыл мурун бизге берген маегиңизде чыныгы сүйүүгө кабыла элекмин деп айтыптырсыз. Бул аралыкта жүрөккө сүйүү келдиби?

– Жеке жашоомдо баары жакшы. Мен үчүн жалгыз жүрүү нормалдуу көрүнүш. Жөн эле мамиле кургум келбейт. Азырынча татыктуу мырза жолуктура элекмин. Баарынын өз убактысы болот. Быйыл чыгармачылыкка басым жасайын деп чечтим.

– Сиз үчүн чыгармачылыктагы, искусстводогу эркиндик деген эмне?

– Эң негизгиси, өзүңө жакын болгон теманы көтөрүп чыгуу, өзүңө жаккан стилде кийинүү, өзүңө жаккан жанрдагы ырларды ырдоо. Тандоо мүмкүнчүлүгү бар эркин артист болуу.

– Көпчүлүк ырчылар “угармандардын табитине карап иш кылабыз” деп калышат. Ыр сүйүүчүлөрүн силер тарбиялап, табитин өзгөртсөңөр болобу?

– Биз ашпозчу сыяктуу жаңы даамдарды тартуулап турушубуз керек. “Элге ушундай ырлар жагат турбайбы” деп бир өңчөй ырларды аткара бербей, изденип турушубуз зарыл. Жаңылануу киргизгенге аракет кылып келем.

– Карьера сиз үчүн...

– Менин оюмча, сүйгөн кесипти аркаласаң эч качан иштебейсиң. Жакындарым “кыз киши жакшы кесиптин ээси болушу керек. Жылуу-жумшак жерде эсепчи болуп иштейсиң” деп финансы техникумунда окутушкан. “Ушул окуу жайды кызыл диплом менен бүтүрсөң өзүң каалаган кесипти аркаласаң болот” дешкени стимул берди. Окуу жайды бүтөрүм менен дипломду ата-энемдин колуна карматып, көкүрөгүм самап жаткан каалоону орундатыш үчүн Искусство институтунун режиссура кафедрасына тапшырдым. Ырчы болуу кыялым коё бербей койду. Каякта кастинг болбосун биринчи чуркап жөнөчүмүн. Биздин муун “Фабрика звёзд”, “Народный артист” сыяктуу долбоорлорду көрүп чоңойду. Ошондо “мен дагы Москвага барып, кастингге катышып ырчы болом” деп ойлочумун. “Non-Stop” дуэтине кошулганым тагдырыма бурулуш жасады. “Кастингди эмне кыласың? Сахна кыз кишиге болбойт” деп жүргөн жакындарым чыгармачылыгым жемишин бере баштаганда колдоп башташты.

– Топ менен иштегенди сагынган жоксузбу?

– Ар бир мезгилдин жакшы жактары болот. Мага жашоомдун азыркы этабы жагат. Башында кандай болот деп коркуп жаткам. “Non-Stop” дуэтине келгенде 19 жашта болчумун. Ошол топто жүрүп чоңойдум. “Бул жакка барасыңар, муну кыласыңар” деген бирөөнүн жетегинде жүргөнгө көнүп калыптырмын. Жалгыз иштеп калганда кыйын болду. Бирок жарым жылдан кийин буга чейинки жашоомду бирөөгө артып койгонумду сездим. “Эми жашоомо, чыгармачылыкка болгон жоопкерчиликти өз колума алышым керек” деп иштеп баштадым.

– Сиз үчүн жашоону кийинкиге жылдырбай, азыркы тапта жашоо деген эмне?

– Карантин маалында 10 килограммга толуп кеттим. Мындан улам хейтерлер көбөйүп кетти. Маектерден качып, эч жакка чыкпай, толгонумду көрсөтпөгөнгө аракет кылып үйдө эле отуруп калдым. “Арыктаганда фотосессия кылам. Арыктаганда клип тартам” деп жашап калат экенсиң. Бирок бул туура эмес экен. Ошондо өзүмө чакырык таштап “ушундай темп менен кете берсең 50 жашта ойгоносуң. Жапжаш кезимде эмнеге ушинттим деп өкүнөсүң” деп өзүмдү колго алып спорт залга жазылдым. “Зона комфорта” дегенден чыкканга аракет кылдым. Бир жарнамага чакырып жатышкан, андан баш тартып жүргөм. Макул болуп тартылып, видеону жүктөсөм хейтерлер толтура болду. Алардын ачуу сөздөрү да керек болчу. Окуп алып “жок, мен андай эмесмин. Сөзсүз калыбыма келем, келбетиме, ден соолугума кам көрөм, жетишет” деп иштеп баштадым.

Башында хейтерлерге ыйлачумун. Чыгармачылыкта жүргөнүмө 10 жыл болуптур. Иммунитет пайда болду. Жакындарымдын, мени урматтаган адамдардын оюн сурайм. Кээ бирлер “ойлонуп калсын” дегендей атайын ар кайсыны жаза беришет. Андай сөздөргө сынбайм.

– Өз курагыңыздан жаш көрүнөсүз. Сырлары барбы?

– Сырлары деле жок. Туура тамактанам, жаман адаттардан алысмын. Спортко жакынмын. Көп жөө басканга аракет кылам. Апам экөөбүз ээрчишип алып сейилдейбиз. Карантин маалында туура тамактанбай калгам. Кайра өзүмдү колго алдым.

– Апаңыз тууралуу сөз болуп калды. Ал тууралуу айтып берсеңиз.

– Апам өзгөчө адам. Өтө мээримдүү, боорукер. “Сиз өтө эле боорукерсиз. Мындай кылсаңыз болмок” деп калабыз. Ал бизди ишеним менен тарбиялады. “Антпе-минтпе” деп чектеген жок. “Силерге ишенем, мени уят кылбайсыңар” дечү. Ушул принцип менен өстүк, ишенимин актадык. Сиңдилерим Мадина менен Медина “апам биздин тумарыбыз. Апам менен кайсы кастингге барбайлы сөзсүз өтүп кетебиз” деп айтып калышат. Ошондуктан апабыз ар бир жасаган кадамыбызда дайыма жаныбызда жүрөт. Бир жолу аларды Казакстандагы долбоорго чакырышканда апам “болду, Казакстанга көчөбүз. Мади менен Меди кыйналып калышпасын. Мен силер менен барам. Эч нерсеге кабатыр болбогула, баары жакшы болот, үй сатып алабыз” деген.

– Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар бар?

– Жакында “Барба” деген ырымды тартууладым. Карантин учурунда аялдарга карата зомбулук көбөйүп кетти. Көп учурда аялдар элдин, үй-бүлөнүн сөзүнөн чыга албай, арыз жаза албай же жазган арызын кайра кайтарып алганга мажбур болушат. Кордук көрүп жашай беришет. Ошол нерсени ырым аркылуу көрсөттүм. “Барба, ансыз деле жашай аласың. Биринчи орунга өзүңдү, бактыңды коюшуң керек. Жашоо бир гана жолу келет” деген ойду бергим келди.

Теле, радио жаатынан да сунуштар түшүп жатат. Жакында Бишкекте жаңы радио ачылат. Ошол жакка ди-джей катары чакырышты. Эртең мененки шоуну алып барам. Угармандар менен баарлашканды сагыныптырмын. Алар үчүн да, мен үчүн да кызык болот. Андыктан Жаңы жылда жаңы долбоорлордон көрүшөбүз.

– Маегиңизге рахмат! Ийгиликтерди жарата бериңиз!

Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
Чолпон Талипбек, ырчы: “Мага жашоомдун азыркы этабы жагат“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
ainura220888
2020-12-28 13:04:09
Озуда синдилерида аябай жагат
+6
jengoo
2020-12-28 14:11:42
3чу размерге чонойтоюн денен оюу бар бекен
0
Datka7777
2020-12-28 20:32:07
З0 жашка чыкканча оз тенинди эмес озунду таппай калган экенсин! Маселени жигиттерден эмес озундон изде анда
+5
Ais8
2020-12-28 21:08:19
30 жашка чыгыпсын тенинди таап турмушка чык эми
+3
Nursul
2020-12-29 10:04:17
Ой койгулачы ай көрүнбөй кеттиңиз десе үйдө жөн жатпай ушунча ыр жаздырдым клип тарттырып да жетиштим деп урдура беришет же сапаттуу ырлары жок тиякта эс алып келдим бийякта эсалып келейин деп жатам дегенинердин элге не кереги бар анын
+5
Isikkolumkeremet
2020-12-30 23:18:06
Азаматсын.нон стоп дуетинер тарап кеткени олло жаман ичим ачышты.соонун пара эленер.быйыл созсуз куйооого тием деген кинодо да сонун аткаргансынар
+2
Arlenchik
2021-01-01 22:07:08
Качан куйоого чыгары менен силердин ишинер эмне!Буйруган кунун чыгат да,сындаганга кыйынсынар,же бир озунор ошого татыктуу болсонорчу.
0
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан