"КООПСУЗ ШААР" ДОЛБООРУН ИШКЕ АШЫРУУДА ӨЛКӨ 20 МИЛЛИОН СОМ ЗЫЯН ТАРТКАН

Кыргыз жеринде “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүүдө мамлекетке 20 миллион сом зыян келтирилген. Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирүү фактысы аныкталганын аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка таянсак, 2018-жылы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети "Акылдуу шаар" долбоорунун компоненти болгон "Коопсуз шаардын" биринчи этабын ишке ашыруу максатында сынак жарыялаган. Сынактын жеңүүчүсү деп "К.Р.В." ишканасы табылган. Аталган ишкана транспорттордун агымы, видеобайкоого түшкөн маалыматтар жана жол эрежелерин бузуулар боюнча маалыматтарды атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен комплекстүү автоматтык маалымат кызматын көрсөтүү боюнча иштерди алып бармак.

– Ишкана менен түзүлгөн келишимде атайын техникалык каражаттарды орноштуруу, монтаждоо иштери белгиленген мөөнөтүнөн кечигип аткарылса, ар бир кечиккен күн үчүн туунду салынат деп жазылган. Бирок кызмат көрсөтүү боюнча келишимди аткаруу мөөнөттөрү бузулганына карабастан Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети аталган ишкананын мөөнөтүнөн өткөрүп жиберген күндөрүнөн 50 күнүн эсептеп чыгарып койгон. Мындан улам ишкана төлөп бериш керек болгон 20 миллион 171 миң сом толугу менен эсептен чыгарылып, мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирилген,- деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

23-декабрга карата чогулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганы белгилүү болду.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан