ӨКМӨТ: “ЖЕТИМ-ТОО КЕНИН КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ ӨЗҮ ИШТЕТЕТ”

“Жетим-Тоо темир кени Кытайга сатылды деген маалымат жалган, кенди мамлекет өзү иштетет” дейт Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев. Айтымында, аталган кендин тегерегиндеги талаш-тартыштар боюнча мамлекет бардык соттордон утуп чыккан.

– Учурда Жетим-Тоодо 3 миллиард 344 тонна темир бар. Темир кенин мамлекет өзү иштетет, бул боюнча улуттук долбоор түзүлөт. Ал эми башка инвесторлорго лицензия берилген жок. Инвесторлорду тартууну көздөгөн жокпуз, каражат Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан жана Евразия өнүктүрүү банкынан алынары күтүлүүдө. Долбоордун башталышына 200-300 миллион сомдой акча кетет. Бул каражатты биз долбоорго насыя катары алабыз, анын мамлекеттин тышкы карызына тиешеси жок. Биз Жетим-Тоо темир кени толук кандуу мамлекеттин долбоору болгудай кылып иштеп жатабыз. Ал Кыргыз өлкөсүнүн улуттук долбоору болуп, бюджет үчүн ири кирешелерди алып келиши керек,- деди Сагынбаев.

Коомчулукта аталган кен мамлекеттик карыздан кутулуу үчүн Кытай тарапка өтүп кетти деген сөздөр айтылып, талкуу жүрүүдө. Бийлик бул маалыматты четке кагууда.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан