ӨЛКӨДӨ 9 АЙДА 8 МИҢДЕН АШЫК ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК КАТТАЛДЫ

2020-жылдын 9 айында өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун 8337 учуру катталды. Бул тууралуу 22-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

– Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча 324 кылмыш иши козголду. 2019-жылдын 9 айында 584 иш козголгон. Жогорку Соттун маалыматына таянсак, жылдын биринчи жарымында сотко 71 иш келип түшкөн. Анын 35ине өкүм чыгарылды, бул иштерде жабырлануучулардын саны 49 адамды түздү,- дейт Мамытканов.

9 айдын жыйынтыгында милиция тарабынан берилген убактылуу коргоо ордерлеринин саны 7 миңди түздү, былтыркы жылдын 9 айында бул сан 5077 болчу.

Расмий маалыматка таянсак, 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айтып тийиштүү мекемелерге кайрылгандардын 85 пайызын аялдар түзгөн. Быйыл ноябрда Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн жыйында “2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылдын алгачкы 6 айында зомбулук 60 пайызга көп” деген маалымат айтылган. Үй-бүлөлүк зомбулук өлкөдөгү эң ири көйгөйлөрдүн бири болуп келет. Түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп, аялдардын укугун коргоо талаптары такай айтылып жатканы менен, статистикалык маалыматтар көйгөй жеңилдей электигин көрсөтүүдө.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан