Улуу Британияда COVID-19 илдетинин жаңы түрү катталды. Англия бийлиги вирустун бул түрү учурда дүйнө жүзү күрөшүп жаткан коронавирустан бир топ жугуштуу деп коңгуроо кагууда. Чет элдик ЖМКларга таянсак, аталган өлкөдө коронавирустун жаңы түрү көзөмөлдөн чыгып кеткенин, вирус тез жайылып жатканын, жарандар абдан сак болушу керектигин Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок маалымдады.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жаңы түрү боюнча Улуу Британия өкмөтү менен тыгыз байланышта экенин, кошумча маалымат берилерин маалымдайт. 22-декабрга карата 20 өлкө, анын ичинде Италия, Германия, Бельгия, Нидерланды, Болгария, Хорватия өңдүү Евросоюздун 14 мүчөсү Улуу Британия менен байланышты убактылуу токтотту.
22-декабрда Бишкекте Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова COVID-19 илдетинин жаңы түрү Улуу Британияда сентябрда пайда болгонун, кадимки коронавируска караганда 70 пайызга көп жугарын белгилеп өттү.
Жумабай Акимов