НОЙЕР «2020-ЖЫЛДЫН ЭҢ МЫКТЫ ДАРБАЗАЧЫСЫ» АТАЛДЫ

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Германиянын улуттук курамынын жана мюнхендик «Бавариянын» дарбазачысы Мануэль Нойерди «2020-жылдын мыкты дарбазачысы» деп тапты.

34 жаштагы дарбазачы 2020-жылы «Бавария» клубу менен Германия Кубогун, Германия чемпиондугун жана Чемпиондор Лигасын жеңген. Чемпиондор Лигасынын жыйынтыгы боюнча «Мелдештин мыкты дарбазачысы» деп табылган.

«2020-жылдагы мыкты дарбазачы» наамына жалпы 3 талапкер ат салышты. Алар: Мануэль Нойер («Бавария»), Алиссон Бекер («Ливерпуль») жана Ян Облак («Атлетико»).

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан