БИР БҮРКҮМ. 1 ЖЫЛДА 29 АДАМ ӨРТТӨН КАЗА ТАПТЫ...

  • Саламаттыкты сактоо министрлиги: “Алдыдагы шайлоолорду өткөрүүдө эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо үчүн атайын алгоритм иштелип чыкты”.
  • Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин вице-спикери кызматынан кеткенин расмий жарыялады.
  • Бишкекте 21-декабрда Кыргыз-Пакистан бизнес-форуму өтүп, билим берүү жаатында бир катар келишимдер түзүлдү.
  • Бишкекте көмүр жагылган меш жарылып бир келин каза болсо, анын жолдошу жана эки баласы ооруканага жеткирилди.
  • Сокулук РИИБинин опер кызматкери 100 000 сом пара талап кылууга шектелип кармалды.
  • “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын директору Элнура Жолдошева кызматтан кетти.
  • Үстүбүздөгү жылдын декабрына карата Кыргыз жеринде 1 миллион 78 миң 237 автоунаа бар.
  • Жылдызбек Турганбаев Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды.
  • 22-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 12 миллиард 729 миллион метр куб суу бар.
  • 2020-жылы Кыргызстанда жалпы 2425 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоодон 29 адам каза тапканы айтылды.
  • Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан 2021-жылы Кыргыз жерине иш сапары менен келүү ниетин билдирди.
  • 23-декабрга карата өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 79 659 адамга жетти, мунун 73 561и айыгып чыкты.
  • Белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев 22-декабрь күнү 62 жашка чыкты.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан