(Башы өткөн сандарда)
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жалпы тенденция
Уй жылы Жаачылар үчүн кызыктуу жана окуяларга жыш жыл болот. Жылдын башында эле өзгөрүүлөр орун алат, арасында жакшылары да, жамандары да болот. Бирок Жаачылар бардык кырдаалды өзүнүн ыңгайына жараша оңдоп кетүү жөндөмүнө ээ болушат. Дос, туугандын жардамы менен көп жакшылыктарга жетишмекчи. Жылдын биринчи жарымында жумушуңузга байланыштуу маселелер жаралат. Кесиптештер арасында пикир келишпестиктер орун алышына чейин жетет. Күз айларында мындай кырдаал турукташып, баары өз жайына келет. Ден соолукка байланыштуу маселелер жаралат. Бул учур жаз мезгилине туш келиши күтүлүүдө.
Жеке жашоо, үй-бүлө
Жеке жашоодо көңүл жылытарлык окуялар көп болот. Жаачылар бул жылы өз жашоосунун жакшы нукка бурулушун өздөрү колго алышмакчы. Түгөйлөр ортосунда майда-чүйдө пикир келишпестиктер байма-бай орун алып турат. Бойдоктор ушул жылы сүйүктүүсүн таап, кол кармашышат. Романтикалык кечелер, жолугушуулар май айынын аягы менен жай айларына туш келет. Айрымдар сүйүктүүлөрүн кызматтык өргүү учурунда же иш сапары менен башка жакка чыгып келүү учурунда кезиктириши ыктымал.
Ден соолук
Жыл башында ден соолук маселеси кабатыр кылбайт. Өнөкөт оорусу барлар да кыштын калган бөлүгүн оорубай өткөрүшөт. Маселе жаз айларында башталышы күтүлүүдө. Ошондуктан жөнөкөй суук тийүү болсо дагы жакшылап көңүл буруп, дароо дарылануу керек. Дем алуу органдары, өпкөнүн сезгениши, арка-бел, муун оорулары, бөйрөк жана заара жолдорундагы дарттар коркунуч жаратышы күтүлүүдө. Колдон келсе ушул органдарга этият болуңуз.
Акча
Жыл башында жумуштагы оорчулуктар көбөйөт. Тактап айтканда, жетекчилик тарабынан жүктөлгөн жумуштун саны көбөйүп, айлык маселеси мурдагыдай эле калтырылганы нааразычылык жаратат. Мунун аркасында стресс абал жаралышы күтүлөт. Айрымдар кызмат ордун же жумушун алмаштырууну ойлонушат. Комфорттуу зонадан чыгуу Жаачыларга ийгилик алып келмекчи. Жаңы жумуш тез эле финансы жаатын турукташтырып кетүүгө түрткү болмокчу. Ал эми бизнес ачууну пландап жүргөн болсоңуз, бул жылы даярдык көрүү менен гана чектелген оң.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жалпы тенденция
Текечерлерге Уй жылы жөнөкөй жылдардан болбойт. Ар түрдүү кырдаалдар орун алып, ак-кара бирдей жүрмөкчү. Астрологдор тагдыр чечүүчү бурулуш жасайм деп аракет кылбай турууну эскертишет. Бардык нерсе өз учурунда өз жайына келмекчи. Кыялыңыздын чукул болушу, агрессивдүүлүк сизге душман гана арттырмакчы. Ошондой эле дос-туугандын да көңүлүн калтырып алуу күтүлөт. Жумшарыңыз.
Жеке жашоо, үй-бүлө
Жеке жашоо олуттуу ойлонууларга түртөт. Жылдыздар акылдуу, баамчыл болууга чакырышат. Түгөй издеп жүргөндөр үчүн жыйынтыгы жакшы болуп, көңүлүңүздөгү адамга кезигесиз. Сүйүүгө балкып, сүйүктүүңүздүн көңүл буруусу баш айлантат. Бирок аны менен кол кармашып турмуш сапарына аттануу сиздин кыял-жоругуңуздан, кылган иш-аракетиңизден, мамиледен көз каранды болмокчу. Үй-бүлөдө майда турмуш тиричилигине байланышкан маселелерге нерв коротуп, алардын айынан уруш чыгара бербесеңиз эле, жашоо өз нугунда кете бермекчи.
Ден соолук
Ден соолугун чыңдоо үчүн көпчүлүк Текечерлер спорт менен достошууга өтүшөт. Чуркоо, эрте туруп сейилдөө, залдарга баруу же короого спорт аянтчасын уюштуруп машыгуу кадимкидей ырахат тартууламакчы. Пландуу жана пландалбаган күтүүсүз операция жасатуу орун алышы мүмкүн. Стресс жана депрессияга жумушта болгон кыйчалыш иштер, жанды сабап иштөө жеткирмекчи. Эс алууну унутпаңыз.
Акча
Финансы жаатын жакшыртып алууга мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ишкердикке көбүрөөк басым жасоо сунушталат. Улам жаңы идея келип, аларды ишке ашырууга жетишпей, күчтөнүп иштейсиз. Жетекчилик кызматтагы адамдар кол алдындагы кызматкерлерге жакшы мамиле жасап, сый акчаларды ыйгарып турганы туура. Бул жамааттагы баркыңыздын көтөрүлүшүн шарттап, командалык иш алга жылмакчы. Бирөөдөн карыз алууда же банкка насыя алууга барардан мурун сиз чын эле каражатка муктажсызбы, тыкыр ойлонуп чыкканыңыз оң. Алынган акчаны кайра кайтаруу керек экенин эстен чыгарбаңыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жалпы тенденция
Ачылыштардын жана өзгөрүүлөрдүн жылы болот. Ийгиликсиз жана окшош күндөрдөн тажаган Суу куярлар үчүн жашоонун жаңы барактары ачылат. Жалкоолорду жылдын кожоюну бардык нерседен куру жалак калтырат. Андыктан тер төгүп иштеп, жөн отурбаган Суу куярлар үчүн жыл ийгиликтүү болот. Туугандар арасында гармония орун алып, айланадагылар үчүн барк-баага ээ болосуз. Акылдуулук, тил табышуу жана дипломатиялык менен жаз алдында кирешелүү кызматка ээ болосуз.
Жеке жашоо, үй-бүлө
Жеке жашоо дагы жалпы тенденциянын жүрүшүндөй эле өзгөрүүлөр менен коштолмокчу. Жалгыз бой Суу куярларды жеке жашоосунда азгырыктар жана жалган сезимдер күтөт. Мындай көрүнүш жай айларына чейин уланмакчы. Жаңы таанышуулардан улам жаралган жоопсуз сүйүү сизди азап чегүүгө алып келгени менен, тунук сүйүү тартуулайт. Сүйүүгө жетем десеңиз, анда аракетти баштаңыз. Бирок үйлөнүү же турмушка чыгуу маселесин келерки жылга калтырган туура дешет жылдыздар. Ал эми үй-бүлөлүүлөр түгөйүнүн тилин таап, экөө тең кызыкдар болгон ишти алып барышканы туура. Бул алардын финансылык жагын бекемдөөгө да жардамын бермекчи.
Ден соолук
Ден соолукка байланышкан олуттуу маселелер жаралбайт. Күчкө толуп, энергияңыз көп болот. Бирок жаз айларында тамак сиңирүү органдарында маселе жаралат. Бул үчүн туура тамактануу, дарыгер тарабынан сунушталбаган азыктардан баш тартуу керек. Тиштерден акча үнөмдөбөңүз. Ооз көңдөйүн туура күтүү, тиштердин саламаттыгына маани берүү сунушталат. Өнөкөт оорусу барларда маселе күз айларында жаралмакчы. Дарыгериңиздин сунуштарын так аткарып, айрымдар пландалган операцияга моралдык жактан даярдана берүүсү оң.
Акча
Материалдык байлык өсүш алат. Бирок акчаны туш келди ар кайсыга чача берген Суу куярлар жыл аягында жакшы сунуштардан куру жалак калышат. Астрологдор дайыма запаста акча болуп турууну камсыздаш керек дешет. Анткени жыл аягында пайдалуу жана чоң бир нерсе сатып алуу мүмкүнчүлүгү жаралмакчы. Жалкоо жана тапканына шалаакы мамиле жасаган Суу куярларды ийгилик күтпөйт. 2021-жылдын кожоюну – Уй эмгекчил адамдарды сүйөрүн эстен чыгарбаңыз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Жалпы тенденция
Жылдын биринчи жарымы жумушта кадыр-барк күтүп, карьералык тепкичтен бийик көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Жетекчилик тарабынан сиздин жасаган ишиңиз мактоого алынып, жакшы кирешеге да ээ болосуз. Жумушсуздар кандайдыр бир туруктуу жумуш ордуна ээ болушат. Чөйрө менен болгон мамилени, кошуна-колоң менен ынтымакты бекемдөө сунушталат. Күмөн санаткан жолугушуулар, келишимдер, өнөктөштөр ийгилик алып келбешин эске тутуу зарыл. Бул жылы өзүңүзгө гана ишениңиз!
Жеке жашоо, үй-бүлө
Балыктарга жумушту жана жеке жашоону бирдей алып кетүү кыйындыкка турат. Баш оту менен жумушка кирип кеткендер жеке жашоосун унутуп коюшу мүмкүн. Ал эми жеке жашоосун ойлоп, түгөйүнүн мүдөө-талаптарын аткарам дегендер жумушунун көптүгүнөн көңүл бура албай нааразычылыктар жаралат. Сизге чыдамкайлуулук жана убакытты туура бөлүштүрүү керек болот. Ал эми үй-бүлөлүүлөр буга кошумча балдарга да убакыт бөлүүсү керек. Андыктан жубайлар ынтымакта ортодогу милдеттерди бөлүштүрүп алышканы туура.
Ден соолук
Ден соолукта жалпысынан маселе деле жаралбайт. Ошентсе да профилактикалык көнүгүүлөр, спорт менен машыгуу, дегеле ден соолукту чыңдоочу нерселерди адатка айланткан туура. Элдик медицинанын жардамына үмүт кылгандар дарыгерлер менен сөзсүз кеңешип алуу керек экенин жылдыздар эскертишет. Жай айларында инфекциялык оорулар тооруйт. Иммунитетти күчтөп, эл топтолгон жайларда көп кармалбай жана өзүңүздүн эле эмес, үй-бүлөңүздүн да ден соолугун ойлоону эстен чыгарбаңыз.
Акча
Материалдык жак орто заар өнүгүүнүн үстүндө болмокчу. Канча аракет кылсаңыз деле тапканыңыз белгилүү бир суммадан ашпайт. Андыктан кошумча жумуштарды караштыруу, бош жүргөндөр иш менен алектенүү, акчасын бейчеки чачкандар үнөмдөөнүн, сарамжалдоонун үстүнөн ойлонуулары керек. Ошондой эле ишкердик чөйрөсүн алмаштырбоо да сунушталат. Ар ким өзүнүн колунан келген ишин мыкты жана так аткарса, жыл бою каржы туруктуулугу орун алмакчы.
Гүлжан Асанкожоева