КМШ өлкөлөрүн багынткан JONY

Орустардын «Comedy Club» берүүсүн көрсөңүз керек. Андагы юмористтер Гарик Харламов менен Павел Волянын бир тамашасын эстедим. Жакында эле чыккан берүүсүнө ырчы Jony конок катары чакырылган экен. Анда Воля менен Харламов: «Jony’нин «Аллея» жана «Комета» деген ырлары интернетте миллиондогон кароого ээ болуптур. Биз бул ырларды угуп көрдүк, бирок күңк-мыңк дегендей эле болуп, ырлардын сөзүн түшүнбөй койдук. Залда отургандар, айткылачы, ким Jony’нин ырларын түшүнөт? Көрдүңбү, кол чабуулардын басаңдап калганына караганда 70 пайызы түшүнбөйт. Эмнеге акыркы күндөрү ырчылардын көбү күңкүлдөп-мыңкылдаган, арасында ...сүйүү-ү... же башка бир сөзү эле угулган ырларды ырдап калышты?»- деп ырчыны тамашага салып өтүштү. «Билбейм, мага баары эле түшүнүктүү» дейт Jony. Чынында Jony’нин ырларын түшүнгөндөр, түшүнмөк түгүл, сүйүп уккан жаштар көп. Эки жыл аралыгында бүтүндөй КМШ өлкөлөрүнө тааныла алган Jony’нин чыгармачылык чыйырына биз дагы кызыгып көрдүк.

Аты-жөнү: Жахид Гусейнли

Псевдоними: Jony

Туулган жери: Азербайжан, Баку шаары

Туулган жылы: 1996-жыл, 29-февраль

Жылдыз белгиси: Балык

Үй-бүлөдө: 2 бир тууган, агасы бар

Билими: Мамлекеттик башкаруу университети, Эл аралык бизнес факультети

Кесиби: ырчы, музыкант

Белгилүү ырлары: «Френдзона», «Звезда», «Аллея», «Без тебя я не я», «Лали», «Небесные розы», «Lollipop», «Комета», «Ты беспощадна», «Мир сошёл сума» жана башка

Лейбл: «Raava music company»

Дискографиясы: «Список твоих мыслей» (2019), «Небесные розы» (2020)

ТУУЛГАН КҮНҮ 4 ЖЫЛДА 1 КЕЛЕТ

Jony. Бул ысым шоу-бизнес чөйрөсүндө пайда болгонуна 2 жыл гана болду. Ага чейин ал Жахид Гусейнли болчу. Ондогон сейил бактардын, кооз фонтандардын шаары аталган Бакуда 1996-жылы Жахид аттуу уул жарык дүйнөгө келген. «Мен 29-февралга караган түнү 00:15те төрөлгөн экем. 29у төрт жылда бир келет эмеспи. Андыктан туулган күнүмдү 1-мартта белгилейм»,- дейт ырчы.

Жахид төрт жашка чыкканда үй-бүлөсү Москва шаарына көчүп келет. Атасы өз бизнесин түптөп, ишин балдары улантып кетүүсүн кыялданчу. Бирок улуу баласы тиш доктурлук кесипти тандаган. Жахид атасынын көңүлүн кыя албай Эл аралык бизнес факультетине тапшырат. Бирок анын кыялы башка эле...

БАКТЫСЫН АЧКАН ИНСТАГРАМ

Мектепте окуп жүргөндө эле музыкага кызыгып, кыңылдап ырдап, ыр жазганга, обон чыгарганга аракет кылчу. Бул кызыгуусуна атасы каршы чыкты. Анын ою менен жогорку окуу жайында башка кесипти тандаса да музыкага болгон кызыгуусун таштаган жок. Магистратураны бүткөндөн кийин атасынын компаниясында иштеп, кечкисин кафе-ресторандарга барып ырдайт эле. Белгилүү ырларды кавер аткарып Инстаграм баракчасына жүктөп, аз-маз болсо да күйөрман топтогон жигиттин «Звезда» ыры көптөгөн мактоолорго арзыган. Дал ушул ырды уккан жаш таланттарды таптаган «Raava Music Company» аттуу музыкалык лейблдин продюсери Жахидге байланышка чыгып, иштешүү сунушун киргизген. 22 жаштагы жигит атасын көндүрүп, чыгармачылыкка билек түрө киришет.

«МУЗЫКАДАГЫ ЖАҢЫ ЖҮЗ»

2019-жылы КМШ өлкөлөрүндө жашаган жаштардын көпчүлүгүнүн телефонунан «Френдзона», Пустой стакан», «Без тебя я не я» (HammAli & Navai менен биргеликте аткарган) деген ырлар жаңырып калган. Анан эле көпчүлүк

«...А я всё думаю о ней, о ней, о ней,

Нет никого мне родней, родней, родней...» деп ырдап калышты. Бул Jony кыялындагы популярдуулукка жетти, өзү жазган чыгармаларды сүйүп уккан күйөрмандарды топтоду деген нерсе эле. Чынында эле «Аллея» ыры Jony үчүн майлуу-сүттүү болду. Музыкалык чарттарды жаштардын сөзү менен айтканда «жарды». Учурда анын дээрлик бардык ырлары хит. Кичинекей балдардан бери «...Порш Панамера,

Океан по колено.

Что за манеры?

Танцует Макарена...» деп «Lollipop» ырын ырдап, бийлеп видео тартып калышпадыбы. Дал ошол ырдын аткаруучусу Jony (Гафур менен биргеликте аткарган).

Ырчынын ийгилиги акырындап наамдар менен бекемделип жатат. 2020-жылы Жара Music Awards сыйлык тапшыруу аземинде «Жыл жаңырыгы», ал эми OK! Awards аземинде «Музыкадагы жаңы жүз» наамын утуп алды. Бул 24 жаштагы ырчы үчүн чек эмес.

ЖАХИДДЕН JONY’ге АЙЛАНГАН

Jony’нин өзүнө жарашкан өзгөчө ырдоо стили бар. Романтикалык, сүйүү темасындагы ырларды көп аткарат. Тартынчаак сезилген, көздөрү күйүп турган жигиттин азырынча жүрөгү бош. «Апам сыяктуу үй-бүлөсүн мээримге бөлөгөн, балдарын түшүнгөн, колдогон, жароокер кызга жолуксам...»- дейт ырчы. Чынында эле Жахиддин кичинесинен ар бир кадамын колдогон апасы болгон. Кызыгы, анын Jony аталып калышы да апасынан улам.

Кичинесинде ал «Жонни Браво» деген мультфильмди жакшы көрчү. Ар бир сериясын кубалап көргөн баласын апасы мультфильмдеги каармандын атынан «Жонни, Жо» деп эркелетчү. Бул ысым мектепке барганда биротоло ага таандык болуп калды. Башка мамлекеттен келген Жахид 1-класска жаңы барганда орус тилин билбейт эле. Мектептин директору 3 айдын ичинде орус тилин үйрөнүү талабын койгон. Намыстанган Жахид орусчаны эле үйрөнбөстөн, классташтарына өз тилинде сүйлөөнү да үйрөтүп койгон. Бирок классташтары анын атын айта албай кыйнала беришчү. Ошондо ал «мени Jony дегиле» деп, апасы эркелетип чакырган ысымды мектепте да, чыгармачылыкта да псевдоним катары алып кетти. "Азербайжанда жашаган чоң ата-чоң энем эле Жахид дебесе, калган жакындарымдын баары Jony деп чакырышат. Бул атка өзүм да көнүп калдым окшойт",- дейт Jony.


Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан