Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы эки алтын, бир коло байгеге ээ болуп, ийгиликтүү кайтты. Балбан кыздарыбыздын өлкөбүздүн желегин желбиретип, атагын алыска чыгарышында ат көтөргүс эмгеги бар башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков биздин маек төрдө.
– Саламатсызбы, Нурбек агай? Куш келипсиз. Кыздарыңыздын жеңиши менен куттуктайбыз!
– Рахмат.
– Дүйнө кубогунда жыйынтык сиз күткөндөй эле болдубу?
– Пандемияга байланыштуу ноябрь айынан тартып мелдештерге чыга баштадык. Ноябрда Польшадагы эл аралык турнирге катыштык. Андан соң Стамбул шаарында машыгуулардан өтүп, улуттук курама командабыз күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнөлүк кубокко катышып келди. Кыргызстан жалпы медалдык эсеп боюнча Орусиядан кийинки экинчи орунду ээледи. Бул өтө жогорку жетишкендик. Европанын бир нече чоң мамлекеттеринин катышканына карабастан Орусия күрөштүн түрлөрү боюнча лидерликти бербей келет. Биз кичинекей мамлекет болсок да балбандар экинчи орунду ээлешти.
– Айсулуу Тыныбекова атаандаштарына эч мүмкүнчүлүк бербей, ири эсепте жеңип жатты. Атаандаштары күчтүү эле болдубу?
– Жалпысынан төрт беттеш өткөрүп, төртөөнү тең мөөнөтүнөн мурда жеңип чыкты. Айсулуу дүйнөдө күрөш боюнча 62 килограмм салмак ченинде лидер болуп эсептелет. Дүйнөлүк кубокто, Дүйнө чемпиондуктарында коло, күмүш медаль алган, Европанын чемпиону болгон белгилүү спортчулар менен беттешип жеңип чыкты. Бул Олимпиадага болгон даярдыгыбыздын толук кандуу өтүп жатканын айгинелеп турат.
– Дүйнө кубогунда кыздар арасында 10 салмак категорияда медалдардын топтому ойнотулду. Кыргыз өлкөсүнүн атынан башка салмак категорияда чыга турган кыздар жок беле?
– Кыргызстандын экономикасына байланыштуу өсүп келе жаткан кыздарыбызды алып барганга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Эмнеге 4 кызды эле алып бардым? Анткени алар өзүнүн деңгээлинде ийгилик жарата алат. Башкаларды жеңилирээк мелдештерге алып баралы, ошол жактан тажрыйба алышсын деп күрөшкө болгон каражатыбызды үнөмдөйбүз. Болбосо мага эч ким мынча спортчу алып бар деп айтпайт. Эгер мамлекет тарабынан каражат толук бөлүнсө аларды да чоң мелдештерге, эл аралык машыгууларга аралаштырсак жакшы болмок. Албетте, 10 салмактан тең кыздарыбызды даярдаганга мүмкүнчүлүк бар.
– Дүйнөгө белгилүү балбандарды өстүрүп чыгарган машыктыруучунун балалыгы кайда өттү? Спортко кантип келип калдыңыз?
– Мен өзүм Таластын (Талас району, Жерге-Тал айылы) атуулумун. Балалыгым айылда өттү. Атам совхоздун жылкысын багып, 6 жашка чейин тоодо өстүм. 1-класска Талас шаарындагы №1 кыргыз мектебине бардым. Анда кыргыз мектептен ошол эле болчу. Биринчи жолу 3-классымда эркин күрөш секциясына бардым. 10 жашымдан тартып райондук, 12 жаштан республикалык мелдештерге катыша баштадым. 15 жашымда СССР мамлекетинин курама командасына мүчө болдум. Чемпиондуктарга катышып, өспүрүмдөр арасында бир нече жолу коло медаль алгам. Чоңдордун курамына өтүп жатканда союз тарап кетти. Өлкө экономикалык жактан кыйын абалда эле. Ошол себептүү биз дүйнөлүк деңгээлде ийгилик жарата албай калдык. Ал эми Азия чемпиондугунда эки жолу күмүш байгеге татыгам. Бир нече эл аралык мелдештерде ийгилик жараткам. Кандай машыгып, канткенде ийгиликке жетерибизди түшүнүп, чоң спортко көзүм жетип, бирок орундалбай калган сезимдер көкүрөккө уюп калган. Ошол сезимдер мени коё берген жок.
– Машыктыруучу Нурбек Изабеков ким? Кесибиңиздин күнгөй-тескейин айтып берсеңиз.
– Машыктыруучулук – жеңил кесип эмес. Биринчиден, үй-бүлө, бала-чакаңдан алыс болгонго туура келет. Чет жакка чыгасың, Кыргызстанда болгондо деле 20 күндөп Ысык-Көлгө кетебиз. Өзгөчө бала-чаканы сагынабыз, алар атасын сагынат дегендей. Үйдөгү тиричиликтин баары жубайыма жүктөлүп калат.
Тилекке каршы, биздин өлкөдө машыктыруучулардын маянасы өтө эле аз. Эмгек акталбай калган күндөр болот. Федерация тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Кээде болбой калат. Күнгөйү – өзүбүздүн жүрөгүбүздөн чыккан кесибибиз. Чоң ийгиликтерди жаратканда бардык кыйынчылыктарды жууп кеткендей болот.
– Бир жылдын эсебинен алганда үй-бүлөңүзгө көбүрөөк убакыт бөлөсүзбү же шакирттериңизгеби?
– Бишкекте болгондо деле жалпысынан жумасына 6 күн, эртең менен 3-4 саат, кечинде 2 саат машыгуу өткөрөбүз. Спортчуларды калыбына келтирүү процесстери болот. Андан тышкары алардын адеп-ахлак, жүрүм-турумуна дагы көңүл бурабыз. Спортчу эл аралык мелдештерге барат, анын адамдык сапаты да жакшы болушу шарт. Китеп окутуп, жадакалса кашыкты туура кармаганды үйрөтүүгө да милдеттүүбүз. Машыктырып, калганын таштап койгон болбойт. Машыктыруучу педагог болушу керек.
– Жубайыңыз кесибиңизди жакшы түшүнсө керек?
– Жубайым медицина кызматкери. Эгер ал мени колдобосо машыктыруучу болуп иштей албайт элем. Эгер жубайым бала-чакамды карап, жеке тиричилигибизди аркалап, мага уруксат берип турбаса мен кайдан иштейт элем? Күйөөсүнүн айына 25 күн жок болгону бардык эле аялзатына жакпаса керек. Ийгиликтин 50 пайызы мени туура түшүнүп, бардык тиричиликти моюнуна алган жубайымдын эмгеги.
– Канча баланы тарбиялап келесиздер, спортко кызыккандары барбы?
– Чоң үй-бүлөбүз. 5 балам бар. Алды 20да, кичүүсү 2 жашта. Кичинекей кезинен чыйралып элет турмушун көргөндөр чоң спортчу болуп чыга алат. Шаарда баары даяр. Айылда суу ташып, жер айдап, мал багып, кичинекей кезинен эмгекке үйрөнгөн балдар шаардык балдарга караганда физикалык жактан күчтүү болушат. Балдарда чоң спортко болгон кызыгуу болбогондуктан билимге көп багыт беребиз.
– Машыктыруучулар көшөгө артында жүрүшөт. Эмоцияңыздар көпчүлүк учурда билинбей калат. Сезимдериңизди айтып берсеңиз.
– Спортчу атаандашы менен килем үстүндө күрөшө баштаганда биз дагы четте туруп кошо күрөшөбүз. Спортчу кандай күрөшүп жатса, ошонун баарына багыт берип турабыз. Мисалы, Айсулуунун бир кулагы менде болот, айткандарымды аткарат. Кээ бир кыздарыбыз уга албай, айтып жаткан ыкмаларды жасай албай калат. Кыйкырып жатып үнүбүз бүтүп калат. Спортчу сүйүнсө биз дагы сүйүнөбүз. Алардын ийгилигине эл ушунча кубанат, ага түздөн-түз тиешеси бар адам сезимдерди жүрөгүнөн өткөрөт. Ал эми ызаны да бирге тартабыз. Бул машыктыруучуга да катуу тиет. Өзүн колго албаса инфаркт алып калышы мүмкүн. Бул өтө оор нерсе.
Бразилияда болгон Олимпиадада Айсулууга ишеничибиз чоң болчу. Коло медаль үчүн күрөштө 5:0 эсебинде утуп жатып, 1 мүнөттүн ичинде медалды алдырып жиберип, катуу ыза тарттык. Келгенден кийин 2 айдай өзүбүзгө келе албай жүрдүк. Бул бизге чоң сабак болуп, эмнеден ката кетирдик баарын талдап, анализдеп, кетирген катачылыктарды оңдодук. Ошонун натыйжасында былтыр Дүйнө чемпиону болду. – Кыздарга машыктыруучулук кылууну тандаганыңызга эмне түрткү болду?
– Учурдагы федерациянын вице-президенти Байгазы Кенжебаев мага чейин кыз-келиндер курама командасында машыктыруучу болгон. 2010-жылы ал мамлекеттик спорт агенттигине директордун орун басары болуп кеткенде мени чакырып, “кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрсө болот, кайрадан үзгүлтүккө учурабасын, жакшы профессионал керек болуп жатат. Бул жумушту сиз алып кете аласыз” деп сунуштады. Машыктыруучулардын айлыгы абдан аз. Бирок ага чейин кычкылтек өндүргөн ишканада башкы директор болчумун. Азыр деле ошол ишти алпарып келем. Сунушка макул болдум.
Алгач ишти баштаганда Ысык-Көлдө машыгуу өткөрдүк. 15 күндө спортчулардын баарынын деңгээлин, жөндөмүн көрдүк. 2-3 мелдеш өткөрүп, реформа жүргүзө баштадык. Ал кезде Айсулуунун көрсөткөн жыйынтыктары деле жок болчу. Эрктүүлүгү, үйрөткөндү тез кабыл алгандыгы, машыгууга болгон жоопкерчилиги, айтор, ошол кезде бир эле Айсулууну көрө алдым. Жалгыз аны менен иштеп жүрүп, кийин Мээрим Жуманазарованы, анан Айпери Медет кызын алып келдим. Учурда кызыккандар көп. Өспүрүмдөр арасында да дүйнөлүк деңгээлде ийгилик жаратып жаткан кыздар бар. Кудай буюрса, Олимпиадага жолдомо алуучу мелдештерде, Олимпиадада ийгилик жаратууга кыздарда толук мүмкүнчүлүк пайда болуп калды.
– Кыздарга машыктыруучулук кылган оор болсо керек?
– Кыздардын мүнөзү назик. Эркек баладай кылып уруша албайсың. Кыздарга туура түшүндүргөнгө көп убакыт кетет. Эркектерден айырмаланып кыздарда угуу сезими өтө жогору. Кыздарды ишендирип мотивация бериш керек. Күрөш оор, кыйынчылыкка чыдаган эрктүү кыздар гана келет.
– Агай, маегиңизге чоң рахмат.
Динара Акимова