ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ЫРЛАРДЫН ТАРЫХЫ

Жаңы жылды бул ырларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Майрамдык маанайды ушул ырлар жаратат. Арасында бери жагы 40 жылдан бери эл оозунан түшпөй ырдалып келе жатканы бар. Сиздерди шаңга жетелеп, жаңы жылдык ырлардын тарыхы тууралуу кеп кылабыз.

Каныкей Эралиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:

“ЫРДЫН ЖАШАГАНЫНА 40 ЖЫЛДАН АШТЫ”

Жүрөк эргип кагылып,

Санат жеткис жаңылык.

Кирип келет аздан соң

Жаңы жылым жаңырып,

Жаңы бакыт агылып...

Бул саптар ар бир кыргызга тааныш. Эски жылдын акыркы мүнөттөрү кагылып жатканда теледен ушул ыр жаңырат, өзүбүз да ушул ырды ырдап Жаңы жылды тосуп алабыз. Залкарлар жараткан чыгарма жарым кылымдай эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Жаңы жылдын гимнине айланган ырдын аткаруучусу Каныкей Эралиева буларды айтып берди:

– “Жаңы жылды тосолу” ырынын сөзүн залкар акын Турар Кожомбердиев, обонун Кыргыз Эл артисти Сардарбек Жумалиев агабыз жазган. Ыр 1970-жылдары жазылган. Ошол кезде мен, азыркы сөз менен айтканда, жылдыз болгон окшойм. Сардарбек байке “бир ырым бар, ошону ырдап бер” деп калды. Жаздырып, радиого бердик. Ошондон бери жыл сайын жаңы жылдык кечелерде ырдап жүрөм.

Ырдын өмүрү узун болду. 40 жылдан бери элдин кулагына сиңип, Жаңы жылдын гимниндей болуп калды. “Мен кыргыз” дегендин баарынын жүрөгүндө, көңүлүндө жашаган ыр болду. Ырды жаздырып жатканда ушунча жыл жашайт деп ойлобоптурбуз. Мага “чоң апам менен чоң атам ушул ырыңызды жакшы көрүп угушчу эле. Бул ыр биздин балалыгыбыз” деп айтып калышат. Жаңы жыл бул ырсыз өтпөй турган деңгээлге жетти. Жакшы ыр ушинтип кылымдар жашайт экен. “Жаңы жылды тосолу” жаңы жылдык маанай тартуулайт. Сөзүндө жакшы каалоо-тилектер айтылып, элди жакшылыкка үмүттөндүрөт. “Соолубасын өмүрлөр, соо жүрөлү дешели” деп кандай сонун тилектер айтылып жатат. Ошондуктан элдин жүрөгүнөн орун алган деп ойлойм. Жаштар ырды ар түрдүүчө өзгөртүп ырдап жатышат. Бирок “Жаңы жылды тосолу” деген жери өзгөргөн жок. Жаңы жыл жакындаганда радиодо эртеден кечке бир жума бою ушул ыр ырдалган учур болду. Жаңы жыл тууралуу көп ырлар жазылды. Баары бир “Жаңы жылды тосолуга” жетпейт окшойт дейм.

Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти:
“ЖАҢЫ ЖЫЛ” ЫРЫН СЫЙМЫКТАНУУ МЕНЕН ЫРДАП ЖҮРӨМ”

Жаңы, жаңы, жаңы жыл,

Кубаныч жалпыга.

Жашоонун шамы бул,

Куш көңүл талпына...

Гүлнур Сатылганованын аткаруусундагы “Жаңы жыл” ыры дагы элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан, көп жылдар бою ырдалган ыр болду. “Бул мага ийгилик алып келген чыгармалардын бири” дейт ырчы:

– Ыр 2000-жылдары жазылган. “Жаңы жыл тууралуу ырым жок” десем, Кыргыз Эл акыны Кыялбек Урманбетов агай сөзүн жазып берген. Ал эми Кыргыз Эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев музыкасын жазган. Аранжировкасын музыкант Эркин Мээрканов жасаган. Сөзү да, обону да мыкты жазылгандыктан элге жакшы жетти деп ойлойм. 2009-жылы Жанета Баялиева экөөбүз жаңыртып ырдап чыктык. Жыл сайын жаңы жылдык кечелерде ырдайм. Бул мага ийгилик алып келген чыгармалардын бири болду.

“Жаңы жыл” ырын жаңы жылдык түндө “Ала-Тоо” аянтында бир нече жолу миңдеген көрүүчүлөрдүн алдында ырдадык. Аба ырайынын суугуна карабай эл алдына чыгып ырдап, түнкү саат 12:00дө Жаңы жылды аянтта тоскон учурлар болгон. Микрофон кармаган манжаларыбыз тоңуп калат эле. Ушундай жаңы жылдык концерт, кечелерде ырдап түнкү саат 12:00дөн кийин үйгө кечигип келчүмүн. Уулум, жакындарым менен Жаңы жылды чогуу тоспой калганыма кейип калчумун. Көрсө, биздин жумуш ушундай экен, эл эс алганда элдин маанайын көтөрүп биз кызматта болот экенбиз. Бир жолу да түндө концерттен чыгып, үйгө жетишип калсам экен деп шашып унаа айдап келе жатсам, үйгө жете электе салюттар атылып баштады. Көчөдө бир жан, бир унаа жок. Салюттар атылган сайын унаанын бир жерине тийип жарылып кетеби деп коркуп айдап келгем.

Негизи жакшы ырлар элдин эсинде калат, эч качан эскирбейт. Сөзүндө жакшы каалоо-тилектер айтылган ырлар дайыма актуалдуу болот эмеспи. Бул ырды бир аз жаңыртып бүгүнкү күнү да сыймыктануу менен ырдап жүрөм.


Майрамбек Осмонов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:

“АСЕЛ КЫДЫКОВАНЫН АТАСЫ БУЮРТМА БЕРИП УШУЛ ЫРДЫ ЖАЗГАМ”

Асмандан ак кар себелеп,

Айлана укмуш керемет.

Жан жыргап Жаңы жыл тоссок,

Бул күнгө эмне теңелет?..

“Кел, Жаңы жыл” ырынын жаралып, ырдалып жүргөнүнө 20 жылдай болуп калды. Жаралуу тарыхын ырдын сөзүн, обонун жараткан Майрамбек Осмонов мындайча айтып берди:

– Ырдын чыкканына 20 жылдай болуп калды. Асел Кыдыкова аттуу ырчы кыздын атасы мага келип, акчасын төлөп, “кызыма Жаңы жыл тууралуу ыр жазып берчи” деп калды. Ал киши кызынын өнөрүн көкөлөтүп, кызына ар тараптан колдоо көрсөтүп жүрдү. Көпчүлүк ата-энелер баласына андай колдоо көрсөтө алышпайт. Асел Кыдыкова өзү да аракетчил, алдыга озунган ырчы болду. Талантын ар тараптуу өркүндөтүп жүрдү. Асел бул ырга чейин эле Кубик Калыковдун чыгармалары менен таанылган. Кийин дин жолуна түшүп, ырдабай калды.

“Кел, Жаңы жыл” ыры теледен көп кетти. Айтканымдай бул буюртма менен жазылган ыр. Сардарбек Жумалиев, Бек Борбиевдин ырларындай ырдалып, “Жаңы жыл” болсо эле элдин эсине ушул ыр келе калбайт. Аны моюнума алам. Бирок “Жаңы жыл тууралуу ырың барбы?” десе “ооба, бар” деп койгонго жакшы. Кемчилиги болсо уккандар кечирип коюшсун. Азыр өзүм деле Жаңы жыл жөнүндө ырдабай калдым. Жыл сайын 1-2-январда концерт берем. Анда да “Жаңы жылыңыздар кут болсун” деп куттуктабай калдым. Ырды азыр ырчылар Айпери Кулбаева менен Венера Назаралиева ырдап жүрүшөт. Кыргызстанда мыкты 7 ырчы кыз болсо, алардын алдында турган мыкты ырчылар. Абдан жакшы, жагымдуу, сиңимдүү ырдашкан.


Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 942, 24-30 декабрь, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан