Роберт Левандовски бала кезинен тартып өз максатына жетүүгө умтулуп, дүйнөгө белгилүү футболчу болууну эңсеген. Каарманыбыз «2020-жылдын мыкты футболчусу» деп табылып, сыйлык үчүн күрөштө "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду менен "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Мессини артка калтырды.
1. СПОРТЧУНУН ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨ ТАРБИЯЛАНГАН
Роберт спортчунун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Польшанын футбол боюнча экинчи дивизионунда ойногон. Алгач футбол менен алектенип жүрүп, андан кийин дзюдо боюнча машыктыруучу болгон. Баса, спорттун бул түрү боюнча Польшанын чемпиону болгон. Атасы Кшиштоф бала кезинен Роберттин ден соолугуна кам көрүп, дзюдо менен машыгууга тыюу салган. Ал жети жашынан тартып футбол ойной баштаган. Варшавадан алыс жашаганына карабай ата-энеси аны күн сайын машыгууга алып барып келчү. Апасы Ивона дасыккан волейболчу болуп, кийин ал да машыктыруучулукка өткөн. Ал эми Роберт сүйүктүүсү Анна Стачурсканы спорт чөйрөсүнөн тапты. Ал 2009-жылы Польша чемпиону болгонун айтпаганда, каратэ боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээси. Карындашы Милена Левандовски профессионал волейболчу жана Польшанын U-21 курама командасынын оюнчусу.
2. КЫЙЫНЧЫЛЫК МЕНЕН БАШТАЛГАН КАРЬЕРА
Роберт бир аз төкөр, бир буту экинчисине караганда кыска болгон. Алгачкы машыгуусунда форма кийбей келгени аз келгенсип, беш жолу таамай узатылган пастын бирөөсүн да киргизе албай койгон. Талыкпаган машыгууларына карабай бир нече ирет ал айып аянтчадан атаандаштарынын дарбазасына гол киргизе алган эмес. Бул тууралуу бир кездерде Роберт ойногон Польшанын 4-дивизионундагы “Зинч” командасынын машыктыруучусу Михал Герман айтып берген.
3. АЛГАЧКЫ ИЙГИЛИК
Роберт Польшанын көзгө басар клубдарынын бири “Лехада” 2 жыл ойногон соң 2010-жылы дортмунддук "Боруссияга" өткөн. Трансфердик баасы 4 миллион 750 миң еврону түзгөн. Клубдун машыктыруучусу Юрген Клопп аны алмашууга (замена) гана коюп, курамдагы орун үчүн башкы атаандашы Лукас Барриос жаракат алган соң гана негизги футболчу кылган. Левандовски кийинки сезондо УЕФА тарабынан Бундеслиганын мыкты оюнчусу деп табылып, лиганын бомбардирлер жарышында Марио Гомес менен Хунтелаардан кийин 3-орунга жайгашат.
Кийинчерээк Германиянын Кубогу жана Чемпиондор Лигасынын биринчи жарым финалында “Бавария” менен болгон беттеште “хеттрик” жасайт. Ошондон тартып бардык журналисттердин көзүнө илинип, Робертке болгон кызыгуулары артып, мурун аны билген адамдарды издей башташкан. Левандовски менен иштешкен устаттары анын укмуштуу талантын бирин-серин эле адам байкаган деп ишендиришкен. Бирок бул анчалык деле чындыкка дал келе бербейт. Ийгилигинин сыры, ачкычы бир туугандардын колдоосу, күнүмдүк оор жумуштар экендигин ал өзү бир нече жолу баса белгилеген. Мурунку устаттары талантын дээрлик байкашкан эмес. Левандовски алар жөнүндө “жеке адамга таандык нюанстарга токтолгондо, машыктыруучулардын мени таң калычтуу көз караш менен караганы эсимде жок” деп айткан жайы бар.
Анын талыкпаган эмгегинин натыйжасында үч жылдын ичинде наркы 39 миллион еврого, башкача айтканда, тогуз эсеге көбөйгөн.
Жумабай Акимов