Бул айым жашоонун таттуусун да, ачуусун да татып көрдү. Турмуштун жүгүн өз моюнуна арткан жалгыз бой жаш келиндин 3 жашар кызын бешикке бөлөп коюп базарда манты саткан күндөрү да болду. Тагдырдын бурулуштарынан, сыноосунан татыктуу өтүп, өзүн нөлдөн баштап жасады. Азыр аны калың эл куудул, телеалпаруучу, ишкер катары тааныйт. Артынан билип-билбей ар кайсы сөздөрдү да сүйлөшөт. А бирок аны казып, жан дүйнөсүнө үңүлө алсаң сонун айым экенин баамдайсың. Канча жылдык эмгегинин үзүрүн көрүп жаткан Гүлжайна Атаканова сырлары менен бөлүштү.
– Гүлжайна айым, саламатсызбы? Эски жылдын сапары карып узаганы турат. Дүйнө элине оор жыл болду. Ошентсе да бул жылы кыялдарыңыз, каалоолоруңуз орундалдыбы?
– Саламатчылык! Кыргыз эли үчүн, дүйнө эли үчүн сыноого бай жылдардан болду. Бирок жашоонун баркын, адамдын баалуулугун билдик. Көпчүлүк мансапка манчыркап, башканы өзүнө теңебей, “тойлордон чарчадык” деп кесир сүйлөп калышкан. Ошон үчүн да Кудай көрсөттү окшойт.
– Карантин чыгармачылыгыңызга залакасын тийгиздиби?
– Карантин дүйнөлүк бизнеске залакасын тийгизбедиби. Бирок залакасын тийгизген күндө да сүйүндүм. “Ушул кыйынчылыктан улам адамдар оңолсо экен, бири-бирин сыйлап, жашоо кыска экенин түшүнсө экен” деген сезимдер болду. Чыгармачылыгыма залакасын тийгизген жок.
– Жакында үй той бердиңиз. Үйгө жетүү оор болдубу?
– Бул жыл оор болсо дагы жакшылыктардан куру калтырган жок. Кыялым орундалды, жашоомдо болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болду. Өзүңүздөр билгендей, декабрь айынын башында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен ак өргөөлүү болдум. Буга чейин “хрущёвка” тибиндеги батирде жашасам, эми чоң үйдө жашайм. Кыялымдагы үйгө жеттим. Үй алыш үчүн көп жыл иштедим. Буга чейин ата-энеме үй салып бергем, кичинекей болсо да өзүмө батир сатып алгам. Бул үйдү алыш үчүн 4-5 жыл иштедим.
– Батирлеп, курбуңуздун үйүндө жашап, кыйын күндөр башыңыздан өткөнүн айтып, көзүңүзгө жаш алдыңыз эле. Ошол күндөр өтүп, сизге да жаркыраган жашоо келерин сезчү белеңиз?
– Курбумдун үйүндө жашаган күндөрдү эч качан эсимден чыгарбайм. Бирок ачка-ток калып, кызым менен кыйналып жүргөндө да жеңилбегенге аракет кылчумун. Бирөөгө жалдырабаганга, жашоомдун жүгүн артпаганга, көз каранды болбогонго умтулчумун. “Сөзсүз жакшы жашоодо жашайм, мен күчтүүмүн” дечүмүн. Канчалык жүрөгүм сыздап, ооруп турса да алдыга умтула бердим. Кызым менен курбумдун үйүндө жашасам да бирөөгө жалдырабай, “курсагым ач, кийимим жок” дебей өзүм тытынып иштедим.
Алысты караганда парда тургандай болчу. Ошол парданы алып салсам эле жакшы жашоо келерин сезчүмүн. Татыктуу жашоо үчүн күрөшүп келгем, мындан ары да күрөшө берем.
– Жашоо-турмуш ары-бери калчап, сынаган учурда өзүңүздү кантип жоошутасыз? Сизди колдоп, колун сунуп турган жакын адамыңыз барбы?
– Турмуш – бул сыноо да. Ары-бери калчайт, сынайт. Андай күндөрдө “бул убактылуу гана, сөзсүз жеңем” деп өзүмө күч-кубат берип турам. Ар бир сыноону бакыт деп кабыл алам. Мындай учурларда ыйлаган күндөр болот. Бирок жеңилбейм. Колдоп, колун сунуп турган жакын адамым бар. Ошондуктан бактылуу айыммын.
– Темиш мырза деген сырдуу жигит сизге ким болот?
– Бул мырза мени колдоп, коштоп, жалгызсыратпай, ыйласам соороткон, дайыма жанымда жүргөн инсан. Анча-мынча күйөөлөргө караганда жүз эсе өйдө. Ичип, көчөдө жүрүп акча таппай, кайра үйүнө келип ызы-чуу салып, аялын сыйлабаган мырзаларга караганда өйдө. Жанымда ушул мырза бар үчүн күчтүүмүн. Эч нерседен тайманбайм. Өзү да “мен жаныңда жүргөндө эч кимден коркпо. Башыңды ылдый салбай көтөрүп жүр” деп дем берет. Ар дайым “сен күчтүүсүң, мыктысың, жакшы адамсың” деп жакшы сөздөрүн айтып, жашоого болгон көз карашымды жакшы жакка өзгөртүп, сүйүүмдү ойготуп турат.
– Социалдык тармактарда “Гүлжайна кош бойлуу экен” деген маалымат тарап жатат. Бул жакшы кабардын канчалык чындыгы бар? Сизди куттуктай берсек болобу?
– Ооба, мындай маалымат тарап жатат. Балалуу болуу башкы кыялдарымдын бири болчу. Ден соолугум жол бербесе ЭКО жолу менен болсо да төрөгөнгө аракет кылмакмын. – Азыр кош бойлуусузбу ошондо?
– Азырынча бул суроону жоопсуз калтырганым туура...
– Биздин гезиттин календарынын жүзү болдуңуз. Бул ишке ашпай калган максаттарыңыздын бири эле?
– Өткөн жылы пландалып, орундалбай калганда аябай капа болуп, 3-4 күн эч ким менен сүйлөшпөй депрессия болгом. Анткени элдин баарына “Супер-Инфонун" календарынын жүзү болом” деп жар салып койгон элем. Бирок “жашоодо баары болот турбайбы, буйрук экен” деген жыйынтык чыгаргам. Мага катуу сабак болду. Тилектер, пландар орундалганга чейин эч кимге айтпаш керек экен деп калгам. Былтыр орундалбай калган тилегим быйыл ишке ашып, “Супер-Инфонун” календарын кооздогонума кубанычтамын.
– Маек соңунда окурмандарга каалоо-тилегиңизди айта кетсеңиз.
– Элибизде барчылык, аманчылык, токчулук болсун! Келе жаткан Жаңы жыл кереметтүү, сыйкырдуу жылдардан болсун. Ушул убакка чейин жетпей жүргөн кыялдарыбыз 2021-жылы орундалсын. Жалгыздар түгөйлүү, балалуу болгусу келгендер балалуу, үйлүү болгусу келгендер үйлүү болушсун! Жаңы жылыңыздар менен!
– Айтканыңыз келсин! Маегиңизге рахмат.
Динара Абдыкадырова