УКМК ЖОГОРКУ СОТТУН ЖЕТЕКЧИСИН КЫЛМЫШ ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕ ТАРТУУГА УРУКСАТ СУРАДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүнү сурап Башкы прокуратурага жана Соттор кеңешине кайрылды. Маалыматты 26-декабрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

– “Жергиликтүү сот” АМС долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык иштер аныкталып, фактынын негизинде Жогорку Соттун кызмат адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын бул ишке тиешеси бар экендиги, ал төгүндөлгүс экени аныкталды. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага жана Соттор кеңешине Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө тартип комиссиясына сунуш берүү өтүнүчү келтирилди. Эгерде өтүнүч канааттандырылса Калиева кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мамлекеттик бийликтин бутагы болгон Жогорку Сот жана Соттор кеңеши өздөрүнүн позициясын жана бейтараптуулугун алдын ала аныктап алганы тынчсыздандырат. Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасында бардык жарандар мыйзам жана сот алдында бирдей,- деп айтылат УКМКнын маалыматында.

24-декабрда маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Соттун төрайымына карата кылмыш иши козголгонун, эгер Тартип комиссиясы уруксат берсе, ал кармаларын билдирген. Жогорку Сот Ташиевдин билдирүүсүн жоопсуз калтырган жок. Ушул эле күнү мекеме билдирүү жасап, “күнөөсүздүк презумциясы” тууралуу эскерткен. Жогорку Сот УКМКнын билдирүүсүндө “айтылган долбоор Европа биримдиги тарабынан ишке ашырылып жатат, тендерлерди жана иш аткаруучуларды тандоону эл аралык уюм өзү жүргүзүп жатат” деп белгилейт.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан