“БЫЙЫЛ СВЕТ ӨЧҮРҮЛБӨЙТ, КИЙИНКИ ЖЫЛ ООР БОЛОТ” ДЕЙТ АДИС

2021-жылы өлкөдө энергетикалык кризис күтүлөт. Бул тууралуу 29-декабрда “Кыргыз энергетикалык эсеп борбору” ишканасынын жетекчиси Таалайбек Байгазиев айтып чыкты. Эл электр энергиясын үнөмдөө боюнча чакырыктарды кулак сыртынан кетирбеши керектигин айтат адис.

– Быйылкы кыштан электр энергиясын чектөөлөрсүз жана жарыкты маал-маалы менен өчүрүүлөрсүз эптеп өтөбүз, бирок келерки жыл мындан да оор болот,- дейт ал.

Байгуттиев электр энергиясына карата тарифти көтөрүү керектигин айтат.

– Жакында электр энергиясын колдонуудагы лимитти көбөйтүү же аны биротоло алып салуу керектиги айтылды. Андай кылса да болот, бирок анда башка тарифтер болушу керек. Бардык эле мезгилде 1 киловатт-саат үчүн 77 тыйындан төлөнбөйт. Албетте, элдин жакыр жашаган катмарына социалдык тариф керек. Жеңилдетилген тариф коюп аларды коргоо керек. Бирок калган пайдалануучулар базар режиминде болушу кажет,- дейт Байгазиев.

Электр энергиясын пайдалануу өсүп жатканы үчүн тарифти көтөрүү, экономиканы бекемдөө, энергетикалык системди күчтөндүрүү зарыл деген ойдо адис.

– Тарифтер кескин эмес, ийкемдүү графиктин алкагында акырындык менен көтөрүлүшү керек. Коңшу өлкөлөрдүн баары тарифтерди көтөрүштү. Тарифтерди көтөрүү менен энергетикалык компаниялардын чыгымдарын азайтуу зарыл,- деди Байгазиев.

Айта кетсек, учурда эл электр жарыгынын 1 киловатт-сааты үчүн 77 тыйындан төлөйт. Бул тариф айына 700 киловатт-саат электр жарыгын пайдалангандар үчүн. Эгер 700 киловаттан ашык колдонулса, анда ар бир ашыкча колдонулган киловатт-саат үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Көпчүлүк өкмөттөн электр жарыгы үчүн бирдиктүү тариф коюп берүүнү, ал тариф 70 тыйындык деңгээлде болушу керектигин талап кылып келет. Ага карабай буга чейинки өкмөт башчылар Байгазиев айткан сунушту айтып келишкен. Электр жарыгына болгон бааны көтөрүү керек, ансыз энергетикалык системди оңдоо кыйын, Кыргыздагы тариф чөлкөмдөгү коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ арзан деген шылтоону бетке кармашчу.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан