ӨКМӨТ: “КОРОНАВИРУСТУН ЖАҢЫ ТҮРҮН ӨЛКӨГӨ КИРГИЗБӨӨ ЧАРАСЫ КӨРҮЛДҮ”

Мамлекеттик органдар аркылуу Кыргыз өлкөсүнө коронавирус илдетинин жаңы түрүнүн киришине жол бербөө чаралары кабыл алынууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жооптуу мамлекеттик түзүмдөргө башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары, анын ичинде түз транспорттук байланыштарга ээ болгон мамлекеттер менен коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнүн жайылышы, аны диагностикалоо жана дарылоо маселелери боюнча, ага өз учурунда жооп кайтаруу жана калктын коопсуздугун камсыздоо үчүн тыгыз иштешүү тапшырылганы айтылды.

Чек араларда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана башка коопсуздук чараларын көзөмөлдөө күчөтүлдү.

Тармактык органдарга үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медикаменттер жана тамак-аш боюнча кредитордук карыздарга жол бербөө, аларды максималдуу жабуу максатында саламаттыкты сактоо уюмдарынын чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

29-декабрга карата өлкөдө аталган илдетти жуктуруп алгандардын саны 80 535 кишиге жетсе, айыгып чыккандардын саны 75 057 адамды түздү. Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту дарылоо боюнча 5-протоколду даярдоодо.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан