СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Сен тубаса музыкантсың. Баары бир сенин ордуң сахнада. Убадаңды бер мага. Эч качан өзгөрүлбөйм деп убадаңды бер.
– А сен мени эч кимге алмаштырбайм деп убада бере аласыңбы?- деди Рустам кызганычын жашыра албай.
Айдана каткырып күлүп жиберди. Күлкүсү кайгылуу да, бир эсе ызалуу да эле.
– Убада бере албайм,- деди күлкүсүн токтотуп. Сен унут, баарын унут. Унутууга тийишсиң. Балаңды, аялыңды бактылуу кылууга тийишсиң. Эми экөөбүздүн жолубуз чындап эле бөлөк.
Рустам мындан ары чыдай албайт эле. Айдананын маң­дайынан бир жыттап алып, эшикке бет алды.

ххх

Аэропорт. Кыштын ызгаары бетин аймалаган кыз кайдадыр алысты тиктеп турду. Мына, жаңы жашоонун босогосу. Мындан ары бардыгы башкача болот. Көкүрөгүндө эч кандай толкундоону да, өкүнүүнү да сезген жок. Тек сүйүктүүсүнүн көз­дөрүн бир көрүп алгысы, акыркы жолу ак жол каалоону тилеп турду. Бир үшкүрүп алып, трап менен өйдө көтөрүлө баштады. Бир аздан кийин учак абага көтөрүлүп, алыстап барып, акыры биротоло жок болуп кетти. Ал эми андан алыс эмес жерде машинасынын ичинде асманды армандуу тиктеген Рустам отурган эле. Бир аздан соң ал дагы машинасын катуу айдап, белгисиз тарапка бет алды.
Мезгил бир жерге токтоп турбайт тура. Андан бери кыш беш жолу ак жамынып, беш жолу жаз келди. Өмүр дөңгөлөгү өз калыбында айланып жатты. Рустам жогорку окуу жайын бүтүрүп, иштеп, жеке адвокаттык контора ачканга жетишти. Мыкты адис, күчтүү адвокат катары таанылып, максатына жетти. Атасы менен апасын өлкөдөн өлкөгө саякаттатып, уул милдетин да мыкты аткарып жатты.
Сыртынан караган адамга бардыгы жайында болчу. Балким, баары жайында боюнча калмак. Эгерде бир окуя болбогондо...
Үйүнө кеч келген Рустамды уулу тосуп чыкты.
– Ата-а!
Кыйкырып, көзү жайнай түшкөн уулу атасы келери менен чуркап чыгып мойнуна асылмай адаты бар. Аркасынан чыга калган Айнура кучакташкан ата-баланы көрүп, бактылуу жылмайды.
– Келдиңби? Айдин улам чыга берип тажатып жиберди.
– Айдин, сен ушинттиңби?
Эркелете уулунун мурдунан жыттаган Рустам үйгө бет алды.
Жайма-жай чечинип, телевизорду иштетип, столдогу гезиттерди барактай баштады. Күйөөсү гезитти бир карап алмайынча келбесин билген Айнура ашканасына чыгып кетти. Акырын көз жүгүртүп келе жаткан Рустам тааныш өңдү көрүп, жүрөгү болк дей түштү. “Жергиликтүү кабарлар” деген рубриканын алдында Айдананын сүрөтү бадырайып турган экен. “Кыргызстандык көрүнүктүү ырчы кайрадан мекенине ийгиликтер менен кайтып келди” деп башталган кичине макаланы көз ирмемде окуп чыкты. “Келген экен да” бул кабарга күйөрүн же сүйүнөөрүн билбей турду. Анткени анын турмушка чыкканын, бактылуу үй-бүлөнүн ээси экенин уккан эле. Алгач кубанычтуу туйлап алган жүрөк, эми сызыла ооруп чыкты. “Кайдан да окудум эле?” деди кыжалат боло.
Ушул учурда чуркап келип моюнунан кучактаган уулун да капарына албады. Тамак ичип отурганын да сезип-сезбей, бир чекитти тиктеп отура берди. Чайды алам деп жатып, калдастап төгүп да алды.
– Сага эмне болду?- таңданган аялынын алдында уурусун карматкандай жалтаңдап кетти.
“Болду, мага эмне болуп жатат? Өзүмдү колго алышым керек” дегени менен, жүрөгү бир нерсени сезгендей дүрбөлөңгө түшүп жатты.

ххх

Дасыккан музыкант катары дагы деле Иман Исаевич окуучуларына сабак берчү. Лекциядан кийин бөлмөсүнө кирип бара жаткан аны тыкан кийинген, татына айым жолун тосту.
– Иман агай, саламатсызбы?
– Саламат.
Бүшүркөй тигилген Иман келиндин жүзүн тиктеп турса да, тааный алган жок.
– Тааныган жоксузбу?
– Тааныган жокмун.
– Мен Айдана эмесминби...
Иман көзүн жүлжүйтө тиктеп турду да, Айдананы тааный койду.
– Сен келдиңби?
– Келдим, агай, жакында эле келдим. Биринчи сизге жолуккум келди негедир.
Бир аздан кийин экөө кабинетте чай ичип отурушту. Ал-жайды, турмушту сүйлөшүштү. Иман Айдананын маанилүү нерсе айта албагандай кысылып турганын байкады.
– Турмушка чыктыңбы, кызым?
– Чыккам.
– Балдарың да бардыр...
– Кызым бар.
Иман таң калгандай суроолуу тигилгенине чыдабай кетти Айдана.
– Иман агай, сиз мени туура түшүнү­ңүз. Мен бир нерсени бүлдү­рөйүн деп келген жокмун. Болгону, бир жакын курбумдун өтүнүчү менен келдим.
– Мен сени неге жаман көрөт элем, кызым. Баарын түшүнүп турам.
– Айтыңызчы, сиз өлүм алдында жаткан адамдын өтүнүчүн жерге таштай алат белеңиз?
– Жок, керээзди аткаруу – ыйык милдет. Сен аны аткарышың керек, кызым. Антип өзүңдү күнөөлүү сезбе. Өзүңдүн элиң, өзүңдүн жериң. Келгениң жакшы болду. Азыр сендей таланттуу музыканттар өтө керек. Алар көпкө сүйлөшүп отурушту. Бирок Айдана Рустам тууралуу сурай албай, Иман ал тууралуу сөз баштай албай кыйналып жатышты. Биринин оозунан чыкса эле экөөнө тең оор болчудай болуп жатты.
– Айдана, мен сенин талантыңды баалайм. Кааласаң жардам берем. Билесиңби, карып бара жатам. Ордумда татыктуу, музыканы түшүнгөн адам калса деп ойлойм. Билесиң, азыр бизде андай адамдар аз. Ошондуктан чыгармачыл адам катары сенин келгениңе кубанып турам.
– Рахмат жылуу сөзүңүзгө. Баса, Рустамдын уулу чоңоюп калгандыр...
– Ооба, жүрөт бир тентек. Чоңоюп калды. Өзүң билесиң, мен Рустамдын кандай чоңойгонун көрбөй калдым. Ошондуктан неберем менен ар бир күнү чогуу болгум келет. Көрсө, бала деген бакыт экен. Баса, сенин кызың канчада?

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Nuray
2010-10-15 23:28:17
aylasyz syiyylör...,tungujuk syiyylör...ömyr boju öksygön, ordu tolbogon syiyylör...,boshtukta kooldop ötkön jetim ömyrlör...tajadym myndai syiyylördyn öröönynön...
0
zarya
2010-10-17 00:59:46
Nurai-oooomiy ukmush jazgansin go
0
Titi
2010-10-17 08:16:45
Да жакшы жазыптыр,азамат!
0
temirlan
2010-10-17 21:30:57
uff biakta dele tiakta dele az jazasunar negedir!!!!!!!!
0
№ 415, 15-21-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан