Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруудан баш тартты. Бул тууралуу 29-декабрда анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди. Адвокаттын үй камагына чыгаруу өтүнүчү орундалган жок. Сот чечимине ылайык, Фарид Ниязов 2021-жылдын 10-февралына чейин камакта калтырылган.
Фарид Ниязов 2019-жылкы Кой-Таш окуясына айыпталууда. Андан тышкары Жазык кодексинин 264-беренеси – массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча дагы айыпталып жатат. Ал Алмазбек Атамбаевдин, Сооронбай Жээнбековдун тушунда президенттик аппаратты жетектеген.
Жумабай Акимов