29-декабрда Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жалал-Абад облусунда 1 аптада 32 мас айдоочу кармалды.
Орусияда жасалма айдоочулук күбөлүк менен такси кызматын аркалап жүргөн Кыргыз жараны кармалды.
Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январда өтүүчү президенттик шайлоого карата 311 эл аралык байкоочу каттады.
АКШ Кыргыз өлкөсүнө 652 миң долларга кезектеги лабораториялык жабдууларды жеткире баштады.
24-декабрда коррупцияга шектелип кармалган “Бишкек башкы архитектура” кызматынын жетекчиси үй камагына чыгарылды.
Өлкөдөгү абактарга 800дөн ашык видеокамера орнотулганын 29-декабрда ЖАМКнын төрагасы Аскат Эгембердиев билдирди.
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Шайырбек Бопонов УКМК тарабынан кармалып, 2 айга камакка алынды.
Бишкек мэриясы миллион сомдон ашкан ижара акысын төлөбөй жүргөн компанияны сотко берди.
29-декабрга карата Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда абанын булганышы нормадан 5 эсе жогору экени аныкталды.
Нарында 27 жаштагы жаран Алабуга суусуна түшүп кетип изделүүдө.
Москвада 28-декабрда Кыргыз жараны үйдүн чатырында кар тазалап жатып кулап, каза тапты.
Казакстан коронавирус пандемиясына байланыштуу чек арадагы чектөөлөрүн күчөтөт.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.