Ильяз Абдыразаков, ырчы: “ЖҮРҮП ТУРГАН УНААНЫН БААРЫ ЖАКШЫ. ҮЛГҮСҮНӨ КӨҢҮЛ БУРБАЙМ”

“Унааны карап ээси тууралуу билсең болот” деп айтып калышат. Chrysler 300C унаасын зуулдата айдаган ырчы Ильяз Абдыразаков темир тулпары тууралуу айтып берди. 20 жылдык айдоочулук тажрыйба топтоп койгон ырчы мырзанын маегине көз чаптырыңыз.

Унаасынын үлгүсү – Chrysler 300C

Чыккан жылы – 2005-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 2700 сантиметр куб

Жогорку ылдамдыгы – саатына 220 чакырым

Түсү – кара

Баасы – 5000 доллар

– Ильяз, салам! Рулда жүргөнүңүзгө канча жыл болду? Эң биринчи жолу рулга отурганыңызды эскерип кетсеңиз...

– Эң биринчи унаа айдаганым анык эсимде жок. Бирок кичинемде УАЗ деген унааны айдаганым эсимде. Ошондон кийин машина айдап кетишиме көзүм жеткен. Анда мен 6-класста окучумун, биринчи гастролдорго чыга баштаган кезим болчу. Ошондо жалпы айдоочулук тажрыйбам 20 жылга чукулдап калыптыр.


– Бул канчанчы унааңыз? Эмне үчүн бул маркадагы унааны тандап алдыңыз? Канча жылдан бери айдап келе жатасыз?

– Азыркы унаамды 2 жылдан бери айдап жүрөм. Унаанын маркасына өтө деле көңүл бурбайм. Себеби көздөгөн жериңе жеткирип турса ошондон өткөн унаа барбы? Ал эми бул 16-унаам экен.


– Унаанын техникасын түшүнөсүзбү? Же сатып аларда башкалардын жардамына муктаж болосузбу?

– Түшүнүгүм жакшы эле. Өз колум менен оңдой албасам да, кайсы жеринде мандем бар, кайсы жери бузулуп калганын жакшы түшүнөм. Кандай иш болбосун, “кеңешип кескен бармак оорубайт” демекчи, сөзсүз бирөө менен кеңешип койгон туура деп ойлойм.

– Кандай үлгүдөгү унаалар жакпайт?

– Жүрбөгөн, тетиктери бизде кездеше бербеген, зыянынан пайдасы жок, көп чыгымга учураткан унаалар эч кимге жакпаса керек. Негизи ушул жактары жок болсо кайсы үлгүдө экени маанилүү эмес. Баары эле жагат.

– Унаанын түсүнө көңүл бурасызбы?

– Көңүл бурчу эмесмин. Бара-бара кайсы түс ысык тартарын, бат кирдээрин билип калат экенсиң. Бирок ар бир түстүн өзүнчө өзгөчөлүгү бар.

– Кыялыңыздагы айдагыңыз келген унаа барбы?

– Кыялымда унаалар көп. Бирок көпчүлүк өзүнүн унаасын жакшы көрсө керек.

– Сизди унаа менен “ооруган” мырзалардын катарына кошсо болобу?

– Жок. Чыгармачылык, ыр, обон менен ооруп эле жүрө берейинчи (күлүп).

– Кандай айдоочусуз?

– Жол эрежелерин сактап, жакшы айдоочу болгонго аракет кылам.

– Айдоочулук күбөлүктү окуп алдыңыз беле же?..

– Окуп алгам. Мыйзамды бузбаганга аракет кылган, мыйзамды сыйлаган жаранмын.

– Жолдо жүргөндө күйөрман кыздар тийишип калышабы?

– Тескерисинче, унаада бараткандар кыздарга тийишип калышат го (күлүп).

– Түшүнүктүү. Көпчүлүк мырзалар унаасын жадакалса аялдарынан кызганып айдатышпайт. Сизчи?

– Мен айдата берем. Болгону бир аз абайлап, байкап, анан өзүм жанында жүрүп гана айдатам.

– Темир тулпарыңызды кандай сөздөр менен эркелетесиз?

– Эркелетпейт экем (күлүп).

– Унааңызга кандай кам көрөсүз?

– Болгону убагында мотор майларын которуп, алмаштырчу нерселерин убагында алмаштырып туруш керек.

– Сиз эң катуу айдаган ылдамдык?

– Азыр мен мынча ылдамдыкка чейин жеткирип айдадым десем, окурмандар кызыгып “мен андан катуу айдап көрөйүн” деп кооптуу учур жаратышы мүмкүн. Ошондуктан 100, 120дан өтүп айдоонун кереги жок деп эле айтып коёюнчу.

– Кырсыкка кабылган учур болгон жок беле?

– Болгон. Бир жолу Орусияга баратып жолдун четиндеги шагылдан тайгаланып кеткен. Унаа токой аралап барып, түтөп токтогон. Эч ким эч нерсе болгон эмес. Машина жабыркаган.

– Рулдагы айымдарга көз карашыңыз?

– Жакшы эле көз караштамын. Аялзаты айдап баратса жагымдуу көрүнөт. Жолдо жүрүү эрежелерин туура сактаса андан да жакшы болот.

– Чыгармачылыкка да токтоло кетсеңиз...

– 2021-жылга карата пландар толтура. Күйөрмандарды жаңы ырлар, клиптер менен кубандырам.

– Маек соңунда окурмандарга Жаңы жылга каалоо-тилегиңизди айта кетсеңиз...

– Жаңы жылды сыйкырдуу майрам катары күтөбүз. Баарыбызга оор болгон эски жылдан сабак алып, капа болбой узатып алалы. Жаңы жыл ырыс-кешик ыроологон жакшы жылдардан болсун. Башыбыз аман, ден соолугубуз чың болсун!

Жаңы жылды үй-бүлөм, жакын жоро-жолдоштор менен тособуз, буюрса.

– Маегиңизге рахмат. Жолуңуз ар дайым шыдыр болсун!

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Aimani
2021-01-04 13:08:09
Скромный экен го
+5
mmdina2013
2021-01-04 14:48:02
Сразу видно простой парень без понтов
+7
mela
2021-01-04 18:13:11
50мин$ айдаса да жарашмак. Азамат
+4
Guli-85
2021-01-06 08:12:07
Эң жөнөкөй маек мактануу деген жок. Азаматсың Ильяз сага чыгармачылык ийгилик
+1
aizirek9494
2021-01-08 20:54:39
Азамат! Ильязды кичинекей кезден бери угуп, сыйлайбыз.
+2
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан