Нуриза Бектурова, вайнер: «ЖИГИТИМ ҮЧҮН АКТРИСАЛЫКТЫ ТАШТАДЫМ»

Клиптердин көркүн ачып жүргөн таланттуу кыз Нуриза Бектурова актрисалыкты таштаганын айтат. Көпчүлүккө кызыктуу вайндары менен таанымал болуп жаткан кыз-жигит вайнерлер Медер жана Нуриза ушундай чечимге келишкен. Эмнеден улам сүйгөн кесибин таштаганын Нуризанын өзүнөн угалы.

– Нуриза, салам. Сени «клиптердин ханышасы» деп атап койсок болчудай. Канча клипке тартылдың?

– Саламатчылык! Кичине кезимден эле чыгармачыл чөйрөгө кызыкчумун. 17 жашымдан баштап клиптерге, тасмаларга тартылып келе жатам. Жалпы 30дан ашык клипте образ жараттым. Кесибим боюнча экономистмин, бирок бул тармакка такыр кызыкпайм. «Баягынын кызы окубай жүрөт» деген сөз болбошу үчүн эле тапшырып койгом. Быйыл дипломум колго тийди. Балким, үй-бүлөлүү болгондон кийин кесибим менен иштээрмин. Азырынча өзүм кызыккан чөйрөдө иштеп жатам. Модель, актриса болчумун, учурда жигитим Медер экөөбүз вайн тартып жатабыз.

– Эң биринчи клипке кантип тартылып калдың эле?

– 17 жашымда Нурмат Садыровдун «Кыргыз кызы» деген клибине тартылдым. Инстаграмдан өзү мага жазып калды. Ага чейин кыргыз көйнөк кийип мода көргөзмөлөрүнө катышкам, ошондон көрүп жазыптыр. Алгач менден кыргыз көйнөк сурады. Анан «сен да тартылып берип койчу» деди. Макул болуп, Суусамырга бардык. Мен аттарды көрөрүм менен минип, тоо тарапка чаап кеткем. Ошондо «сен атты укмуш чабат турбайсыңбы» дешип, башкы ролду сунуштап калышты. Улам-улам клиптерге тартыла берип, саны 30га жетип калыптыр.

– Актриса болом деген олуттуу оюң барбы же хоббиби?

– Сериалдарга, тасмаларга сунуштар түшүп жатты. Жан дүйнөм актрисалыкты аябай каалайт, бирок баягы эле элибиздин менталитетинен алыс кете албайт экенсиң. «Күйөөсү уруксат бербейт. Кыз кишиге бул кесип болбойт» деген сөздөр менин жашоомдо да орун алды. Жигитимдин каалоосу менен актрисалыкты таштайын деп чечтим. Кинолорго да катышпай калдым. Түндө калып, шаардан сырткары чыгып тартылып жүргөнүмдү көрүп жактырбай жүрдү. «Токтотчу ушунуңду» деп суранды, мен макул болдум. Бирок ушул чөйрөдөн алыстабайбыз, вайн тартып жүрөбүз.

– Жигитиң вайн тартканга макул болуп, актрисалыкка каршы чыктыбы? Экөөң тең элдин көз алдында болуп жатпайсыңарбы?

– Вайн тартканда экөөбүз элебиз да (күлүп).

– Анда Медер тууралуу сүйлөшөлү, вайндардын идеясы аныкы окшойт, ээ?

– Медер экөөбүз теңбиз, бир тайпада окучубуз. Экөөбүз алгач дос болуп жүрүп, кийин аябай жакын болуп кеттик. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 5 жыл болуп калды. «Вайн тарталы» деп башында Медерге айтсам көңүлдөнгөн эмес. Кийин кайра өзү сунуштап калды. Биринчи вайныбызды тартып
жарыялаганда эл аябай жакшы кабыл алды. Ошондон улам тартып баштадык. Медер көп жыл КВНде ойногон. Идеялар, күлкүлүү нерселерди жаратуу анын башынан чыгат. Экөөбүз бир дубль менен эле тартып салабыз. Кээде өзүбүздүн жашообуздан алабыз. Азыр бул нерсе хоббибиз, Медердин өзүнүн жеке иштери бар.

– Жигитиңди элдин алдына чыгарып тарттырып жиберем деп ойлогон жоксуңбу? Азыр ал таанымал болуп кетти окшойт.

– Экөөбүз 5 жыл сүйлөшүп жүргөн убакта бир да жолу башка кыз менен таанышып, жазышканын көргөн жокмун. Мен ага толугу менен ишенем. 5 жыл аралыгында ал менин ата-энемди таанып калды, мен аныкын тааныйм. Ата-энем вайндарыбызды көрүп «Медерди урушуп эле басып жүрөсүң, кайын журтуң сени албайбыз деп чыкпаса болду» деп күлүп калышат. Вайндардан улам Медер мени көбүрөөк жакшы көргөндөй, мен ага эркелей бергендей сезилет экен. Мен эрке деле эмесмин, болгону образ ошондой. Экөөбүз бирдей эле бири-бирибизди сүйөбүз.

– Медерде сен оңдогуң келген сапат барбы?

– Бар, кызганчаактыгы. Ошонун айынан тасмаларга тартылбай калдым да. Калган эч нерсесин оңдогум келбейт, кандай болсо ошондой жактырам.

– Модель катары да чыгып жүрөсүң, ал жагы кандай болот?

– Мектепте 9-классымдан баштап сулуулук сынактарына катышып жүрдүм. Кийин Айкөл Аликжанованын моделдик курсун бүтүрдүм. 1-курста мода көргөзмөлөрүнө чыгып жүрдүм. Көп жолу сулуулук сынактарына катыштым. Тажрыйба топтоп алып «Кыргызстан сулуусу-2018» сынагына катышып, биринчи орунду жеңдим. Бирок ушунун баарынан көңүлүм калды. Анткени мен катышкан сынактардын баарында тааныш-билиш болуп, сыйлык сатылып кетет экен.

– Сен биринчиликти алдым деп жатасың го?

– Мага уялганынан эле биринчиликти беришти. Баш байгени башка кыз утуп алган. Майда-чүйдөсүнө чейин айткым келбейт, бирок биринчиликти өз күчүм менен алгам.

– Маегиңе рахмат! Силерден кызыктуу вайндарды күтөбүз.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Нуриза Бектурова, актриса, вайнер: “Жигитимдин талабы менен клип, тасмаларга тартылбай турган болдум“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
assanov97
2021-01-04 09:45:45
Жигити патцанго
+4
assanov97
2021-01-04 09:46:11
Жигити укасындвйле корунот экен
+2
Luna15
2021-01-04 17:28:30
Жигитим,жигитим деп эле жаман болдуго,эми экоо уйлонушсо экен,5,6 жылдан ашык суюшуп жургондор башка мн турмуш куруп кеткендерин коп эле кордум
+4
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан