(Башы өткөн саныбызда)
– Анан ошол. Өзүң айтпадыңбы “калп эле билмексен болбой байкап көр, сокур эмессиң да” деп. Сенин сөзүң мени ойлонтуп койду. Акыры-ын байкаштырып көрүп, мага ким кызыгып жатканын түшүндүм да, түз эле барып кепке тарттым.
– Анан?
– Эмнеле анан, анан деп калгансың? Эми ошол кызды, анын курбусун алып, шаардагы бир досум менен Ала-Арчага барып эс алып келмекчи болдук.
– Аа-аа, сен белең? Мен болсо кайдагыларды ойлоп кыжырым кайнап...
– Токто, токто, ушул жерин жакшылап түшүндүрчү. Ким деп ойлодуң?
– Айтпайм.
Арстандын Асел менен сүйлөшүп, келишип, тоого эс алып келүүгө чакырганы эми мээме жетип, тултуя терс бурулуп кеттим. Жанагы Айдар бирдемени билгендей... Асел менен сүйлөштү деп эмнеге капа болушум керек? Же чын эле мен Арстанды кызганып жатамбы? Ой, жок! Мындай болушу мүмкүн эмес, эч качан болбойт! Жок!
ххх
Менин туулган күнүм 13-ноябрда. Бул күнгө аз убакыт калганда Арстан билеби, жокпу, өзүм айтып эле койсомбу же туура эмес болуп калабы деп ичимден толгонуп жатып чарчадым. Классташтарым, дос-курбуларым тээ кичине кезимден бери куттуктап, атүгүл мектеп окуучусуна ылайык келбес белектерди алып келип кубантышат. Айрым жигиттердикин, мисалы, Айдардын белегин алгым келбей кыйылчумун. Бирок... Апам каза тапкандан бери үйүбүздө менин туулган күнүмдү белгилеп көрө элекпиз. Атамдын колунан белек ала элекмин. Качан туулганымды эсинен деле чыгарып салса керек. Өз атам эстебеген соң Ажарга эмнеге айтмак элем, эртең туулган күнүм деп. Ошентип, достор, сыртымдан бактылуу болуп көрүнүп, эч кимге сыр алдырбаганым менен, ичимде өксүгүм көп. Эми Арстан кошулду. Бул баладан баарын күтсө болот. Менин туулган күнүмдү ушуга чейин сүрүштүрүп көрдү бекен? “Эртең менин...” деген сөздөр тил учунда турса дагы, намыстын кайсы бир ичке кылдары тартып, айтор, Арстанга эч нерсе дей албай уктап калдым.
Уйкудан көзүмдү ачарым менен бир нерсенин өзгөрүп калганын туйдум. Эмне болгон? Башкача бир жымжырттык өкүм сүрүп турабы? Жаздыктан башты ыкшоо көтөрүп, анан көргөн көзүмө ишенбей ыргып турдум. Ичики-ий! Терезеге ийилген бак-шактын баарын апапак кар чулгап калыптыр. Мына сага сюрприз! “Айдай, туулган күнүң менен. Көңүлүң дайыма ушул аппак кардай ак болсун!” Ичимден өзүмдү-өзүм куттуктап, бүгүнкү күндөн көп кызыкты күткөн жаным шаша-буша кийинип алып тышка чыктым. Короого чыгарым менен желкеме күп деп кар тийбеспи. Чочуп кетип кылчайсам Арстан турат жылмайып. Кандай жакшы, эртең менен уйкудан жакшы маанай менен ойгонуп, анан ушул жүздү көргөн.
– Уйкучу, качан чыгат экен деп мобул бактын астында аңдып отуруп тоңуп калдым. Үшүп калат деп ойлогон жоксуңбу?
– Кар жаап жатканын билсем, сенден мурун туруп, желкеңе эмес, бетке чапмакмын кар менен. Жок, жакшысы койнуңа салмакмын.
– Азыр деле кеч эмес.
Сөзүн айтып бүтө электе жүгүрүп келип карга басып жыгылды.
– Арстан, токто дейм. Камынтпай басып калган болбойт да. Токто дейм!
Оюндун кызыгына кирип алган экөөбүз күрмөсүн желбегей жамынып, бизди карап күлүп турган атамды да байкабаптырбыз. Чачтарымды саксайтып тура калсам эле маңдайымда атам турат. Шашып кеттим.
– Туулган күнүң менен! Менин сары кызым билинбей он бешке чыгып калган тура, келегой, бетиңден өөп коёюн.
Атамдан мындайды күтпөгөм. Көзүмдөн жаштар куюлуп кетти.
– Арстан болбосо, курган Ажар экөөбүз быйыл дагы унутуп коймокпуз. Күн сайын календарды карабасаң, канчасы экенин деле жадыңдан чыгарып жиберет экенсиң. Арстан үч күндөн бери апаң экөөбүздү кошо шаштырып, катуу даярдык көрдү. Бактылуу, өмүрлүү бол, көпөлөгүм.
Билген экен! Өзүм айтпасам да сураштырып билиптир да! Кандай акмакчылык, ээ? Атам тигинтип канча жылдан бери эми куттуктап жатса, мен Арстан туулган күнүмдү билет экен деп кубанып жатам. Кандай гана акмакчылык?!
– Рахмат, рахмат, ата.
Башка кеп айта албадым. Азыр эле кыткылыктап ойноп жаткан жаным заматта күлкүм токтоп, үйгө киргиче шаштым. Үчөө салтанаттуу куттуктап, мага алтын сөйкө белек кылышты. Аялдардыкындай эмес, жаштарга ылайык, жакшынакай сөйкө экен. Сыягы, Арстан тандаган көрүнөт, ыраазы боло тагып алдым.
– Ушуну менен эле сюрприздер бүтүп калат деп ойлодуңбу?
Мектепке жөнөгөнүбүздө Арстан ийни менен түртө көзүн кысып тийишип калды.
– Жок, бүтпөйт. Азыр мектепке барганда көрөсүң.
– Эмне, белек берчүлөрдүн саны көппү?
– Кезек күтүп калышат.
Тамашалай жооп берип, жүзүнө тиктесем, мурчуюп калыптыр. Анан бир нерсени эстеп кеттиби, кайра жарк дей түштү.
– Айдай, тигини карачы!
Көчө тарапта жыгачтан жасалган кенен отургуч боло турган. Ошонун үстүндө кичинекей кутуча жатыптыр.
– Ал эмне?
– Барып ачып көр да.
– Магабы?
Ала салып кутуну ачсам, кичинекей жылдыз илинген чынжырча бар экен. Күлүңдөгөн Арстандын колунда экинчи жылдызча менен чынжыр туруптур.
– Бул жөн жылдыз эмес, кош жылдыз. Бири сенин, экинчиси менин моюнумда жүрөт. Туулган күнүң менен!
– Рахмат.
– 13-ноябрда туулганыңды угуп алып “өлдүм” дедим.
– Неге?
– Дегеле чаян дегендин өзү коркунучтуу жан. Анан да 13-числодо туулуп жатсаң. Сага байланган адам бир өмүр тузагыңдан чыгалбай жүрүп өтөт го.
– Сен ушундай акмакчылыктарга ишенесиңби?
– Гороскоп акмакчылык эмес, алтыным.
Алтыным?.. Жагымдуу угулат экен. Бул сөздөр менен катар ыпысык эриндер жүзүмө кынала түштү. “Сени мага тээ асманда жүргөн апам жиберсе керек. Күн сайын кызымдын маанайын көтөрүп турсун, капа тартканда жанында болсун деп. Рахмат сага!” Ичимден бул сөздөрдү кайталап, ыраазычылыгымды кантип билдирерди билбей турдум.
ххх
Канча күндөн бери өзүмдү зордоп, кыйнасам да кабагым ачылбай, капа тартып жүрөм. Арстан окууну бүтүп, Москвага кеткен. Ачык асман, жакшы маанайдын баарын кудум өзү менен ала кеткендей, айлана кунарсыз, көңүлүм чөгүңкү. Неге мынча ичим бышат? Мурун кантип жашап жүрдүм эле? Бул суроолорго жооп таппай, кайсы бир адамга байланып калганыма жиним келип жүрдү. Мектеп болсо баягы эле кейпинде. Байкасам, Асел да маанайы жок жүрөт. Бул кургур Арстанды чын эле сүйүп калганбы? “А сенчи, өзүң сүйүп калган жоксуңбу?” дейт көөдөнүмдөгү бир үн. А мен бул суроого жооп табалбай чабалактайм. Апам, алтыным апакем жанымда болсо, ичимдеги бороон-чапкынды жашырбай айтып, суроомо жооп издемекмин. Ал жооп тапмак. Ал мага туура жол көрсөтмөк.
Баса, айтам деп унутуп кала жаздаган турбаймынбы? Мен бир кызык окуяга туш болдум. Мектептер арасында олимпиададан химия сабагы боюнча жеңип чыккам. Анан облустук олимпиадага катышуу үчүн Токмокко барууга туура келди. Биздин мектептен эки окуучу өткөн экенбиз. Жакшынакай эле тапшырып бүткөн соң шеригим жана бизди алып барган мугалимибиз Токмокто калмай болушту. Экөөнүн тең жумушу бар экен. А мени Кубаныч аттуу айылдашыбызга кошуп жиберишти. Анын машинасы болсо жолдо бузулуп, талаада калдык. Ары-бери каттаган машиналардын бири да биздин айыл тарапка барбайт экен. Бат эле күүгүм кирип, Кубаныч байкенин айласы кетти. “Эртерээк сени жибербесем, Мукай ага өлтүрөт” деп атамдан да тынчсызданып жатты. Ошентип, ар түркүн ойго жетеленип жол жээгинде эрбейип турганыбызда капкара Лексус токтой калды. Айдоочу Кубаныч байкени таанып калыптыр. Ал-жай сураштыра келишсе, алар да Кара-Балта тарапка баратышкан экен. “Кудай жалгасын, бул кыз айылдаш агабыздын кызы. Олимпиадага келген, эми минтип кете албай жол жээгинде турабыз. Биздин айылга ала барып, таштай кеткиле” деп суранып калды. Килейген Лексустун айдоочусу арткы орундукка моюн буруп, уруксат сурамакчы болду эле, артындагы киши баарын угуп турган өңдүү, айтор, мени ала кетмей болушту.
– Кубаныч байке, машинаңыз оңдолгуча бул жерде эле тура турайын. Анан чогуу кетебиз.
– Кой, карындашым, атаң ансыз деле тынчсызданып жаткандыр. Тиги айдоочу жигит менин жакшы таанышым. Өздөрү да биз тарапка барышат экен.
Жазгүл Калыева
(Уландысы кийинки саныбызда)