35 жаштагы спортчуга сыйлыкты 27-декабрда Дубай шаарында (БАЭ) өткөн салтанат учурунда тапшырышты. Маалыматка ылайык, бул наамга «Барселонанын» капитаны Лионель Месси, «Ливерпулдун» чабуулчусу Мохаммед Салах жана бразилиялык футболчу Роналдиньо ат салышкан.
Белгилей кетсек, «Globe Soccer Awards» же «Dubai d'Ors» деп аталган бул сыйлык футболдогу мыктылар үчүн жыл сайын берилүүчү престиждүү сыйлык болуп саналат.
Жумабай Акимов