Бек Борбиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «БИРИНЧИ ОБОНУМДУ 7-КЛАССЫМДА ЧЫГАРГАМ»

Бир муун Бек Борбиевдин ырлары менен чоңойду. Обондору, ырлары элдин жүрөгүнө жеткени үчүн 30 жылдан бери бийиктиктен түшпөй келе жатат. Бул жолку маегибизде ырчынын башка бир өңүттө бейнесин ачып бердик деп ойлойбуз. Анткени чоң ата болгон Бек мырзанын маегин окуй элек болушуңуз керек. Берадордон Бекке айланганы, чоң атасынын насааты, 7-классында обон чыгарганы, толгонуусу, арманы, өкүнүчү жана башка кызыктар сиз үчүн.

– Бек мырза, саламатсызбы, көп күттүрдүңүз...

– Саламатчылык, азыр убактым ушундай тартыш болуп жаткан учур. Концерттин алдында ыр жаздыруу менен алек болуп жаттым, убакыт ушундай бөлүштүрүлүп калды.

– Жаңы жылдын алгачкы күндөрү канча жылдан бери концерт берип келе жатасыз?

– Пандемиянын шартында бир жыл бою эч кандай концерт болгон жок. Учурда уруксат берилгени үчүн концерт коюп жатабыз. Концертке даярдык катуу жүрүп жатат. Мен үчүн 1-2-январь аябай жооптуу күн. Сөзсүз түрдө элге майрамдык маанай тартуулаш керек деп милдеттеме коюп алгам. Жаңы жылды кандай тоссоң ошондой болот деген ишеним бар эмеспи. Ошол үчүн бул күндөрү элдин маанайын көтөргөнгө аракет кылабыз. Канча жылдан бери концерт берип келе жатканымды санаган эмесмин, менимче, 20 жылдай болуп калды окшойт. Аты да өзгөрбөйт, «Жаңы жылга жаңы ыр менен» деген ат менен берип келе жатабыз.

– Жаңы ырларыңыздан «Карагым» деген ырыңыз жакты. Жаштык өтүп баратканына бир аз арман кылган сыяктуу сезилди...

– Жаңы чыгып жаткан ырларымды Эдил Маматов, Мирлан Ниязов, Жаныш Момунов деген мыкты аранжировщиктер жазышты. Мазмунуна келсек, жаштыктын өтүп бара жатканына арман кылбаган ким бар? «Карагым» деген «кара көзүм» деген маани. Мен дайыма ырларымды уккан угарман өзүнүн башынан өткөрүп жаткандай сезсе деп ойлойм. Ыр эл арасында көбүрөөк жашасын десең, жүрөккө жете тургандай, ар бири башынан өткөргөндөй сезе тургандай жазылышы керек. Жаш кыз мени жактырып калып, «а мен баары бир жаш эмесмин» деген мааниде жазылган ыр.

– Арман бар, демек?

– Сөзсүз түрдө арман бар. Бирок менде эмес, ырда арман бар.

– Билишимче, Бек Борбиев «дерзкий» образда келе жатат. Убакыттын өтүшү менен адамдын ички дүйнөсү өзгөрөт эмеспи, сиздики өзгөрдүбү?

– Адамдын өзүнүн өзгөрбөй турган табияты болот, шартка карата өзгөрө турган мүнөзү болот. Мен тоолук жигитмин деп көп айтып келем. Бул шаардык эмесмин деген сөз (күлүп). Кичине кезимде бейбаш болчумун, бирок жакшы окучу элем. Кийин мектеп интернатында окуп калдым. Ушул нерсенин баары сиз айткандай мени «дерзкий» кылды. Мен эгерде чыгармачылык жакка ооп кетпегенимде жашоом башкача болмок. Бул жол мени өзгөрттү, чорт кыялымды жумшартты. Маданият өкүлү болгондуктан маданияттуу жүргөнгө да аракет кыласың. Чыгармачыл дүйнөдө өзүмдүн ордумду таба алдым деп эсептейм. 18-20 жашымдан эле чыгармачылык менен келе жатам. Мүнөзүм кандай болбосун, обончу катары милдетимди аткарып келе жатам.

– Сиз өзүңүздөн эмнени өзгөртө алдыңыз?

– Адамдагы табигый нерсе өзгөрбөйт, миң жолу билим алып, укмуш чөйрөдө болсоң да табиятыңдагы мүнөз калат. Акылды, билимди, тажрыйбаны жашоодон топтоп, ушул нерселерди өзгөртө аласың.

– Чыгармачылыкка келбегенде ким болмок элеңиз?

– Балким, спортчу болмокмун. Кесибим жол куруучу, ошол менен кетмектирмин, ким билет? Же бизнес кылмакмын.

– Бизнесиңиз барбы?

– Бизнесим – чыгармачылык. Эгерде чыгармачыл адам бизнести тандаса тиги жагы калып калат. Ырдап да, бизнес да кылып жүрөм дегендер бар го, мен ошолорго ишенбейм. Бизнес кылам десең, бүт убактыңды, дилиңди, акылыңды ошого беришиң керек. Чыгармачылык да бүт дитиңди талап кылат. Экөө менен тең кетип ийгиликке жеткендер жок, болбойт дагы болуш керек.

– Чыгармачыл инсандардын арасында саясатка кеткендери бар эмеспи. Саясат менен чыгармачылыкты айкалыштырганга да болбойт, демек?..

– Саясат көп убакытты алып койсо керек. Андайлар деле бар, бирок чыгармачылыгы баары бир токтоп калат.

– Атаңыз мурун «бизден эл башкарган адамдар чыккан, ырчы чыккан эмес» деп капа болгон экен. Кийин сиздин талантыңызды бааладыбы?

– Союз учурунда тарбияланып калган адамдар үчүн ырчылык «не серьёзный» кесип эле. Атамдын ушинтип айтканы бар. Атамдын агасын Сулайман чоң ата деп койчубуз. Ошол киши да «тукумубуздан ырчы чыккан эмес, жөн эле койсоңчу» деп айтып калчу. Кийин экөө тең мага, кесибиме болгон көз караштарын өзгөртүштү. Тескерисинче, сүйүнүшүп, чоң атамдын аты Борбу эмеспи, «биздин атабыздын атын кыргызга сен таанытып жатасың» деп баталарын беришкен.

– Ушул жерден ысымыңызды сурай кетейин, Берадор деген ат качан Бекке айланды?

– Бул тууралуу эч ким билчү эмес эле, азыр айтып берейин (күлүп). Мен атам менен апамдын студент кезинде төрөлгөн баласымын. Атам футболго аябай кызыккан адам эле. Берадор деген футболчунун атынан коюптур. Атам менен апам студент болгону үчүн чоң апам Мырзагүл мени багып калат. Кийин таянем да жарым жыл багыптыр. Экөө кезек менен багышчу экен. Ошо чоң энем 2 айлыгымда келип, мени көрүп, «аты ким?» десе «Берадор» дешет. Чоң апам Фрунзе дегенге тили келбей «Боронзо» дечү. Анан Берадор дегенди кантип айтмак эле? Башкы эки тамгасын жаттап алып «Бек» деп алыптыр. Ошол боюнча Бек болуп жүрөм.

– Башында чыккан «Делбирим», «Тазасы барбы?» ырларыңыз ушул кезге чейин жүрөккө жакын. Өзүңүз үчүн чыгармачылыктын туу чокусу, дүркүрөп турган учуруңуз кайсы жылдар болду?

– Сиз айтасыз «ушул ырларыңыз жүрөккө жакын» деп, башкасы «ыр десте» дейт, башкасы дагы бирин айтат. Автор үчүн ыр баласындай эле, ар биринин түйшүгү бирдей. Аранжировкасын жакшы жасабай коюп, же өзүм жеткире аткара албай калып бир эле жолу ырдалып калып калган ырларым көп. Ошол ырларымды деле убактысы келгенде шөөкөттөп жаштар ырдап чыгабы, же чыгармачылыгымды изилдей тургандар сууруп чыгышабы деп ойлойм. 20-30 жылдан кийин деле ырдалат, балким.

Биринчи ыр жыйнагым «Делбирим», экинчиси «Тазасы барбы?» болгон. Булар эмнеге ошол кездеги адамдардын жүрөгүнө жакшы сакталып калган? Анткени ага чейин менин жанрымдагы, менин стилимдеги ырчы-обончу чыга элек болчу. Эч кимге окшошпой, оригиналдуу, өзгөчө болуп чыккан обондор болгону үчүн элге алынып кетти. Көп адамдын жаштыгы ошол жыйнактар менен өттү. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок мен чыгармачылыкка ошол убакта кандай көңүл бурсам, азыр деле ошондой көңүл бурам. Ооба, азыр бир аз жалкоолук кылып коюшум мүмкүн. Мурда сөзсүз түрдө бир күндө бир жолу музыкалык аспаптарды кармап машыкчумун. Азыр, балким, күн алыстан кармап калгандырмын. Өзүмө бир аз болсо да эс алуу бергенге татыктуу болдум болуш керек. Чыгармачылык толгонуу ден соолукка зыян. Жүрөгүңө, кан басымыңа оорчулук жаратат. Башка образга кирип, эмоцияларды жүрөгүңдөн өткөрүп жазасың. Мисалы, бир ырды чыгарсам мен ошол түнү уктабайм. Кан басымым көтөрүлүп кетет. Жатсаң дагы көзүң чекчейип тура берет. Мээңде толтура ойлор, жүрөгүңдө толгонуулар... Ошол үчүн бир аз өзүмө боштондук берип калам. Бирок чыгармачылыгыма мурда кандай чоң жоопкерчилик менен карасам, азыр да ошондой.

– Бир муун сиздин ырларыңыз менен өстү, сизди кумир туткандар көп. А сиз кимди жакшы көрүп, ырларын уктуңуз?

– Обончулардын пири аталган Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдер биздин учурда эскирээк болуп калган. Аларды өткөн замандын ырчылары дегендей карачу элек. Андан кийинки чыккан обончулар, ырчылар, биз үчүн «современный» эле. Менин тушумда Ибрагим Жунусов, Исирадин Аманбаев, Тургунаалы Нурматовдун ырлары жаңырып турган учур эле. Чубак Сатаев кийин чыкты. Ушул аты аталган 4-5 обончунун ырларын ырдап жүрөм, ушуларды агайларым деп ойлойм. Мен алардын чыгармачылыгы менен чоңойдум, сабак алдым. Күндө келип сабак бербесе да, ырлары менен тарбиялады. Муну өздөрүнө да айтып келем.

– Музыкалык билимиңиз жок туруп эле ушунчалык чоң атты жасадыңыз. Билим алсам мындан бийиктикке чыкмакмын деген ой болду беле сизде?

– Мыкты ырчымын деп эч бир жерде айткан эмесмин, салмактуу обончу болушум мүмкүн. Дайым "мени обончу-аткаруучу деп сахнага чакыргыла" деп айтып келем. Ырчы, жылдыз деген нерселер мен үчүн эмес. «Мендей ырдаган ырчы өзүн ырчымын дебей эле койсун» деп эчен маегимде айтып жүрөм. Чала-була ырдап алып эле ырчымын деп жүргөндөр бар. Мени профессионал ырчы деп аташ үчүн билимим жок. Обончу, аткаруучу дегенге толук макулмун.

– Музыкалык билим алсам болмок деген өкүнүү жокпу сизде?

– Жок, такыр өкүнгөн эмесмин. Эч бир жерде «ий-ий, ушуга музыкалык сабатым жетпей калды» деп кейүүгө туура келген эмес. Сабатым өзүм аркалап келаткан кесибиме жетиштүү деп ойлойм.

– Эң алгачкы обон чыгарганда канча жашта элеңиз?

– Эң биринчи обонумду 7-класста окуп жүргөндө чыгаргам. Аккордеонду жаңы үйрөнүп, анан обон чыгаргам. Эч кимге айткан эмесмин, анткени аябай уялчу элем. Менин ырларым элге жайылып кеткен. Алар меники экенин обончу болгонумдан кийин билишти. Эмнегедир «менин ырым» деп айткандан уялчумун. «Аста-аста сен да мага көз кырыңды саласың» деген ырым бар эмеспи, ушул 7-класстагы ырым. Бул ырды мен концерттерде ырдачу элем, бирок меники деп айта алчу эмесмин. «Кимдин ыры, жакшы ыр экен» деп калышса, «билбейм, мен да бирөөдөн үйрөнүп алдым» деп коёр элем. Уялчумун, обон чыгарганымды бирөө билсе мен үчүн өлүм эле. Ыр жазып жүргөнүмдү да эч ким билчү эмес. Калың дептерлериме жазып чиймелеп туруп, катып, килемдердин алдына басылып кала берчү. Аккордеонду тартканымды ата-энем билет да, конокко бирөөлөр келсе ырдап эмес, ойноп бергенден тартынчумун. Көгөрүп «ойнобойм» деп отуруп алчумун. Бирөөлөр мени сахнада өмүр бою жашагандай сезишсе керек (күлүп). Мен үчүн сахнага чыгыш абдан чоң жүк эле. Кадам шилтеп чыгып ырдап бүтүп кеткиче шашчумун. Өмүр бою сахнада каларымды ошол кезде ким билиптир (күлүп)? Кийин студент кезимде балдарга кошулуп ырдап жүрүп ачылдым. Көрсө, ырдаган уят эмес турбайбы деп ырдап калгам.

– Бийлегенге кандайсыз?

– Бийлегенди ким жаман көрсүн? Өзүмдүн чөйрөмдө эл катары жакшы эле бийлейм. Бирок сахнада бийлеген такыр башка. Ага профессионал болушуң керек, тойдо бийлеген бийиңди сахнада бийлей албайсың. Бийлегенге менден башкалар деле жетишип жатат, жөн эле коёюн.

– Таята, чоң ата болгон кандай сезим экен?

– Беш неберем бар. Төртөө кызымдыкы, бирөө уулумдуку. Небере өзүңдүн балаңдан, кызыңдан да башкача таттуу болгон сезим экен. Атамдын агасы Анаркул чоң атам «Бек, бул жашоодо сенин ким экениң, эмне иш кылганың таптакыр башка маселе. Ал эми жети атадан берки келе жаткан тукумду улоо – бул эң негизги маселе. Жети атаң өз учурунда канын төгүп, тукум улоо үчүн жанын үрөдү. Ким үчүн? Мына сен үчүн. Сага дагы өз тукумуңду улоо чоң парз» дечү эле. Мен «эми ал боло турган нерсе. Ага маани бербей, ким болгонуң, эмне иш кыла алганың маанилүү болсо керек» деп ойлогом. Уулумдун уулу төрөлгөндө ошол чоң атамдын айтканын эстедим, бир парзымды аткардым дедим.

Небереге эзилип кетет экенсиң. Өзүм эрте ата болдум, ал кезде бала элем. Балдарым мени менен кошо чоңоюп калышты. Гастролго барып келсем бирөө жөрмөлөп жүргөн болот, дагы бир барып келсем басып калган болот. Бир карасаң мектепке барып калган болот (күлүп). Эми тамаша катары айтып жатам, бирок чындыгында ошондой болгон. Анда жаш болуп балдардын чоңойгонуна деле маани бербей каласың. Азыр 50нүн кырында көп нерсеге башкача карап, башкача ойлонуп калат экенсиң. Неберелерге толук жүрөгүмдү ачып эзилип кеткенге мүмкүнчүлүк болот экен. Неберелерин бардык чоң аталар жакшы көрүшөт. Мени да чоң аталарым жакшы көрүшчү.

– Жеке баракчаңызда такыр жеңебиздин сүрөтү жок, эмнеге деп сурасам болобу?

– Жеңеңдин өзүнүн баракчасын карап көрсөң болот. Менин баракчамда 5-6 сүрөтү бар. Аялын эле жетелеп сүрөтүн киргизе берген ырчылар бар, мен андай эмесмин.

– Жеңебиз жакшы жүрөбү деп эле сурайын дегем...

– Жеңеңер жакшы жүрөт.

– Маекти сиздин жаңы жылдык каалоо-тилегиңиз менен аяктайлы деп турам.

– Эми жаңы жылда жаңы президентти тандап алалы. Бул жолу татыктуусун тандайлы. Айтайын дегеним, кыргыз эли жетишинче эле кыйналды, чайпалды, төгүлдү. Өткөн жыл сабак боло турган жыл болду. Чыгармачыл адамга тынчтык, элибизде жакшылыктар болсо эле болду экен. Өзүңөр байкагандай, өткөн жыл пандемиядан улам аябай эле кыйын жыл болду. Орусиянын артисттери «бизге шарт түзүп бергиле» деп чыгышты, биздикилер деле бир аз айтышты окшойт. Мындай караганда, артисттердин 90 пайызы өзүнүн чыгармачылыгы менен жан багат, эч кимдин сырттан каражаты жок. Айтор, тынчтык болсун жергебизде. Оору-сыркоодон алыс бололу, элибизге келе жаткан жыл берекесин берсин. Жаңы жылыңыздар менен!

– Маегиңизге рахмат!

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Бек Борбиев: “Мени ырчы, жылдыз деп чакырбагыла деп айтам“
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
KaGaH
2021-01-04 10:44:46
Жакшы ырчы агабыз бар,оор басырыктуу мактанбаган,азыркы ырчылардан төөдөй бийик турат,жаңы жылыңыз менен агай
+3
airada
2021-01-04 15:03:39
Супер инфо интервью берип баштаса анда ырларын кайра жүктөлдү медиа порталга
+1
Aijamal_95
2021-01-04 18:16:39
Боло эжем Бек Борбиевтин концертине барам деп парданы куйдургон экен. Азыр ошону эстедии негедир
0
Azizbek81
2021-01-04 19:55:29
Майрамбек осмонов айткандай Бек соолубас булак,эми циркке барып контсерт койсонуз аюулар дагы таанышат деп айтканын окудум эле,ден соолукта болунуз сиздин ырларыныз менен чонойдукко
+3
nazira...
2021-01-06 20:00:53
Аялы тууралу сүйлөгөнү жакты, азыркы чыгып аткан чөжө ырчылар ушулардан үлгү алышпайбы дейм да.
+1
nazira...
2021-01-06 20:02:33
Анан Аселдин жаштыгындагы сүрөтү сонун экен, өзү деле айтса керек көргөндө.
+1
munduz2016
2021-01-09 16:49:42
Кыргыз эстрадасынын лидери!!!
+1
MIRBOLOT
2021-01-26 10:02:48
Бек Борбиевдин ырлары жазылган кассета жарабай калгыча укчу элек.
0
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан