Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков бул сезонду кайрадан Бангладеште улантууда. Ал буга чейин «Башундара Кингс» клубунда ойноп Бангладеш Кубогун, чемпиондугун уткан. Биз аны менен акыркы жаңылыктары, футболдогу сапары тууралуу сүйлөштүк.
ФУТБОЛЧУ ТУУРАЛУУ:
Туулган жылы – 1995-жыл, 3-июнь
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Түп району, Күрмөнтү айылы
Бою – 182 сантиметр
Салмагы – 74 килограмм
Билими – Кыргыз улуттук университетинин бизнес жана башкаруу факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – бойдок
Салмагы – 74 килограмм
Ойногон клубу – "Шейх Рассел"
Амплуасы – Жарым коргоочу
Катар саны – 20
Учурда – Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу
Ойногон клубдары: «Абдыш-Ата», «Дордой», «Крумкачы» (Беларусь), «Спарта Давсаспор», «Эгирдирспор» (Түркия), «Келантан» (Малайзия) «Башундара Кингс» (Бангладеш)
ДҮЙШӨБЕКОВ КАЙРАДАН БАНГЛАДЕШТЕ
– Бангладешке келгенге чейин Орусияда «Динамо» Брянск деген клубда 10 күндөн ашык кароодо жүрүп келдим. Ал жакка мени жайында эле чакырышкан. Пандемияга байланыштуу чек аралар жабык болгондуктан бара албай калгам. Машыктыруучуга, жетекчилерге, баарына жактым. Бирок ал ортодо машыктыруучулук штаб, жетекчиликтин алмашкандыгына байланыштуу ал жакта калууга болбой калды. Андан соң Бангладешке чакырышты. Бул жакта мени эки жылдан бери билишет. «Шейх Рассел» деген команда менен келишим түздүм. Мурдагы клубдарга салыштырмалуу абдан жакшы шарт түзүп берди, ошон үчүн келдим. Учурда Бангладеште Өлкө Кубогу башталды. Жаңы команда менен оюнда голдук топ чыгарып берүү жасадым. Каршылашыбызды 1:0 эсебинде уттук. Буюрса, ийгиликтүү башталды.
Буга чейин 2 жыл «Башундара Кингс» деген клубда ойноп келдим. Клуб 2018-жылы Жогорку Лигага чыккан соң мени Малайзияда ойноп жүргөн жеримден чакырышкан. Ал жактагы келишим бүткөндөн кийин Бангладешке келгем. 2 жолу Өлкө Кубогун, бир ирет Бангладештин чемпиондугун, мындайча айтканда, бардык титулдарын уттум десем болот. Андан улам АФК Кубогунда ойноп, биринчи жүрүштү 5:1 эсебинде утканбыз. Тилекке каршы, пандемиядан улам оюндар токтотулду.
Кыргызстандагы футбол сүйүүчүлөр арасында «Бангладешке эмнеге барат, биздин өлкөдө эле ойносо болмок» деген көп сөздөр жүрүп жатат. Бирок бул жактын рейтинги жогору, деңгээли күчтүүрөөк. Ар бир командада 4-5тен легионер бар. Дүйнө чемпиондугунда ойногон күчтүү легионерлер келет. Өсүш үчүн көп тажрыйба алыш керек. Баары келип эле каржы маселесине такалат. Заманбап стандартка ылайык стадиондор курулса, күчтүү легионерлер келсе, жергиликтүү оюнчулар жакшы деңгээлде ойногон футболчуларга аралашып алардан тажрыйба алышат. Футболчуга жакшы шарт түзүп берсе, анын көңүлү футболдо болуп көп машыгып, жакшы ийгиликтерди жаратат. Ошентип өлкөдө футбол өнүгөт. Шарт жок болсо, аз маяна төлөнсө футболдо өсүш болбойт. Футболчунун баары эле жакшы шарттагы келишимдерди түзүп ойноого аракет кылышат. Азыр Бангладеште футболдун деңгээли өсүп келе жатат, маяналары, шарттары дагы жакшы. Андыктан бул жакта ойногонум туура деп эсептейм.
«ФУТБОЛ – МЕНИН ЖАШООМ»
– Мен Түп районунун Күрмөнтү айылында төрөлгөм. Балалыгым Токмок, Бишкек шаарларында өттү. Үй-бүлөдө 4 бир тууганмын, эки агам, бир карындашым бар. Башында байкелерим мени күрөшкө алып барышкан. 2 жылдай күрөшкө барып, мелдештерге катышып жүрдүм. Жашаган жердеги коңшу балдар менен көп футбол ойночубуз. Досторумдун көбү футболго кызыкчу, мен дагы алар менен күнүгө ойноп жүрүп, футболго болгон сүйүү башкасын жеңип кетти. Ошону менен күрөш калды, футболго аябай кызыгып кеттим. Алгачкы кадамдар Токмокто башталды. Кийин Кантта Келечек деген турнир өтүп, ошол жактан мени «Абдыш-Атанын» өкүлдөрү көрүп жактырышып, академиясына чакырышкан. Кантта жашап Абдыш-Атанын академиясында окуп калдым. Ошентип футбол менен жүрүп быштым, көп нерсени үйрөндүм. Чет мамлекеттерде жүрдүм, тажрыйба топтодум. Жашоону ар тараптан көрдүм, сыноолордон өттүм. Жашоонун тарбиясын да алдым десем болот. Башка өлкөдө сен жалгызсың, ата-энең жаныңда жок. Өзүңдү-өзүң көзөмөлдөп, тилек, кыялдарды ишке ашырууга өзүң аракет кылып жетишиң керек. Футбол менен көп нерсеге жетишип келе жатам. Футбол менен өзүмө эмне керек болсо ошолорго жетип жатам. Футбол мени багып жаткан жумушум. Футбол – менин жашоом.
«УЛУТТУК КУРАМ МЕНЕН ЧОҢ ИЙГИЛИКТЕРДИ ЖАРАТУУНУ МАКСАТ КЫЛАМ»
– Футболго келгенимден эле Улуттук курамда ойноону кыялданчумун. Бул негизги максаттарымдын бири болчу. Курама команданын оюндарын калтырбай көрчүмүн. Алгач Кыргыз жаштар курама командасына чакырылдым. 2015-жылы Санкт-Петербургда Достук Кубогу болуп, биздин курам Орусия, Европанын бир катар мамлекеттерин утканбыз. Орусия менен болгон оюнда гол жаратып эсте калган оюн болгон. Ушул оюндан кийин Улуттук курамдын башкы машыктыруучусу курамга чакырган. Биринчи оюн Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун алкагында Бангладешке барып конокто ойноп, 3:1 эсебинде жеңишке жеткенбиз. Экинчи оюн Австралия менен үйдө ойноп, 2:1ге утулуп калганбыз. Ошолор мен үчүн эсте каларлык оюндар болгон. Австралия менен эң жакшы оюн болгон деп күйөрмандар азыркыга чейин айтып келишет. Бул улуттук курам менен өзүбүздүн стадиондо биринчи оюн болгон. Азыр Улуттук курам менен Азия, Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алып чоң ийгиликтерди жаратууну жана Азиянын, Европанын жакшы командаларында ойноону максат кылам. Кудай буюрса, буга да жетебиз.
КОРГООГО ДА, ЧАБУУЛГА ДА САЛЫМ КОШКОН ЖАРЫМ КОРГООЧУ
– «Абдыш-Атанын» академиясында тарбияланып жүргөндө эле мага жарым коргоочулук позицияда ойногон абдан жакчу. Чабуулчуларга голдук топ чыгарып берүүлөрдү жасаган учурлар көп болчу. Ошондон тартып борбордук жарым коргоочу болуп калгам. Бул позицияда топ менен көп болосуң, оюнду көзөмөлдөп, коргоого да, чабуулга да жардам бересиң. Айтор, көп жумушту аткарасың. Дүйнөлүк футболчуларды кумир тутпайм. Бирок Андрес Иньеста, Хаби Алонсе, Тони Кроос сыяктуу жарым коргоочулардын ыкмаларын үйрөнүүгө аракет кылам.
ТЕМАДАН ЧЕТТЕП...
– Чет элде жүрөсүң, үйлөнүүдө кыздын улуту маанилүүбү?
– Албетте, маанилүү. Анткени башка улуттун каада-салты, менталитети, жашоого болгон көз карашы башка болот. Болочок жубайым кыргыз кызы жана мусулман болуусу маанилүү.
– Жүрөгүңдүн ээсин таптыңбы?
– Таптым (күлүп).
Динара Акимова