4-ЯНВАРДАН 10-ЯНВАРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Каржы тармагында иштегендерге, чыгармачыл адамдарга ийгиликтүү апта. Анткени материалдык абалдары жакшыра баштайт. Бардык ишиңизде өз мүмкүнчүлүгүңүзгө таяныңыз. Эл көп чогулган жерлерге барбоо сунушталат. Жаракат алуу коркунучу бар. Жан дүйнө сырыңызды ишенимдүү адамга айтып жеңилдейсиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Үйдө гармония жана сүйүү орнойт. Бул маанилүү маселелерди туура чечүүгө шарт түзөт. Жаңы адамдар менен таанышасыз. Чөйрөдөгүлөрдүн интригасына аралашпасаңыз акылдуулук кылган болосуз. Келечек планыңызды таасирдүү адамдар менен талкуулоо мүмкүнчүлүгү жаралат. Жаңылыктардын ичинде сизди таң калтырганы болот.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Оргуган энергия мыкты пландарды түзүп, аларды ишке ашырууга жардамын тийгизет. Жеке жашоого келсек, каш серпкен адам менен эле роман түзүп кетүүдөн кармануу керек. Алыска сапарга чыкпай туруңуз. Эски карыздарды кайтарып беришет же кымбат нерсе таап аласыз. Бирөөлөрдүн чатагына аралашпоо сунушталат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жетекчилик сиздин пикирге макул болбосо талашпоо керек. Мамиле бузулуп, мүмкүн, башка жумуш карап каласыз. Үйдөгүлөр сизди бир нерсеге күнөөлөп, конфликт жаралышы ыктымал. Аз суммада болсо дагы акча колуңузга тиет. Үйдөгүлөрдүн жагымдуу сюрпризине күбө болосуз. Жакындарыңыз тапшырган жумушту өз учурунда аткарыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Коомдук жана саясий ишмерлер мартабасын жогорулатып, жаңы пикирлештерди табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жакын адамыңыздын көңүл коштугу жиниңизди келтирет. Тууганыңыздын иштерин бүтүрүшүүгө убактыңызды бөлөсүз. Издеген буюмду табасыз. Эс алууга кайда чыкпаңыз майда жаракаттарга кабылуудан этияттоо керек.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бирөөгө алданып калуудан сактансаңыз эле тиричилик маселелери ойдогудай чечилет. Материалдык жардам берчүлөр табылат. Айрымдар чет жакка чыгып иштеп келүүгө камынышат. Суукка урунуп же бузулуп калган тамак-аш жеп алып ооруп калбаңыз. Электр шаймандарын өзүм оңдойм деп шерденбей, адиске кайрылуу сунушталат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жаңылыктар көп болуп, көп жаңы нерселерди билип аласыз. Тилектердин бири ишке ашат. Буга үйдөгүлөр себепкер болмокчу. Кокустан таанышкан адам доско айланат. Өмүрдү коркунучка салбай, түнкүсүн жалгыз жүрбөө зарыл. Айттырбай коноктордун келиши мүмкүн. Үй-бүлөдө гармония орун алып, эс алууга көп убакыт табылмакчы.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жакшы адамдардын таасири менен өзүңүзгө болгон ишеним өсөт. Талаш маселелерди чечүүгө киришиңиз. Жалгыз калып арттагы жашоого баам салып, ой топтоп, пландарды ишке ашыруу керектигин ойлонсоңуз жакшы. Жакындарыңыздын ийгилигин чакан чөйрөдө белгилейсиздер. Ойдо жок жерден жаңы кийимдүү болушуңуз ыктымал.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Элге жагымдуу болуп чыга келесиз. Ошондуктан жардамын сунуштаган адамдар чыгат. Бардык иштер жеңил бүтөт. Болгону чындыкты айтам деп балээге калгыча айрым кырдаалда тилди тишке каткан жакшы. Достор менен үйдөн тышкары эс алууңуз ыктымал. Белек аласыз же утушка ээ болосуз. Жакын адамдардын талаптарын угуу сунушталат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптада депрессия, пессимизмге жол бербей, топтолгон иштерди бүткөрө берүү оң. Айрымдар иш ордун алмаштырууну ойлонуп, дос, туугандары менен кеңешиши мүмкүн. Берген убаданы аткаруу керектелет. Чөнтөк бош калбашы үчүн кереги жок же сапатсыз нерсе сатып алуудан карманыңыз. Балдар менен кышкы эс алуу жагымдуу маанай тартуулайт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Кабыл ала турган чечимиңизди тыкыр ойлонуп чыгуу зарыл. Ката кетирсеңиз оңдоо кыйынга турат. Чыгаша орун алат, буга эски дос же туугандар менен жолугушуу себепкер болот. Терс эмоцияларды ооздуктабасаңыз сүйүктүүңүздү иренжитип аласыз. Бош убактыңызды китеп окуп жан дүйнөңүздү байытуу менен өткөрөсүз. Балдарга акча жумшайсыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Өзүмчүл адамдар сиз үчүн маселе жаратышы күтүлүүдө. Коомдук-саясий окуялар тууралуу талкууларга катышасыз. Керектүү адамдар менен байланышты жандандырсаңыз, кошумча киреше табасыз. Үйдөгүлөр менен уруша кетпеш үчүн сабырдуу болуу зарыл. Келбетти сактоо же ден соолукту калыбына келтирүүнүн үстүнөн иштейсиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 943, 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан