Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин №702 аскер бөлүгүндө аскердик кызматын өтөп жүргөн Бексултан Адылбек уулу асынып каза болду. 21-декабрда Бишкектеги аскер бөлүктө болжол менен таңкы саат 5:30 чамасында жоокер асынып алган абалда табылган. "Жоокер өзүнө кол салды" деген версияга жакындары макул эмес. Анткени алар баласынын денесинде бир нече тактар болгонун айтышууда. Мекенге кызмат кылам деп, он гүлүнүн бири ачылбай кеткен 22 жаштагы жоокердин апасы менен маектештик.
“АСКЕРГЕ ӨЗ КААЛООСУ МЕНЕН КЕТКЕН”
– Балам Бексултан 1998-жылы 6-сентябрда Ошто төрөлгөн. Мектеп босогосун Оштон аттады. Кийин Алматыга көчүп кеттик. Ал жактан окуусун жакшы улантты. Балам 6-класс болгондо Бишкекке көчүп келдик. Мектепти 46-мектептен аяктап, Политехникалык университетке бюджеттик негизде өткөн. Өзү өжөр, аракетчил, эч кимге жамандыгы жок бала эле, ЖОЖду да ийгиликтүү аяктады. Өз аракети менен акча таап, бизге да жардам берчү. Бир күнү балам “апа, аскерге баргым келип жатат, азыр аскердик күбөлүгүң болбосо, жакшы жумушка орношо албайт экенсиң” деп калды. Өзү аскердик бөлүккө барып, жол-жобосун да билип келди. Мага: “Апа, аскердик күбөлүктүн жасалмасы болот экен, ал 25 миң сом, түп нускасы 50 миң сом турат имиш,
50 миң сом бергенче кызмат өтөп келейин”,- деди. Мен чечимди өзүнө калтырдым. Ал ортодо энергетика тармагында 2 жарым ай иштеп, 2020-жылдын сентябрь айынын 15теринде аскерге кетти.“АСКЕРГЕ БАРЫП БЕКЕР КЫЛЫПТЫРМЫН ДЕДИ”
– Балам чек арага, Нарынга барайын деген, бирок 702-аскердик бөлүккө бөлүнүптүр. Ант берердин алдында сентябрдын аяк ченинде өзү телефон чалып, “апа, мен жакшымын, бул жакта тамакты жакшы беришет экен” деди. Санаа тартып, “уруп-соккон эч ким жокпу?” десем, “жок, баары жакшы” деп койду. Уулум “эки айдан кийин келиңиз” деген. Туугандар “шаарда жоокерлерди жакшы карашат” дегенинен жүрөгүм тынч эле жүрдүм. Экинчи балам Орусияга кетмекчи болуп, иниси экөө майда-чүйдө алып, барып жолугуп келишти. 13-ноябрда Бексултан үйгө келди. Сүйлөшүп отурдук. Мен аскерде кызмат өтөө кандай экенин сурадым. Ошондо балам “ачыгын айтайынбы, аскерге барганда бир дембелди уруп койдум эле, алар мага жабылып келип, эс-учумдан танып калганча сабашты. Жаңы барган балдар бири-бирибизге жардам беребиз деп сүйлөшөбүз, бирок дембелдер келгенде эле коркуп калышат. Апа, эмне үчүн аскер кызматы жарыбайт десе, булар аябай жаман иштерди кылышат экен. Мен альтернативдик негизде эле кызмат өтөбөптүрмүн, бекер кылыптырмын. Бирок эч нерсе эмес, мен кызматымды аягына чейин өтөйм” деди. Ошентип кетерде керек болуп калат деп 1500 сом сурап кетти.
“БАЛДАРДЫ МЕКЕНГЕ КЫЗМАТ КЫЛСЫН ДЕП ЖӨНӨТСӨК, АЛ ЖЕРДЕ ЫПЛАС ИШТЕР ЖАСАЛАТ ЭКЕН”
– Уулум кеткенден кийин сарсанаа боло баштадым. Бир күнү балам “апа, аскердик бөлүккө келбеңиз, элдин балдары деле жүрүшөт. Кимдин жакындары келсе, булар ошол жоокерге салык салышат экен” деди. 19-декабрда “мен үйгө жөнөп жатам, өргүү берди” деди. Тамак жасап күтүп алдым. Андан мурун бир чаткалдык бала менен дос болдум деп жаткан. Ошол досун сурасам, “жүрөт, ал мурда жаагынан операция болгон экен, өткөндө анын айтканына койбой, дембелдер ошол жаагына чабышты. Ал жерде болгону кол башчыдан гана коркушат. Ал келгенче каалагандарын жасашат. Ошол жерде иштеп, пенсияга чыккан бир аскер кызматкери бар. Ал ичет, келип бизге каалаганын жасайт. Ага эч ким эч нерсе дей албайт” деди. Үйдөн чыгып баратып, “апа, инимди аскерге жөнөтпөй эле коюңуз” деди. Мен ошондо уулумду акыркы жолу көргөн экенмин. Ошондо да жанына 2000 сом салып бердим. Көрсө, аскерде салык салынат экен. Бир аскер кызматкери түшкөн көмүрдү уурдап кетерин да кошумчалады. Биз балдарды мекенге кызмат кылсын деп жөнөтсөк, ал жерде жаман иштер жасалат экен.
“КҮНӨӨНҮ КАЙРА ӨЗҮБҮЗГӨ КОЙМОЙ БОЛУШТУ”
– 21-декабрда саат 11лерде бир жигит мага телефон чалды. Телефонду жолдошума бердим. Биз “Дордой” базарында соода кылып жүргөнбүз. Ал жерге аскер кызматкерлери келишти. Мага балам бирөөнү уруп койгон го деген ой кетти. “Эмне болду? Ачыгын айткыла” дедим. “Балаңар, Бексултандан ажырап калдык” дегенде бакырып, көзүм караңгылай түштү. Кошуналар келип суу чачып эсиме келтиришти, күйөөм ары жакта жыгылып жатат. Эмне болду деп сурасам, “асынып алды” дешти. “Силер өлтүрдүңөр, ал өлө турган бала эмес болчу” деп, бирөөсүн чапкылап жибердим. “Кайда асыныптыр?” десем, үчөө үч башка жерди айтышты. Бирөө керебеттин башына дейт, экинчиси эшикке дейт, үчүнчүсү башка бир бөлмөгө дейт.
Өлүкканага жөнөдүк. Ал жерде Толгонай деген психолог кыз жана тергөөчү бар экен. Экспертиза жасоо үчүн денени сойдурмай болдук. Ага чейин жолдошум кирип, баланын көк ала болгонун көрүп, эси ооп калды. Психолог мага “аскердеги балдар үйдөгү көйгөйдү укпашы керек да” деп сүйлөнөт. Эмне болду десем, “уулуңуз апам ооруйт, атам ичет деп сарсанаа болуп жүргөн тура” дегендей кылды. Муну менен ал “аскердик тартипке чыдабай, үйдөгү көйгөйлөрү да кошул-ташыл болуп, өз жанын кыйды” дегенди айткысы келип жатыптыр. Биздин үй-бүлөлүк абал жакшы. Ошол учурда жолдошум күйүткө чыдай албай, кичине ичимдик ичип алса керек. Кыскасы, күнөөнү кайра өзүбүзгө коймой болушту. Баламдын сөөгүн Ошко алып барып койдук. Денесинде көк ала тактар бар экен. Уулумду өлтүргөндөр акыйкаттык менен жазасын алыш керек. Мен бутум жеткен жерге чейин арызданып барам. Энелердин мен сыяктуу зар какшап калышын каалабайм.“ТАБАРСЫГЫ КАНТАЛАП КАЛЫПТЫР”
Маркумдун сөөгүн жууган аталаш тууганы Азамат Сейитов төмөнкүлөргө токтолду:
– Менин оюмча, баланы сабап өлтүрүшүп, андан кийин асып коюшкан. Сөөк жууганда оң жамбашы көгөрүп бир нерсе менен урулганын байкадык. Сол жамбашы да көк ала. Санын жип менен байлап кысышкан. Эгер адам асынып алган болсо, баш бөлүгүндө кандайдыр бир процесс болуп, көгөрүп, өңү буулуп же тили чыгып калмак болушу керек. Инимден андай нерсени байкаган жокпуз. Моюнунда асынгандай так жок. Болгону кичине кызарып калыптыр. Буту-колдору кадимкидей көк ала. Айылда жүрүп "өзүн асып алды, өлүп алды" дегенди көп эле угуп жүрөбүз. Бексултан 18 жаштагы жаш бала эмес, акыл-эстүү, токтоо жигит эле. Табарсыгына тебишкенби, айтор, кызарып, канталап калган. Мен бул бала киши колдуу болгонуна 100 пайыз ишенип турам. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы акыйкат чыгат го деп ишенебиз. Баланы өлтүргөндөр өз жазасын алышы керек.
“136-БЕРЕНЕ МЕНЕН КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ”
Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын тергөөчүсү төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2020-жылдын 21-декабрында бизге №702 аскер бөлүгүнөн 22 жаштагы жоокер өз жанын кыйды деген маалымат келип түшкөн. Аскердик прокуратуранын тергөө тобу окуя болгон жерге барып, ошол эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 001 беренеси менен кылмыш иши козголгон. Азыр 136-беренеге (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) өзгөртүлдү. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок азырынча жыйынтыгы даяр боло элек.
Жолдубек Качкынбаев