КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН УУЛУ ЛА ЛИГАГА ЧАКЫРУУ АЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин 15 жаштагы уулу Эмир-Хан Испаниянын «Леванте» футболдук клубунан кароо-сынактан өтүү үчүн чакыруу алды.

Бул тууралуу Камчыбек Ташиев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

«Кичүү балам Эмир-Хан «Паоло Росси» академиясында 1,5 жыл окуган, кийин Италия «Б» сериясында «Перуджа» командасы менен жарым жыл ойноду. Эми аны «Леванте» футбол клубу аңгемелешүүгө чакырды. Чет өлкөгө биринчи жолу менсиз чыгып жатат»,- деп жазды УКМК төрагасы.

Испания чемпиондугунун Жогорку Лигасында (Ла Лига) ойногон «Леванте» футболдук клубу азыркы тапта 18 упайы менен 13-орунда келе жатат.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Argen-9393
2021-01-16 20:41:35
Ийгилик
0
№ 944, 7-13-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан