Футзал боюнча Кыргызстандын Улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 42-орунга жайгашты. Бул тууралуу Futsalworldranking сайтына жарыяланган рейтингде көрсөтүлгөн.
Амиржан Муканов башында турган Улуттук команда 1071 упай топтоп, мурдагыдан эки сапка жогорулаган.
Рейтингдеги алдыңкы ондукта Испания, Бразилия, Аргентина, Орусия, Португалия, Иран, Казакстан, Италия, Парагвай жана Хорватия турат.
Тизмеде Азиядагы курамалардын арасында Кыргызстан 7-катарда. Алдыда Иран, Япония, Таиланд, Өзбекстан, Австралия жана Ливан турат.
Эске салсак, континенталдык чемпиондук 2021-жылдын 23-мартынан 3-апрелине чейин өтөт.
Жумабай Акимов