Куудул десек эле көз алдыбызга тамашакөй адам элестейт эмеспи. Борончу агабыз олуттуу темаларда сүйлөгөндү жакшы көрөт экен. Андан да кызыгы, муңдуу ырларды ырдап жүрүп атактуулукка жолун түптөптүр. Аны белгилүү Чубак Сатаев сахнага чыгарганын уккансызбы? 30 жыл мурун эле вайн тартып баштаганын билчү белеңиз? Мына ушул жана башкалар тууралуу маегибизде сөз болду.
«МЕНДЕ ЭКИ АДАМ ЖАШАЙТ»
– Адамдын калыптанышына ай, жыл, чөйрө жана ата теги таасир берет экен. Жылдыз белгим боюнча эгиздермин. Демек, менде эки адамдын мүнөзү бар. Сахнага башка Борончу чыгат. Кадимки жашоомдо түнтмүн, көп сүйлөгөнгө караганда, көп окуганды жакшы көрөм. Сахнада гана ачылып-чачылып кетпесем, дээрлик токтоомун. Конокко барганда көп сүйлөбөй турганымды билбегендер «качан бул күлдүрүп баштайт?» дегенсип карай беришет.
Жыл дегеним, жылкы жылында төрөлгөм. Жылкыны арабага чегип коюп бардык ишти кылдыра бересиң го, ошондой эмгекчил, тажабай бир нерсени кыла берген жанмын. Ата-энеме келсек, апам да жамакчы, тамашакөй киши болгон, канымда бар. Чөйрөм чыгармачылыкта жүргөн адамдар болгону үчүн ушул жолго түштүм деп ойлойм. Кичинемден артист болом дечүмүн. Ырдачумун, роль аткарчумун, көркөм ийримдерге катышчумун. Шакин Эсенгулов деген мыкты инсан жетектеген «Бекбекей» деген бий ансамбли чыккан, ошонун курамында элем. Ал кезде «чоң шаарларда, анан Жумгалда эле драма театр бар» деп мактанып калчу элек. Бейбаш балдарды кесиптик орто окуу жайларга айдап жиберишчү. Ошолордун катарында болчумун. Ошол жерден өнөрүм ачылып, Бишкекке чейин барып диплом алып жүрдүм. Кызыгы, мен алгач сахнага куудул эмес, ырчы болуп чыккам. Болгондо да терең, муңдуу ырларды ырдачу элем. Кийин шартка байланыштуу куудул болуп калгам (күлүп).
Орто окуу жайынан аскердик кызматка чакырылдым. Келгенден кийин «Кыргыз-Автомаш» деген заводдо ширетүүчү болуп иштеп калдым. Анда төрт бала жакын дос элек. Үчөөбүз кийин элге белгилүү болуп кеттик. Бири Таалай Бектурганов, бири Болот Алымкулов, аны Жимми деп коёт эмеспизби, бири мен. Ошол учурда «Ак тилек» деген топ түзүп алганбыз. Майрамдарда ырдап, элдин көңүлүн ачып, эл таанып калган кез болчу.«ЧУБАК САТАЕВГЕ КОШУЛУП КЕТКЕМ»
– Жашпыз да, кыздарга барабыз. «Ийри-буйрунун кыздарына барабыз» деп калчу элек, анткени ийри-буйрусунан түшкөн кыздар жатаканасы бар эле. Ал жерде ансамблди жетектеген Таалай деген агайыбыз жашачу. Ал Чубак Сатаевдин жакын досу экен. Бир күнү туулган күнүнө барсак Чубак Сатаев келип калды. Азыр ырчыны көрбөгөн жерибиз жок болуп жатпайбы. Биздин убакта популярдуу ырчынын жүзүн көрүү мүмкүн эмес эле. «Мыскыл жана тамашада» бир көрсөк, «Арноо концертинде» бир көрчүбүз. Жүзүн көргөнгө ушунча ынтызар болчубуз. Ошол жерден Таалай ырдап калды, мен шылдырак менен ырдап калдым. «Сенин үнүң меникине окшош экен, жүрү, мени менен концерт койбойсуңбу?» деп Чубак Сатаев айтып калды. Заводдо «моюнунан байлаган ит ууга жарабайт» болуп араң иштеп жүргөм. Дароо ишимди таштап ээрчип кеттим. Ошол боюнча анын жанында ырдап 4 жыл жүрдүм. Азыр «Алтын фонддо» экөөбүз ырдаган ырлар сакталып турат. Мен анын «Жаз жамгыры» деген ырын аткарчу элем. Бир жолу радиого маек берип жатсам «бир жигиттин «Жаз жамгыры» деген ыры бар экен, ошону угуп, анан маегибизди уланталы» дешти. Мен ырдаган ыр экенин өздөрү деле билишпейт экен. «Мен ырдагам» деп тамашалап маекти бүтүргөнбүз. Үйлөнүп, Чубак Сатаевди өкүл ата кылгам.
Өзүмдү куудулмун деп эсептебейм, мен аракетчил адаммын. Анткени Чубак ырдагандан кийин эс алып турганча мен сахнага чыгып эл менен сүйлөшүп, көңүлдөрүн көтөрүп жатып эле куудул болуп калдым. Кийин жагып калып, ошол жагына көбүрөөк басым жасап кеттим. Тубаса куудул Манас Бердибеков болчу. Басканы, сүйлөгөнү, кыймылдаганы деле аябай күлкүлүү эле. Аны менен көп иштешип калдым.
Чубак менен иштешип жүргөн кезде Бек Борбиев деген жигит келди. Ош шаарында концерт коюп жүргөнбүз. Жапжаш жигит болчу. Анда мени байке дечү, кийин тоготпой калбадыбы (күлүп). Ал мага жолугуп «байке, мени концертинде бир чыгарып койсунчу, Чубак Сатаевге айта барасызбы» деди. «Ырдап көрсөң» десем аккордеон менен «Делбиримди» ырдады, ыры жакшы экен. Мен Чубакка айтып, концертке чыгардык, эл жакшы кабыл алды. Чубакта ичи тардык, көрө албастык деген сапат такыр жок болчу. Бек чыгып ырдагандан кийин Чубак «сен менден кийин чыга турган ырчы экенсиң» деди. Өзү жөнөкөй эле. Азыркылар эки ыр ырдап коюп адамды үстүдөн карап жатышпайбы. Болбосо кыргыз элинде Чубактай популярдуу ырчы боло элек. Ал филармонияга 18 күн тынбай концерт койгон, дем алыш күндөрү экиден сеанс койчубуз, элестет. Азыр «мен жылдызмын» дегендин баары топтолсо да эки күнгө элди кармай албайт.
Кийин Бек мага «мени менен иштебейсизби?» деп калды. Чубактын уруксаты менен «Бек» ансамблине кеттим. Тыпылдаган бир тың кыз жүргөн экен, аны кошуп алдык. Ал Асел Турдалиева эле. Кийин түштүк жакта гастролдоп жүрүп тыпылдаган кичинекей жигитти көрдүк. Ямаханы ала калып, коё калган тыкан, өз ишин жакшы билген жигит экен. «Мен артыңарда ямаха чертип турайын» деп калды. Асел, Бек ырдашат, мен куудулданам, концертти алып барам. Ортодогу убакытта аркабызда ямаха чертип турса тим эле сонун болуп калат экен. Бек «сонун экен, ээ? Кел, ушул жигитти кошуп алалы» деди. Ал Кубик Калыков болчу. Ага чейин Бек аккордеон менен гана ырдачу, эстрадага салган Кубик болду. Удаа эле «Биз» тобу чыкты. Ал кезде ушул эки ысым катуу популярдуу болуп турган. Кассетанын бир бетинде Бектин ырлары болсо, экинчисинде «Биз» тобунун ырлары эле. Бир жолу Бектин үйүндө конок болуп калсак бир коңшу кызы келип өзүнүн кассетасын сурап калды. «Эмне кассета эле?» деп сурасак, Бекке «бир жагы «Биздики» экинчи жагы сиздики» деп жатпайбы. Боорубуз эзилип калган.
«ЫРЧЫЛЫГЫМ КӨЛӨКӨДӨ КӨРҮНБӨЙ КАЛДЫ»
– Мен мааниси терең, муңдуу ырларды аткарганды жакшы көрчүмүн. Азыр деле ошондой ырларга жан дүйнөм тартып турат. Тамашалуу ырларды ырдайын десем жүрөктөн чыкпайт, окшошпойт. Мурун эл ырдын сөзүнө, обонуна маани берчү. Мына ошол ырлар азыр деле жашап келет. Кийин эле сөзү тантыраган музыка менен шөкөттөлгөн ырлар чыгып калбадыбы. Жогоруда айткандай, 4 жыл Чубак, 4 жыл Бек менен жүрдүм. Экөө тең популярдуу болушту. Менин ырчылыгымды экөөнүн атактуулугу басып кетти окшойт. Эми Чубак менен Бектин жанында ким өзүн ырчы сезет? Чубактын тушунда миң балекет сонун ырды башка ырчы ырдап жатса да эл Чубактыкын угушчу. Бек ырдап жатканда да ошондой болду. Чубактын жанында жүргөндө ал кандай жылдыз болсо, мен деле ошондой болдум. Жанында шылдырак кагып жатып колдорум жооруп кетчү. Кол чабылса да экөөбүзгө чабылат. Аны макташса, мени деле мактай беришчү. Эйфория болуп, эреркеп, башка бир дүйнөдө жүргөндөй болосуң.
8 жыл ошондой болду, кийин «башка ырчылар деле ырдап жанын баксынчы. Мен чыксам такыр эле ырдай албай калышпасын» деп жөн койдум (күлүп). Ырчылык өнөрүм эми ачылат окшойт, анткени маданият министри фонограмма менен ырдаганга тыюу салабыз деп жатпайбы. Ушундай учурда жылдызым жанабы деп турам (күлүп). Ошол кездери куудулдар менен да көп жүрүп калдым. Куудулдук өнөр жакын сезилип калды, ошол тарапка кеттим. Эл мени куудул катары таанып калды. Өзүмдүн жеке концерттеримди берип жүрдүм, залга эл батпай калчу. Бирок ал кезде текеберчилик жок эле. Азыркы жаштар биздей жылдыз болбосо керек. Анткени элдин овациясы, сүйүүсү, суктануусу менен жашап жүрдүк. Тайтактап кеткен жокпуз.
«ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН КӨБҮНҮН ИДЕЯСЫ МЕНИКИ»
– Бала кезден кино актёр болгум келчү. Байкасам, табиятым телеге жакын экен. Азыр вайн деген мода болбодубу, ошону 30 жыл мурун эле тартып койгом. Мыктыбек Арстанбек экөөбүз камераны сүйрөп алып Манас Бердибековдун күлкүлүү окуяларын тартып калчубуз. Кээде мен тартылчумун. 5-10 мүнөттүк видеолор 5 сааттай болуп топтолгон, теледе иштеген бир кыз алып, кийин жоголуп кетти. Жоготуп эле ийди го, болбосо чыгат эле. Өзүмдүн «Узун-кыска» деген көрсөтүүм бар болчу. Бир кыз менен алып барчумун. Ушундайды айтсам эле кээ бирөө таарынып калат. «Ысык-Көлдө кадыр түн» деген фестиваль менин долбоорум болчу, кийин эле башкача болуп кетти. Ушул сыяктуу нерселерди уюштуруп келе жатам. Былтыр «Борончу фест» деп күлкү кечесин уюштуруп, кошуна өлкөдөгүлөрдүн куудулдарын чакыргам. Так ошол күнү Алмазбек Атамбаевди кармайбыз деп калышты. Чет жактан келгендер «булардын дагы революциясы башталды» дешип үркүп, концертим жакшы болбой калды. Бирок баарына гонорар төлөп бердим, ыраазы кылып узаттым. Быйыл деле аракет кылып Ош шаарына өткөрөм деп турам. Эл аралык фестивалдарга катышып турам. «Ушундан акча таап алайын» деген адам болсо ойлогон ою ишке ашпай калса, «мынча акчаны кантип жабам?» деп ооруп калмак. Мен чыгармачылык менен ооруйм. Иши кылып бир нерсени ойлонуп, аны ишке ашырып турушум керек. Бүгүн ойлогонумдай болбой калса, эртең «ий, муну бир аз башкача кылып жасап көрүш керек» деп ойлоном.
Чыгармачылык жолумда түрдүү күндөр болду. Табиятымдан эле бирөө менен жакшы мамиледе болсом, аны бир тууганымдай көрүп алам. Ал мага кыянаттык кылса да оор кабыл алам. «Эмнеге мындай кылды?» дей берем.
«АТАМБАЕВ МЕНЕН ДЕБАТКА АТАЙЫН ЧЫГАРБАЙ КОЮШКАН»
– Бул жолу Жамбыл Камчиев президенттикке талапкерлигин койбодубу. Мен бул жолу да өзүмдүн талапкерлигимди коюп, мурунку оюмду айтайын дегем. Кайра апендидей кайталай бербейинчи дедим. Мен президент болом деп койгон эмесмин. Мага талапкерлерге койгон талап жаккан жок, ошого каршылык катары талапкерлигимди койгом. Оюмда ажо башкача тандалышы керек эле. 3-4 ай мурун президент болом деген адам программасын сунуштап, аны комиссия көрүп, ошол жерден билим деңгээлин, канча тил билерин билип, ошондон иргелип өткөндөрдү гана арыз жазгыла деши керек болчу. Эмне президенттик «официант керек» дегендей эле нерсеби? Буга олуттуу караш керек. Эгерде башка бирөө койсо, демек, мен деле коём деген ойду айткым келген. Азыр деле ошол ойдомун. Ошол кезде президент болом дегенде да «Атамбаев менен дебатка чыксам» деген ой бар эле. Ага атайылап жеткирбей коюшкан.«ТҮГӨЙҮМ КОЛДОП КЕЛЕТ»
– Чыгармачылыкта жүргөндөрдүн арасында досторум көп эмеспи. Аяштарымдын кызганып жатып күйөөлөрүн артка тарткандарын көрүп жүрөм. Үйдө тынчтык болгондо гана эркек эшикке чыгып акча таап келет. Келинчегим аябай жардам берди, кызганып, «ал эле, бул эле» деген жок. Жеңеңер сатираларымдын биринчи күйөрманы. Ага биринчи репетиция кылып, күлсө «ии, жакшы экен» деп калам. Өмүр бою талаалап жүрдүк, ошого макул болду, колдоду. Сахнага чыгып аялдар тууралуу айта берсем эл ойлойт болуш керек, «аялы укмуш ажаан болуш керек» деп. Ашыкча сүйлөбөйт, токтоо, чарбачыл. Эки уулубуз бар. Улуусу 25 жашка чыгып калды, быйыл келин алалы деп турабыз. Экинчи уулум студент. Иштеп, дагы жакшы нерселерди элге тартуулайлы деген изги үмүт менен келе жатабыз.Кубик Калыков, куудул: «БОРОНЧУ ШКАФТЫН ИЧИНЕ ЖАШЫНГАНДА...»
– Борончу таланттуу жигит. Ыраматылык Чубак Сатаев менен чогуу иштешип, илгери эле залкарлар менен табакташ болгон. Биз «Бек» эстрада тобу уюшулганда чогуу иштеп калдык. Экөөбүз куудул болуп сахнага чогуу чыкчубуз. Борончунун артисттик жагы күчтүү, өзүнө жарашкан образдарды да таап алат. Башка бирөөнү туурабай, оригиналдуу нерселер менен чыгат. Негизги өзгөчөлүгү – ушунчалык эмгекчил, аны менен теңдер чарчаса да, ал чарчабайт, жүгүрүп эле жүрөт. Идеялары куюлуп эле турат, жаны тынбайт. Биздин куудулдардан эч кимиси казак, өзбектердин куудулдарына барып аракет кылбай эле жүрүшпөйбү. Бул фестиваль өткөрүп, ар кайсы жакка барып алпурушуп жүрөт. Өзүнө ишенген адам гана мындай иштерди кылат.
Мурун ырдачу, бирок мен Борончуну куудул катары эле кабыл алам. Ырчы катары да өзүн тааныткысы келип, аракет кылып жүрөт. Азыр ырчы көп, биз ырчы аз кезинде чыгып атыбызды чыгарып алдык (күлүп).
Эсиме бир окуясы түшүп кетти. Бир жолу мейманканада жатабыз. Гастролдоп жүргөнбүз. Балкондон чуркап кирип «мени жок деп кой» деп, шкафтын ичине кирип жашынып алды. Мен түшүнбөй калдым. Анан бир кыз келди, дарбыз көтөрүп алыптыр, сумкасында суусундугу бар экен. Борончуну сурады. Тигинин шкафта бекинип отурганын билем да, тамашакөй жаным шашпастан «кел, кир, карындашым» деп киргизип алдым. Алып келген дарбызын союп жеп, суусундугун ичип, аны менен жарым сааттан ашык сүйлөшүп отурдум. Анан «Борончу жок эле» деп узатып койдум. Борончу шкафтан чыгып алып сөгөт (күлүп). Биздин учурда ушундай фанаттар бар болчу. Ошондо тиги кыздан эмнеге качканын сурабаптырмын.Сүйүнбек Эстебесов, классташы: «БОКЕМ АТАМАНДАРДЫН ЖАНЫНДА ЖҮРЧҮ»
– Биз кичинесинен Борончу менен чогуу өстүк. Бир айылда, бир мектепте чогуу окуганбыз. Анда куудул болуп кетерин билген эмеспиз, анда-санда күлдүрүп коюп жүрчү. Бирок ырдачу эле. Аккордеон чертип, мектептеги иш-чаралардан калчу эмес, сынактарга катышып жүрчү. Бокемдин таланты бар, бирок эмгек анын ийгилигинин көп пайызын түздү. Жаны тынбайт, өжөр.
Биздин убакта атаман дегендер болчу эмес беле. Бокем өзү атаман болбосо да, атамандардын жанында жүрчү (күлүп). Кичинекей болуп алып аябай күрөшчү. Айылда кыздарды отурушка чакырчу элек. Ошондо кыздардын баарын Борончу алып чыкчу. Ата-энелер бизге ишенчү эмес, Бокемди көрсө эле ишенип, кыздарына уруксат берер эле.
Мектепте жүргөндө классташ кызыбызга ашык болду. Өзүнө окшош, бою кичине эле, экөөнүкү өзүнчө эле легенда болду. Кыз айылдын ылдый жагында жашачу. Борончу кыздарды ээрчитип алып «тиги кызды чакырып бергиле» дейт. Алар суукта үшүп кызды үйүнөн чакырып беришет. Экөө сүйлөшүп тура беришет, кыздар тоңуп калчу экен. Кийин айтып күлдүрүп жатышпайбы. Кызыгы, ал кызды кайра эле башка классташыбыз ала качып кетти. Мурда тамашалап «эй, абайла, Борончу биз жакка гастролго келе жатыптыр, аялыңды жакшы кара» деп калчу элек (күлүп). Борончу менен азыркыга чейин жакшы катыштабыз. Чыгармачылыгы өркүндөй берсин.Болсунбек Стакеев, куудул: «БОРОНЧУ БАЙКЕ КЕҢЕШИН АЯБАЙТ»
– Улуу куудул агаларыбыздын баары эле бизге жол көрсөтүп, акылын айтышат. Куудулдукту үйрөтө турган бир мектеп болбогондон кийин мурункуларды көрүп кийинкибиз чыгып келе жатабыз. Борончу агабыз да колдон келген жардамын аяган жок. Куудулдук өнөргө келгенден бери Борончу агабызды билем, жакын болуп кеткенибизге 5-6 жыл болуп калды. Куудулдук өнөрү боюнча Борончу байке бир нерсени мыскылдап, акырын эле чучугуңа жеткирип айтат. Аягында жылмайып койгону бар. Адатта тополоң салып ийген, ачуусу чукул жеңил адамдар болот го, Борончу байке андай эмес. Аябай токтоо, сабырдуулугуна баа берем. Анан улам бир ишти баштай берет, ага да чоң жүрөк керек. Коркпой баштап, болбой калса кейибей, дагы бир нерсе ойлоп таап жүрө бергенин баалайм.
Нуржамал Жийдебаева