реклама
Архив
944   945  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Борончу Кудайбергенов, куудул: «ЫРЧЫЛЫГЫМ ЭКИ ЫРЧЫНЫН КӨЛӨКӨСҮНДӨ КАЛДЫ»

№944 7-13-январь, 2021-ж.


Куудул десек эле көз алдыбызга тамашакөй адам элестейт эмеспи. Борончу агабыз олуттуу темаларда сүйлөгөндү жакшы көрөт экен. Андан да кызыгы, муңдуу ырларды ырдап жүрүп атактуулукка жолун түптөптүр. Аны белгилүү Чубак Сатаев сахнага чыгарганын уккансызбы? 30 жыл мурун эле вайн тартып баштаганын билчү белеңиз? Мына ушул жана башкалар тууралуу маегибизде сөз болду.

«МЕНДЕ ЭКИ АДАМ ЖАШАЙТ»

– Адамдын калыптанышына ай, жыл, чөйрө жана ата теги таасир берет экен. Жылдыз белгим боюнча эгиздермин. Демек, менде эки адамдын мүнөзү бар. Сахнага башка Борончу чыгат. Кадимки жашоомдо түнтмүн, көп сүйлөгөнгө караганда, көп окуганды жакшы көрөм. Сахнада гана ачылып-чачылып кетпесем, дээрлик токтоомун. Конокко барганда көп сүйлөбөй турганымды билбегендер «качан бул күлдүрүп баштайт?» дегенсип карай беришет.

Жыл дегеним, жылкы жылында төрөлгөм. Жылкыны арабага чегип коюп бардык ишти кылдыра бересиң го, ошондой эмгекчил, тажабай бир нерсени кыла берген жанмын. Ата-энеме келсек, апам да жамакчы, тамашакөй киши болгон, канымда бар. Чөйрөм чыгармачылыкта жүргөн адамдар болгону үчүн ушул жолго түштүм деп ойлойм. Кичинемден артист болом дечүмүн. Ырдачумун, роль аткарчумун, көркөм ийримдерге катышчумун. Шакин Эсенгулов деген мыкты инсан жетектеген «Бекбекей» деген бий ансамбли чыккан, ошонун курамында элем. Ал кезде «чоң шаарларда, анан Жумгалда эле драма театр бар» деп мактанып калчу элек. Бейбаш балдарды кесиптик орто окуу жайларга айдап жиберишчү. Ошолордун катарында болчумун. Ошол жерден өнөрүм ачылып, Бишкекке чейин барып диплом алып жүрдүм. Кызыгы, мен алгач сахнага куудул эмес, ырчы болуп чыккам. Болгондо да терең, муңдуу ырларды ырдачу элем. Кийин шартка байланыштуу куудул болуп калгам (күлүп).

Орто окуу жайынан аскердик кызматка чакырылдым. Келгенден кийин «Кыргыз-Автомаш» деген заводдо ширетүүчү болуп иштеп калдым. Анда төрт бала жакын дос элек. Үчөөбүз кийин элге белгилүү болуп кеттик. Бири Таалай Бектурганов, бири Болот Алымкулов, аны Жимми деп коёт эмеспизби, бири мен. Ошол учурда «Ак тилек» деген топ түзүп алганбыз. Майрамдарда ырдап, элдин көңүлүн ачып, эл таанып калган кез болчу.

«ЧУБАК САТАЕВГЕ КОШУЛУП КЕТКЕМ»

– Жашпыз да, кыздарга барабыз. «Ийри-буйрунун кыздарына барабыз» деп калчу элек, анткени ийри-буйрусунан түшкөн кыздар жатаканасы бар эле. Ал жерде ансамблди жетектеген Таалай деген агайыбыз жашачу. Ал Чубак Сатаевдин жакын досу экен. Бир күнү туулган күнүнө барсак Чубак Сатаев келип калды. Азыр ырчыны көрбөгөн жерибиз жок болуп жатпайбы. Биздин убакта популярдуу ырчынын жүзүн көрүү мүмкүн эмес эле. «Мыскыл жана тамашада» бир көрсөк, «Арноо концертинде» бир көрчүбүз. Жүзүн көргөнгө ушунча ынтызар болчубуз. Ошол жерден Таалай ырдап калды, мен шылдырак менен ырдап калдым. «Сенин үнүң меникине окшош экен, жүрү, мени менен концерт койбойсуңбу?» деп Чубак Сатаев айтып калды. Заводдо «моюнунан байлаган ит ууга жарабайт» болуп араң иштеп жүргөм. Дароо ишимди таштап ээрчип кеттим. Ошол боюнча анын жанында ырдап 4 жыл жүрдүм. Азыр «Алтын фонддо» экөөбүз ырдаган ырлар сакталып турат. Мен анын «Жаз жамгыры» деген ырын аткарчу элем. Бир жолу радиого маек берип жатсам «бир жигиттин «Жаз жамгыры» деген ыры бар экен, ошону угуп, анан маегибизди уланталы» дешти. Мен ырдаган ыр экенин өздөрү деле билишпейт экен. «Мен ырдагам» деп тамашалап маекти бүтүргөнбүз. Үйлөнүп, Чубак Сатаевди өкүл ата кылгам.

Өзүмдү куудулмун деп эсептебейм, мен аракетчил адаммын. Анткени Чубак ырдагандан кийин эс алып турганча мен сахнага чыгып эл менен сүйлөшүп, көңүлдөрүн көтөрүп жатып эле куудул болуп калдым. Кийин жагып калып, ошол жагына көбүрөөк басым жасап кеттим. Тубаса куудул Манас Бердибеков болчу. Басканы, сүйлөгөнү, кыймылдаганы деле аябай күлкүлүү эле. Аны менен көп иштешип калдым.

Чубак менен иштешип жүргөн кезде Бек Борбиев деген жигит келди. Ош шаарында концерт коюп жүргөнбүз. Жапжаш жигит болчу. Анда мени байке дечү, кийин тоготпой калбадыбы (күлүп). Ал мага жолугуп «байке, мени концертинде бир чыгарып койсунчу, Чубак Сатаевге айта барасызбы» деди. «Ырдап көрсөң» десем аккордеон менен «Делбиримди» ырдады, ыры жакшы экен. Мен Чубакка айтып, концертке чыгардык, эл жакшы кабыл алды. Чубакта ичи тардык, көрө албастык деген сапат такыр жок болчу. Бек чыгып ырдагандан кийин Чубак «сен менден кийин чыга турган ырчы экенсиң» деди. Өзү жөнөкөй эле. Азыркылар эки ыр ырдап коюп адамды үстүдөн карап жатышпайбы. Болбосо кыргыз элинде Чубактай популярдуу ырчы боло элек. Ал филармонияга 18 күн тынбай концерт койгон, дем алыш күндөрү экиден сеанс койчубуз, элестет. Азыр «мен жылдызмын» дегендин баары топтолсо да эки күнгө элди кармай албайт.

Кийин Бек мага «мени менен иштебейсизби?» деп калды. Чубактын уруксаты менен «Бек» ансамблине кеттим. Тыпылдаган бир тың кыз жүргөн экен, аны кошуп алдык. Ал Асел Турдалиева эле. Кийин түштүк жакта гастролдоп жүрүп тыпылдаган кичинекей жигитти көрдүк. Ямаханы ала калып, коё калган тыкан, өз ишин жакшы билген жигит экен. «Мен артыңарда ямаха чертип турайын» деп калды. Асел, Бек ырдашат, мен куудулданам, концертти алып барам. Ортодогу убакытта аркабызда ямаха чертип турса тим эле сонун болуп калат экен. Бек «сонун экен, ээ? Кел, ушул жигитти кошуп алалы» деди. Ал Кубик Калыков болчу. Ага чейин Бек аккордеон менен гана ырдачу, эстрадага салган Кубик болду. Удаа эле «Биз» тобу чыкты. Ал кезде ушул эки ысым катуу популярдуу болуп турган. Кассетанын бир бетинде Бектин ырлары болсо, экинчисинде «Биз» тобунун ырлары эле. Бир жолу Бектин үйүндө конок болуп калсак бир коңшу кызы келип өзүнүн кассетасын сурап калды. «Эмне кассета эле?» деп сурасак, Бекке «бир жагы «Биздики» экинчи жагы сиздики» деп жатпайбы. Боорубуз эзилип калган.

«ЫРЧЫЛЫГЫМ КӨЛӨКӨДӨ КӨРҮНБӨЙ КАЛДЫ»

– Мен мааниси терең, муңдуу ырларды аткарганды жакшы көрчүмүн. Азыр деле ошондой ырларга жан дүйнөм тартып турат. Тамашалуу ырларды ырдайын десем жүрөктөн чыкпайт, окшошпойт. Мурун эл ырдын сөзүнө, обонуна маани берчү. Мына ошол ырлар азыр деле жашап келет. Кийин эле сөзү тантыраган музыка менен шөкөттөлгөн ырлар чыгып калбадыбы. Жогоруда айткандай, 4 жыл Чубак, 4 жыл Бек менен жүрдүм. Экөө тең популярдуу болушту. Менин ырчылыгымды экөөнүн атактуулугу басып кетти окшойт. Эми Чубак менен Бектин жанында ким өзүн ырчы сезет? Чубактын тушунда миң балекет сонун ырды башка ырчы ырдап жатса да эл Чубактыкын угушчу. Бек ырдап жатканда да ошондой болду. Чубактын жанында жүргөндө ал кандай жылдыз болсо, мен деле ошондой болдум. Жанында шылдырак кагып жатып колдорум жооруп кетчү. Кол чабылса да экөөбүзгө чабылат. Аны макташса, мени деле мактай беришчү. Эйфория болуп, эреркеп, башка бир дүйнөдө жүргөндөй болосуң.

8 жыл ошондой болду, кийин «башка ырчылар деле ырдап жанын баксынчы. Мен чыксам такыр эле ырдай албай калышпасын» деп жөн койдум (күлүп). Ырчылык өнөрүм эми ачылат окшойт, анткени маданият министри фонограмма менен ырдаганга тыюу салабыз деп жатпайбы. Ушундай учурда жылдызым жанабы деп турам (күлүп). Ошол кездери куудулдар менен да көп жүрүп калдым. Куудулдук өнөр жакын сезилип калды, ошол тарапка кеттим. Эл мени куудул катары таанып калды. Өзүмдүн жеке концерттеримди берип жүрдүм, залга эл батпай калчу. Бирок ал кезде текеберчилик жок эле. Азыркы жаштар биздей жылдыз болбосо керек. Анткени элдин овациясы, сүйүүсү, суктануусу менен жашап жүрдүк. Тайтактап кеткен жокпуз.

«ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН КӨБҮНҮН ИДЕЯСЫ МЕНИКИ»

– Бала кезден кино актёр болгум келчү. Байкасам, табиятым телеге жакын экен. Азыр вайн деген мода болбодубу, ошону 30 жыл мурун эле тартып койгом. Мыктыбек Арстанбек экөөбүз камераны сүйрөп алып Манас Бердибековдун күлкүлүү окуяларын тартып калчубуз. Кээде мен тартылчумун. 5-10 мүнөттүк видеолор 5 сааттай болуп топтолгон, теледе иштеген бир кыз алып, кийин жоголуп кетти. Жоготуп эле ийди го, болбосо чыгат эле. Өзүмдүн «Узун-кыска» деген көрсөтүүм бар болчу. Бир кыз менен алып барчумун. Ушундайды айтсам эле кээ бирөө таарынып калат. «Ысык-Көлдө кадыр түн» деген фестиваль менин долбоорум болчу, кийин эле башкача болуп кетти. Ушул сыяктуу нерселерди уюштуруп келе жатам. Былтыр «Борончу фест» деп күлкү кечесин уюштуруп, кошуна өлкөдөгүлөрдүн куудулдарын чакыргам. Так ошол күнү Алмазбек Атамбаевди кармайбыз деп калышты. Чет жактан келгендер «булардын дагы революциясы башталды» дешип үркүп, концертим жакшы болбой калды. Бирок баарына гонорар төлөп бердим, ыраазы кылып узаттым. Быйыл деле аракет кылып Ош шаарына өткөрөм деп турам. Эл аралык фестивалдарга катышып турам. «Ушундан акча таап алайын» деген адам болсо ойлогон ою ишке ашпай калса, «мынча акчаны кантип жабам?» деп ооруп калмак. Мен чыгармачылык менен ооруйм. Иши кылып бир нерсени ойлонуп, аны ишке ашырып турушум керек. Бүгүн ойлогонумдай болбой калса, эртең «ий, муну бир аз башкача кылып жасап көрүш керек» деп ойлоном.

Чыгармачылык жолумда түрдүү күндөр болду. Табиятымдан эле бирөө менен жакшы мамиледе болсом, аны бир тууганымдай көрүп алам. Ал мага кыянаттык кылса да оор кабыл алам. «Эмнеге мындай кылды?» дей берем.

«АТАМБАЕВ МЕНЕН ДЕБАТКА АТАЙЫН ЧЫГАРБАЙ КОЮШКАН»

– Бул жолу Жамбыл Камчиев президенттикке талапкерлигин койбодубу. Мен бул жолу да өзүмдүн талапкерлигимди коюп, мурунку оюмду айтайын дегем. Кайра апендидей кайталай бербейинчи дедим. Мен президент болом деп койгон эмесмин. Мага талапкерлерге койгон талап жаккан жок, ошого каршылык катары талапкерлигимди койгом. Оюмда ажо башкача тандалышы керек эле. 3-4 ай мурун президент болом деген адам программасын сунуштап, аны комиссия көрүп, ошол жерден билим деңгээлин, канча тил билерин билип, ошондон иргелип өткөндөрдү гана арыз жазгыла деши керек болчу. Эмне президенттик «официант керек» дегендей эле нерсеби? Буга олуттуу караш керек. Эгерде башка бирөө койсо, демек, мен деле коём деген ойду айткым келген. Азыр деле ошол ойдомун. Ошол кезде президент болом дегенде да «Атамбаев менен дебатка чыксам» деген ой бар эле. Ага атайылап жеткирбей коюшкан.

«ТҮГӨЙҮМ КОЛДОП КЕЛЕТ»

– Чыгармачылыкта жүргөндөрдүн арасында досторум көп эмеспи. Аяштарымдын кызганып жатып күйөөлөрүн артка тарткандарын көрүп жүрөм. Үйдө тынчтык болгондо гана эркек эшикке чыгып акча таап келет. Келинчегим аябай жардам берди, кызганып, «ал эле, бул эле» деген жок. Жеңеңер сатираларымдын биринчи күйөрманы. Ага биринчи репетиция кылып, күлсө «ии, жакшы экен» деп калам. Өмүр бою талаалап жүрдүк, ошого макул болду, колдоду. Сахнага чыгып аялдар тууралуу айта берсем эл ойлойт болуш керек, «аялы укмуш ажаан болуш керек» деп. Ашыкча сүйлөбөйт, токтоо, чарбачыл. Эки уулубуз бар. Улуусу 25 жашка чыгып калды, быйыл келин алалы деп турабыз. Экинчи уулум студент. Иштеп, дагы жакшы нерселерди элге тартуулайлы деген изги үмүт менен келе жатабыз.

Кубик Калыков, куудул: «БОРОНЧУ ШКАФТЫН ИЧИНЕ ЖАШЫНГАНДА...»

– Борончу таланттуу жигит. Ыраматылык Чубак Сатаев менен чогуу иштешип, илгери эле залкарлар менен табакташ болгон. Биз «Бек» эстрада тобу уюшулганда чогуу иштеп калдык. Экөөбүз куудул болуп сахнага чогуу чыкчубуз. Борончунун артисттик жагы күчтүү, өзүнө жарашкан образдарды да таап алат. Башка бирөөнү туурабай, оригиналдуу нерселер менен чыгат. Негизги өзгөчөлүгү – ушунчалык эмгекчил, аны менен теңдер чарчаса да, ал чарчабайт, жүгүрүп эле жүрөт. Идеялары куюлуп эле турат, жаны тынбайт. Биздин куудулдардан эч кимиси казак, өзбектердин куудулдарына барып аракет кылбай эле жүрүшпөйбү. Бул фестиваль өткөрүп, ар кайсы жакка барып алпурушуп жүрөт. Өзүнө ишенген адам гана мындай иштерди кылат.

Мурун ырдачу, бирок мен Борончуну куудул катары эле кабыл алам. Ырчы катары да өзүн тааныткысы келип, аракет кылып жүрөт. Азыр ырчы көп, биз ырчы аз кезинде чыгып атыбызды чыгарып алдык (күлүп).

Эсиме бир окуясы түшүп кетти. Бир жолу мейманканада жатабыз. Гастролдоп жүргөнбүз. Балкондон чуркап кирип «мени жок деп кой» деп, шкафтын ичине кирип жашынып алды. Мен түшүнбөй калдым. Анан бир кыз келди, дарбыз көтөрүп алыптыр, сумкасында суусундугу бар экен. Борончуну сурады. Тигинин шкафта бекинип отурганын билем да, тамашакөй жаным шашпастан «кел, кир, карындашым» деп киргизип алдым. Алып келген дарбызын союп жеп, суусундугун ичип, аны менен жарым сааттан ашык сүйлөшүп отурдум. Анан «Борончу жок эле» деп узатып койдум. Борончу шкафтан чыгып алып сөгөт (күлүп). Биздин учурда ушундай фанаттар бар болчу. Ошондо тиги кыздан эмнеге качканын сурабаптырмын.

Сүйүнбек Эстебесов, классташы: «БОКЕМ АТАМАНДАРДЫН ЖАНЫНДА ЖҮРЧҮ»

– Биз кичинесинен Борончу менен чогуу өстүк. Бир айылда, бир мектепте чогуу окуганбыз. Анда куудул болуп кетерин билген эмеспиз, анда-санда күлдүрүп коюп жүрчү. Бирок ырдачу эле. Аккордеон чертип, мектептеги иш-чаралардан калчу эмес, сынактарга катышып жүрчү. Бокемдин таланты бар, бирок эмгек анын ийгилигинин көп пайызын түздү. Жаны тынбайт, өжөр.

Биздин убакта атаман дегендер болчу эмес беле. Бокем өзү атаман болбосо да, атамандардын жанында жүрчү (күлүп). Кичинекей болуп алып аябай күрөшчү. Айылда кыздарды отурушка чакырчу элек. Ошондо кыздардын баарын Борончу алып чыкчу. Ата-энелер бизге ишенчү эмес, Бокемди көрсө эле ишенип, кыздарына уруксат берер эле.

Мектепте жүргөндө классташ кызыбызга ашык болду. Өзүнө окшош, бою кичине эле, экөөнүкү өзүнчө эле легенда болду. Кыз айылдын ылдый жагында жашачу. Борончу кыздарды ээрчитип алып «тиги кызды чакырып бергиле» дейт. Алар суукта үшүп кызды үйүнөн чакырып беришет. Экөө сүйлөшүп тура беришет, кыздар тоңуп калчу экен. Кийин айтып күлдүрүп жатышпайбы. Кызыгы, ал кызды кайра эле башка классташыбыз ала качып кетти. Мурда тамашалап «эй, абайла, Борончу биз жакка гастролго келе жатыптыр, аялыңды жакшы кара» деп калчу элек (күлүп). Борончу менен азыркыга чейин жакшы катыштабыз. Чыгармачылыгы өркүндөй берсин.

Болсунбек Стакеев, куудул: «БОРОНЧУ БАЙКЕ КЕҢЕШИН АЯБАЙТ»

– Улуу куудул агаларыбыздын баары эле бизге жол көрсөтүп, акылын айтышат. Куудулдукту үйрөтө турган бир мектеп болбогондон кийин мурункуларды көрүп кийинкибиз чыгып келе жатабыз. Борончу агабыз да колдон келген жардамын аяган жок. Куудулдук өнөргө келгенден бери Борончу агабызды билем, жакын болуп кеткенибизге 5-6 жыл болуп калды. Куудулдук өнөрү боюнча Борончу байке бир нерсени мыскылдап, акырын эле чучугуңа жеткирип айтат. Аягында жылмайып койгону бар. Адатта тополоң салып ийген, ачуусу чукул жеңил адамдар болот го, Борончу байке андай эмес. Аябай токтоо, сабырдуулугуна баа берем. Анан улам бир ишти баштай берет, ага да чоң жүрөк керек. Коркпой баштап, болбой калса кейибей, дагы бир нерсе ойлоп таап жүрө бергенин баалайм.

Нуржамал Жийдебаева



Борончу Кудайбергенов: “Ырчылыгым эки ырчынын көлөкөсүндө калды“

Автор: Медина Найманова
Оператор: Элчибек Кыштообаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
11.01.2021. 18:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
24-02-2020
Соӊку аракети:
24-01-2021 09:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сизге ден-соолук,чыгармачылык ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
25035;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: