2021-ЖЫЛЫ ДҮЙНӨНҮ ЖАНА БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

Жаңырган жылда бизди кандай жашоо күтөрүн билүү баарыбызга эле кызык болсо керек. Коронавирустун дүйнөгө жайылуусу күчүн жоготкон жок. Буга кошумча учурда өлкөбүздө саясий туруктуулук толук калыптана элек. Ар бир адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндө “эртең эмне болобуз?” деген суроо бар. Биз белгилүү астрологдорго кайрылып, 2021-жылы Кыргызстанды эмне күтөрүнө карата божомол уктук.

“САЯСАТЧЫЛАР КЫЗМАТ ОРДУНАН КОЛ ЖУУП КАЛЫШЫ МҮМКҮН”

Астролог Жанар Кадыралиевдин божомолу:

– Жаңы жыл келди, эми жыл жакшы болот деген божомолдорду айтуу, же абал дагы начарлайт деп уу-дуу кептерди таратуу туура эмес. Азыркы учурда 12 жылдыз белгидеги доор алмашып жатат. 2020-2021-жылы Балык жылдыз тобунан Суу куяр жылдыз тобуна алмашып жаткан чагы.

2021-жылдагы кооптуу деп саналган айлар

Январь – толугу менен

Февраль – толугу менен

Май – экинчи жарымы

Июнь – толугу менен

Декабрь – толугу менен

Калган айлардын баары жакшы өтөт.

Кыргызстандагы саясий абал

– 2020-жылы болгон оор жагдайлар быйыл да кайталанышы күтүлөт. Айрыкча саясатчылар этият болбосо саясий тирешүүлөр, элдик толкундоолор кайрадан орун алышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Көптөрү кызмат ордунан кол жууп калышы ыктымал.

Экономика

– Кооптуу деп саналган айларда доллардын куну жогорулап-түшүшү ыктымал. Саясий, экономикалык кризис орун албашы үчүн саясатчылар этият болуп, жакшы иштеши кажет.

Кырсыктар

– Жогоруда кооптуу деп саналган айларда жаратылыш кырсыктары, жер титирөө, сел, көчкү жүрүү коркунучу жогору. Аны менен бирге аба ырайында да өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Коомчулукта да, жеке жашоодо да, саясатта да чыңалуулар боло берет.

Астрология илиминде асманда эмне болсо, ал жерге да өз таасирин тийгизет деген түшүнүк бар. Асманда асцендент, десцендент жана зенит, надир деген төрт чекит бар. Төрт чекит кайсы мамлекеттерде активдешип кеткен болсо, тагыраагы, кайсы мамлекеттердин үстүнөн өтүп жатса, ошол мамлекеттер үчүн быйылкы жыл кооптуу болот. Демек, башка мамлекеттерге таасирин бербейт. Жалпы жонунан 2021-жыл кооптуу жылдарга кирет. 2022-жылдан тарта асманда начар түзүлүштөр жок. Демек, жашоонун жеңилдеши күтүлөт.

“ЖУМУШСУЗДУК КҮЧ АЛАТ”

Коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун 2021-жылга карата божомолу.

Саясий абал

– 30 жылдык эгемен доорунда өлкөбүз жашаган саясий систем өзүн актабай, жараксыз, оңдоп-түзөтүүгө муктаждыгын эл түшүнмөйүнчө Кыргызстанда саясий туруксуздук улана берет. Ким президент болбосун жаңылануу да болбойт. Себеби бул саясий систем кыргыздын этногенезине, тарыхый тажрыйбасына, кулк-мүнөзүнө, салтына, наркына карама-каршы келет. Бул абал жаңыланууга жол ачкан, жаңы саясий түзүлүштү өлкөгө орноткон жаңы Баш мыйзам кабыл алганда гана оңолот.

Экономика

– Саясий туруктуулук болбогон соң экономика улам дагы артка кете берет. Баалар өсөт, жумушсуздук күч алып, эл кыйналат.

Дүйнө

– Дүйнө жүзүндө саясий экономика, социалдык абал мындан да курчуйт.

БЫЛТЫР ЭМНЕЛЕР БОЖОМОЛДОНГОН? ЭМНЕЛЕР ДАЛ КЕЛДИ?

Астрологдордун айтымдары көпчүлүк учурда дал келет. Мисалы, Жанар Кадыралиевдин “Супер-Инфо” гезитине 2020-жылга карата айткан божомолдоруна саресеп салып көрөлү.

“Супер-Инфонун” 894-санында Жанар Кадыралиевдин божомолдору төмөнкүчө жазылган: “2020-жылы өзгөрүүлөр көп болот. Өлкөнүн саясий багытын туура тандоо талабы чыгат. Эл толкуп, митингдер өтөт. Чиновниктердин көбү жардамчыларынын, айланасындагылардын туура эмес кеңеши жана элдин талабынан улам кызмат ордуларынан кол жууйт”.

Дал келүү: 6-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоо акыйкатсыз өттү, добуштар сатылды деген нааразычылыктардын жыйынтыгында элдик толкундоо орун алып, өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти. Анын аркасынан көптөгөн чиновниктер кызмат ордунан кол жуушту. Ал эми өлкөнүн саясий багытын, башкаруу системин өзгөртүү маселеси азыркыга чейин талаш-тартыш жаратууда. Алдыда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум күтүлүп жатат.

Кадыралиевдин божомолдорунун биринде 2020-жылдын 8-мартынан 17-апрелине чейин кооптуу абал жаралат дегени бар.

Дал келүү: Дүйнөнүн үшүн алган коронавирус илдети Кыргызстанда алгачкы жолу март айында катталган. Тагыраагы, кичи ажылык үчүн Умрага барып, кайра 13-мартта кайтып келген 3 жарандан вирус аныкталган. Ошондой эле кооптуу мезгил катары 24-июлдан 2-августка чейинки аралык дагы белгиленген болчу. Өзүңүздөр билгендей, жай айларында COVID-19 вирусу көп катталып, каза тапкандардын саны кескин өскөн.

Орусиялык астролог Павел Глобанын божомолдорунун дал келиши

Астрологдун “оор мезгил башталып, ал төрт жылга созулат” деген сөзү бар. Чындыгында оор абал жаралып, коронавирус илдети дүйнөгө жайылды. Эми бул жагынан илдет 4 жылга созулбаса экен деп тилек кылалы. Ошентсе да вирус өз күчүн жоготпой, Батыш өлкөлөрүндө вирустун жаңы штаммдары табылып жатканын баарыбыз окуп жатабыз. “2020-жылы Дональд Трамп тактан түшүп, ордуна башкасы келиши мүмкүн” дегени бар. Айткандай эле АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтүп, жыйынтыгында Жо Байден жеңишке жетти.

Эл аралык аренада күтүлүп жаткан божомолдор боюнча

“Кытайда аймактык бөлүнүүлөр болушу мүмкүн. Бул митинг, каршылык көрсөтүүлөр менен коштолот”. Кытай дегенде коронавирус катталган аймак көз алдыбызга тартылат. Дал ушул оору Кытайда пайда болду. Оору жайылып жаткан учурда чек аралар жабылып, айрым шаарлар толугу менен карантинге алынып, дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна болгон каттоо, алака-катыш үзүлдү.

УЙ ЖЫЛЫНДА ЭМНЕЛЕР БОЛУП ӨТКӨН?

1973-жылы 10-майда – Кыргыздын таланттуу кызы Бүбүсара Бейшеналиева каза болгон.

1985-жылы 6-мартта – Майк Тайсон профессионалдык бокстогу карьерасын баштаган.

1985-жылы 19-сентябрда – Мексикада күчү 8,1 баллга жеткен жер титирөө катталып, 9 миң адам каза болуп, 30 миңдей адам жаракат алган.

1997-жылы 1-июлда – Гонконг Кытайдын карамагына өткөн.

1997-жылы 31-августта – Британия ханбийкеси Диана Уэльская автокырсыктан көз жумган.

2009-жылы 23-июлда – Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө президент болуп шайланган.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 944, 7-13-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан