Эркин күрөш боюнча өлкөбүздөгү көрүнүктүү балбандардын бири, Азия жана Дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбеков үйлөндү. Спортчу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Рахмадил Жуманазаровго күйөө бала, балбан кызыбыз Мээрим Жуманазаровага жезде болду. Баш кошкон эки жашка бакыт каалап, алар менен маектештик.
– Салам, Улукбек, куш боо бек болсун! Бактылуу болгула.
– Рахмат, айтканыңар келсин.
– Байланышканыбызда машыгууда экениңди айттың. Алдыда Олимпиадага жолдомо бере турган турнирлер бар. Машыгуулар жакшы эле жүрүп жатабы?
– Чынын айтканда, тойго чейин кээде эртең мененки же кечки машыгууга бара албай калып жаттым. Эми болду, мындан ары калтырбайм. Машыгууга олуттуу кириштим. Жакында сборлор башталат. Машыктыруучулар кандай план койсо ошону менен кетебиз. Февралда Кыргызстандын биринчилиги болот, алгач ага даярданабыз.
– Салам, Мунара, конгон тууруң туруктуу болсун! Баш кошконуңарга бир аптадай болуп калды. Келиндик доор кандай өтүп жатат? Жаңы бүлөгө көнүшүп калдыңбы?
– Рахмат. Бишкекте эле турабыз. Үйдө жеңил эле экен, эч нерседен кыйналган деле жокмун. Апам (кайненеси) жакшы, мага эч кандай оорчулук жаралган жок. Коноктор келип жатат. Азыр үйгө көнүп калдым. Алгачкы эки күн көнбөй өзүмдү бир аз бөтөн сездим. Анан эмне каякта турганын билип, жеңилирээк боло баштады.
– Турмуштун жаңы баскычына кадам таштадыңар. Сезимдер кандай болду?
Улукбек: – Башында билинбегени менен, үйлөнөргө аз убакыт калганда өзгөчө толкунданат экенсиң. Тойдон кийин толкундоо, коркуу сезими жоголду.
Мунара: – Ата-энемден, үйдөн узап жатканда, жаңы үйгө кирип келе жатканда абдан толкунданып, башкача бир сезимдер болот экен.
– Жубайың спортчунун үй-бүлөсүнөн экен. Ал дагы спортко кызыгабы?
– Келинчегим Мээрим Жуманазарованын бир тууган эжеси. Өзү спорттон алыс. Учурда 23 жашта. Улуттук университеттин юридикалык факультетинде магистратурада окуп жатат, быйыл окуусун бүтүрөт.
– Кантип таанышып калдыңар эле?
Улукбек: – Мен Мунарага Инстаграмдан жазгам. Ошол жактан таанышып, жарым жылдай жазышып жүрдүк. Кийин телефон чалып сүйлөшүүгө өттүк, анан жолугуп, кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. Баш-аягы мамиле курганыбызга эки жылдай болду. Акыркы 1 жылда Мунара менин адамым экенин сездим, үйлөнөм деген чечимге келдим.
– Бири-бириңердин кандай сапаттарыңарды өзгөчө жактырдыңар?
Улукбек: – Мен Мунаранын дайыма жылмайып күлүп жүргөнүн көбүрөөк жактырдым. Анан да жөнөкөйлүгүн.
Мунара: – Улук, биринчиден, абдан камкор. Сөгүнбөйт. Үйгө кайра-кайра гүл ташып, мага жакшы камкордук кылды (күлүп).
– Келиндүү болуп апаңдын кубанычы коюнуна батпай жатса керек?
– Мен үйдүн кичүүсүмүн. Быйыл байкем үйлөнмөк, ал үйлөнбөй калып, кезекти мага өткөрүп берди. Апам баш болуп баары эле сүйүнүп жатышат. Машыктыруучуларымдан башкасы. Билбейм, балким, машыктыруучуларым деле сүйүнүп жаткандыр...
– Тойго канча убакыт даярдандыңар? Канча конок чакырылды?
– Тойго бир айдан ашык даярдандык. Той берүү мен ойлогондой оңой иш эмес экен. Уюштуруунун мага тиешелүүсүн мен, калганын үйдөгүлөр аткарып жатышты. Тойго 450гө жакын конок чакырылды.
– Мунара, үлпөт той сен каалагандай болдубу? Атагы алыска кеткен спортчу жигиттин жубайы болуу оюңда бар беле?
– Негизи мен күтүрөгөн үлпөт той өткөрүүнү деле кыялданчу эмесмин. Бакыт үйүнө кадимкидей эле көйнөк кийип барып, нике күбөлүгүн алып коём дечүмүн. Улук “үйдөгүлөр той өткөрөбүз дейт” деп той берди. Кичинекейимден эле чет элдик мырзага турмушка чыгам дей берчүмүн. Жолдошум спортчу болот деп эч ойлогон эмесмин (күлүп).
– Мырзалар жубайын апасына окшоштурушат. Мунараны апаңа окшоштурдуңбу?
– Ооба, мүнөздөрү окшошуп кетет. Экөөндө тең бетке айткан сапаттары бар.
– Үйлөнүү сунушун качан киргиздиң?
– Мунара экөөбүз отуруп сүйлөшүп эле “баш кошолу” деп айттым. Мен андай деле романтик эмес экенмин. Гүл алып барып өзүбүзчө эле отуруп макулдугун алдым. Анан ата-энелерибизди тааныштырдык. Ошентип баш кошуп калдык бат эле. Негизи октябрда эле үйлөнмөкмүн. Машыктыруучулардын айтымы менен декабрга жылып калган.
– Машыктыруучулар “коё тур, азырынча үйлөнүүгө эрте” дешкен жокпу?
– Албетте, коё тур дешти. Бирок үйлөнүп алып деле Дүйнө, Олимпиада чемпиондугун бир эмес, экиден уткандар бар. Кыргызда үйлөнсөң ишмердүүлүгүңө тоскоолдук болуп калат деген нерсе сиңип калган. Эгер каржы жааты жакшыраак болсо үйлөнүү спорттук карьерага тоскоолдук жаратпайт. Каржы тартыштыгы жаралса иштеп үй-бүлөнү багыш керек деген маселелер башталат. Келинчегиң түшүнүп, үй-бүлөң колдоп турса ийгилик жарала берет.
– Мунара, жогоруда “жолдошум спортчу болот деп ойлогон эмесмин” дедиң. Спортчулардын көп убактысы машыгууда, турнирлерде өтөт. Сен муну түшүнүү менен кабыл аласыңбы?
– Үйдө атам машыктыруучу, сиңдилерим спортчу болгондуктан, спортчулардын кандай болорун, кандай жүрөрүн түшүнүп эле калдым. Бир эжем дагы спортчуга турмушка чыккан “ай-ий, күйөөсү кечке эле эки жакка кете берет экен. Мен спортчуга тийбейм” дечүмүн. Ошол сөзүмө каршы чыгып спортчунун жубайы болуп отурам (күлүп).
– Ким кызганчаак?
Мунара: – Азырынча кызганууга негиз деле жок. Менимче, Улук кызганчаак.
– Маегиңерге рахмат. Түптөгөн пайдубалыңар бекем болуп, үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн болушуңарга тилектешпиз.
Динара Акимова