Жыпара Таштанова, ырчы: “ЖОЛДОШУМДУН КОЛДООСУ МЕНЕН ЫРДАП ЧЫКТЫМ”

Жыпара Таштанова эски ырларга экинчи өмүр берип тааныла баштаган ырчы айым. Музыкалык билими болбосо да, анын көкүрөктө жаткан таланты, коңур үнү бар. 5 бала төрөп, үй-бүлөсүн бир калыпка салып койгондон кийин чыгармачылыкка бел байлаган ырчы менен маектештик.

Туулган жери – Талас шаары

Бою – 165 сантиметр

Салмагы – 65 килограмм

Репертуарындагы ырлары – “Кара көз”, “Арман, ай”, “Ак чыны”, “Жүрөк аптабы”, “Күтүү”, “Курбулар” ж.б.

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 3 кызы бар

– Жыпара, саламатсызбы? Шоу чөйрөнүн казанында кайнап келатканыңызга канча болду?

– Салам! Шоу-бизнеске аралаша баштаганыма 5 жылдын жүзү болду. Бешинчи баламды төрөгөндөн кийин жолдошумдун колдоосу менен чыгармачылыкка аралаша баштадым. Чыгармачылык экинчи орунда, биринчи орунда үй-бүлөм турат. Балдарымды чоңойтуп алып чыгайын деп, чыгармачылыкка аралаша албай жүрдүм. Музыкалык билимим жок, кесибим боюнча экономистмин. Бирок бала бакчада жүргөн кезимден бери ырга жакынмын.

– Продюсер Лутфилла Бусурманкул уулу менен кантип иштешип калдыңыздар?

– Башында Лутфилла менин менеджерим болду. Жарым жыл иштешкенден кийин ишине ыраазы болдум. Ал чыгарган ырчылардын жылдыз болуп жатканынан колу жеңил экенин билдим. Ошентип 1 жылдан бери менин продюсерим болуп иш алып барып жатат.

– Өзүңүз тууралуу да кенен айтып берсеңиз. Кайсы жердин кызы болосуз?

– Таласта чоңойгом. Атам Бообек Таштанов. Апам Айнагүл Эгинбаева казак кызы. Ушул эки адамга учурдан пайдаланып ыраазычылыгымды билдире кетейин. Алар менин 5 баламды багып берип, колдошкону үчүн ырчы болуп жүрөм.

– Кырыз шоу дүйнөсүнө кандай өзгөчөлүк киргизүүнү каалайсыз?

– Фонограмманы жок кылабыз деген маселелер козголуп жатат. Маданиятка өкмөт тараптан көңүл бурулса жакшы болмок. Жандуу ырдаш үчүн аппаратуралар керек. Сапаттуу аппаратуралар менен камсыз кылышса эл жандуу концерттерди көрмөк. Элдин арасынан таланттуу ырчылар чыгат эле. Жандуу үн менен ырдалган концерттер болсо деп кыялданам.

– Кайсы бир атактуу инсанга окшошуп, ийгилигин кайталагыңыз келеби?

– Бирөөнү тууроонун, бирөөгө окшошуунун кереги жок. Ар бир адам өз алдынча уникалдуу. Сыйлап, ырларын уккан дүйнөлүк ырчылар бар. Француз ырчысы Эдит Пиафты баалайм. Ырчылыгы, жаштыгы согуш убагына туш келгенине карабай талантын элге тартуулап, атын даңазалап чыккан ырчылардын бири.

– Угармандардын көбү сиздин коңур үнүңүзгө ашык болсо керек, ээ?

– Ашык деп айта албайм, көбү “үнүңүз башкача экен, коңур экен” дешет.

– Чыгармачыл адамдардын жүрөгү назик келет. Сизге жазылган негатив комментарийлерге таарынбайсызбы?

– Чыгармачыл эмес, ар бир адамдын жүрөгү назик келет. Эртең менен жаман комментарий окуп калсам ошол күнүмдү ошол бир эле комментарий бузуп коюшу мүмкүн. Кудай сактасын, жаман комментарийлер деле жазылбайт. Жылдыз болуп кеткенде эле жазылбаса. Андай адамдарга жаман сөз менен бирөөнүн көңүлүн оорутуп коюунун кереги жок деп айткым келет.

– Маегиңизге рахмат. Ийгиликтердин үстүндө жүрүңүз!

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 944, 7-13-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан