Анда “Ош-Бишкек жолунда, айдаганым Мерседес” деген чыгармасы менен ырчы Расул Маматкуловдун атагы таш жарып жаткан кез эле. Борбор калаада жеке концертин берип жатып ал бир маалда мойтойгон кичинекей кызды сахнага жетелеп чыгып, “кызым Айгерим сиздерге чыгыш бийин бийлеп берет, кол чаап колдоп койгула” деди. Көзү бакырайган 3 жаштагы кыздын бийине суктанган эл ошол замат Расул мырзаны унутуп калгандай болду. Кыз бат эле бой жетти, жылдызы жанды. Көпчүлүк мырзалардын кыялындагы бийкечке айланды. Кийин Азамат аттуу жигитти бактылуу кылып, башкалар үчүн жетпеген кыял боюнча калды. Айгерим Расул кызы бул сапар жашоосундагы мырзалар тууралуу айтып берет.
“МЕНИН ИДЕАЛДУУ АТАМ...”
– Жашоодо адам болуп калыптанышыма атамдын ролу чоң. Чыгармачылыкка болгон табитим, мүнөзүм атама окшош. Бир сөз менен айтканда, атам мен үчүн – хан. Ал мени эркек баладай намыскөй кылып тарбиялады. Ошондон уламбы, ата-энемдин алдында өзүмдү эркек баласындай көп нерсеге милдеттүүдөй сезем. Атанын мээрими менен чоңойгон кыз бала бактылуу болот деп коюшат эмеспи. Атам мээримден өксүтпөгөнү үчүн бактылуумун. “Эгерде сеники туура болсо эч качан артка кайтпа, өзүңдүкүн бербе.
Башыңды бийик көтөрүп жүр” деген насааттарын көп айтты. Ар дайым “өзүңдү татыктуу алып жүр” дечү. Кээде туура эмес иш кылсам, мага сүйлөбөй коюп жазалачу. Сүйлөбөй калганда кабак-кашын карап бир нерсеге таарынып калганын түшүнөм. Андайда дароо көңүлүн алганга аракет кылам. Жанына барып “эмне болду? Туура эмес кылдымбы? Туура эмес кылсам кечирип коюңуз” дейм. Ал мен үчүн идеалдуу ата. Бизге бир да жолу кол көтөргөн жок. Жумшак сүйлөп чоңойтту. Жини келсе көзү менен эле бизди түзөп, ордубузга койчу.
“АПАМА КЫЛГАН МАМИЛЕСИНЕ КӨҢҮЛҮМ ЖЫЛЫЙТ”Кичинекей кезимде апам менен базарга барганда каалаганымды алып бербей койчу. Маанайым түшүп үйгө келсем атам “ошол контейнерди жаттап калдыңбы?” деп, өзү ээрчитип барчу. Апамдын сырын билип “апаң менен барганда кайсы жактан эмне жакса, ошол жерди жаттап кал” деп үйрөтүп койгон. Эмнени кааласам ошону алып берчү. Азыр мен дагы атам эмнени кааласа ошону алып бергенге аракет кылам.
Мен атамдын апама кылган мамилесин идеалдаштырып алганым үчүн жолдошумдан ошондой мамилени күткөм, анын мүнөзүн издегем. “Мен эркекмин, сен аялсың” дебейт. Үйдө тең укуктуулук бар. Апамды колдоп, көңүлүн алып “кемпир, мен чай коюп койдум, жүрү, чай ичели” деген жылуу мамилесин көрүп ичим жылыйт.
Турмушка чыкканга чейин атам менен сырдашчу элем, үй-бүлө кургандан кийин көп нерсени эркек кишиге айта албай калат экенсиң. Азыр сырымды апама айтып, кеңешем. Сыртынан билинбегени менен, эркек кишинин көңүлү назик болот тура. Атам мен жөнүндө ойлонуп, капа болуп калбасын деп аяп турам.
Чынын айтсам, ата-энем чийген сызыктан чыккан жокмун. Бардык чечимди ата-энемдин макулдугу менен кабыл алып келгем, азыр да, кийин да ошондой болот.
“ЭРКЕККЕ ТЕТЕ АПАМ”
– Жашоомдогу мырзалар тууралуу кеп кылып калбадымбы. Эркектен кем калбаган апам тууралуу да азыноолак айта кетпесем болбос. Үйдө бирөө эркелетсе, бирөө катуу кармашы керек. Апам мени катуу кармады, кыйла курчутту. Апамдын мүнөзүн Курманжан даткага окшоштурам. Айтканынан тайбаган, курч, эркек мүнөз аял. Көрөгөчтүгүн, акылмандыгын баалайм. Аялзатына керектүү касиеттердин баарын боюна сиңирген десем аша чаппасам керек. Ошол касиеттеринен кичине болсо да мага өттү деп ойлойм. Айымдардын арасынан бир гана апамды кумир тутам. Өзүн алып жүргөнүн карап аны туурайм.
Апам биринчи сөз менен айтчу, аны түшүнбөсөң чымчыйт эле, аны да түшүнбөсөң кезекте шапалак күтүп турчу (күлүп). Тааныштарды байкабай учурашпай калсам “эмнеге көрүп туруп учурашпай койдуң? Тааныбасаң дагы учурашып жүр! Бул этикет” деп урушуп, адамгерчиликтүү болгонго үйрөттү. Азыркыга чейин апамдын шапалагынан корком. “Сен 5 бала төрөсөң да мен үчүн дайыма баласың. Ошондуктан жиниме тийбе, келтек жейсиң” деп калат. Эстеп көрсөм, шапалакты акыркы жолу турмушка чыгар алдында жептирмин (күлүп).“ЖОЛДОШУМ АТАМА ОКШОШ”
– Турмушка чыгарда жолдошума “чыгармачылыкты таштабайм, улантышым керек. Буга көнсөң гана сага турмушка чыгууга макулмун” деп башында эле сүйлөшүп алганбыз. Көп учурда мырзалар айымдарын кызганып эл алдына чыгаргысы келбейт. Мен дагы ошондой болбосун дедим. Кыз киши атасына окшош мырзаны издейт экен. Жолдошум атама окшош. Ак көңүл, ичинде кири жок адам. Акыркы акчасын деле кармата салган берешен жигит. Ал мени биринчи көргөндө эле “жубайым болот” деп элестетиптир. Менде жолукканда эле андай сезим болгон эмес. Анын чын жүрөктөн кылган мамилесин, чыныгы эркектик сапатын бааладым. Жолдошум артымдагы тыл, балдарымдын мээримдүү атасы, менин сүйүктүү мырзам.
“10 БАЛАГА ТЕТЕ ШОК БАЛАМ”
– Уулум Элмырза 2 жашка толду. Жашоомдогу кичинекей мырзамдын көк беттиги жанда жок, шок бала. Үйдү үч көтөрүп чачканда атам “сенин балаң 10 балага тете, аябай шок” деп калат. Балдарыбыздын келбети, баскан-турганы кайнатама куюп койгондой окшош. Өзгөчө Элмырзанын мүнөзүн окшоштурам. Ошол себептен кайнатамды өз атамдай жакшы көрөм. Атам ак көңүл, эмгекчил, өз ордун билген, бир сүйлөгөн кыйын инсан. Ал заманбап киши, баарына көзү жетип, түшүнүп турат. Ар бир кыздын кайнатасы меникиндей болсо деп тилейм.
Динара Абдыкадырова