Айбек Касымов, ырчы: “БОРБОРГО БАРСАМ АЧКА КАЛАМБЫ ДЕП КОРКО БЕРЧҮМҮН”

Аткаруу чеберчилиги, тандаган ырлары, үнү менен элге таанымал ырчы бар. Ал – Айбек Касымов. Келинчеги Аида Сартбаева менен ырдаган “Талым кыз менен Көбөктүн айтышын” көрсөңүз сиз да эки ырчынын үнүнө суктанасыз. Анда Айбек мырза тууралуу кененирээк билип алыңыз.

– Айбек мырза, саламатсызбы? Кепти чыгармачылыкка келгениңизден баштайлы.

– Саламатчылык. Эс тарткандан бери эле колума комуз алып ырдап келе жаткандаймын. Комузду атам үйрөткөн, сахнага 6-классымда чыктым. Кийин деле эл алдында белгилүү болуп кетпесем да, өз алдымча ырдап жүрдүм. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөм. Тай жагымдан да, ата жагымдан да өнөрлүү адамдар болгон экен. Таятам кадимки Карамолдо Орозовдун жанында комузчу болуп жүргөн киши болуптур. Кийин борборго чакырса барбай коюптур. Чоң атамдын куудулдук жайы бар адам болгон экен. Ата-энем да тар чөйрөдө ырдап калышат.

– Ырчылар кээде уктап туруп эле популярдуу болуп кетишет. Кээ бири көп эмгек кылып таанымал болушат. Сиз кайсынысына кошуласыз?

– Чоң сахнага, шоу-бизнеске кеч аралаштым. 2010-жылы Бишкекке көчүп келип, аралаша баштагам. Ага чейинкилерди эмгек деп эле ойлойм. Институтту бүтүп барганымдан баштап Балыкчы шаарындагы Маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп 12 жыл иштедим. Ал жакта ырчы болуп, спектаклдерде роль аткарып, айтор, көп иштерди кылчумун. Мага көптөр “үнүң сонун го, бул жакта эмне кылып жүрөсүң? Борборго барып атыңды чыгарбайсыңбы” деп кеңеш беришчү. 2005-жылы Кутман Жолдошев иштейли деп чакырып калды. Форма тиктирип кете турган болуп калганда Балыкчыга барып апама айтсам “ал жакта эмне бар?” деп такыр болбойт. Калып калдык. 5 жылдан кийин Аскат Сулайманов агайыбыз аябай мотивация берди. “Шаарга келсем эч ким мени тааныбайт. Үй-бүлөм кантет?” деп борборго келсем эле ачка калчудай сезиле берчү (күлүп). Келгенде бир аз кыйын болду, бирок баары жайына түштү. Рыспай Абдыкадыровдун “Кымбатым” деген ырын жаздырып Ысык-Көлдө өткөн “Кадыр түн” фестивалында ырдап чыгып таанылып, ишим жүрүшүп кетти.

– “Ачка калам” деп бекер эле коркупсуз да.

– Эрте эле келсем болмок экен (күлүп). Азыр деле шүгүр. Эрте баштап койсом, балким, эрте тажап кетет белем деген ой келет. Мага буюрган убакыт ушул болду окшойт.

– Келинчегиңиздин үнү да жакшы экен. Эки жакшы үндүн ээлери кантип табышып калды?

– Балыкчыда иштеп жүргөндө келинчегим айылда комуз черткенди үйрөтүп жүрчү экен. 1998-жылдар болуш керек. Маданият үйүнө бирөөнү издеп келип калыптыр, “Ыр кесе” болуп жаткан. Чогуу отуруп калдык. Кесиптешибиз “Аида жакшы ырдайт” деп калды. Колумда комузум бар эле, аны берсем чертип ырдап берди. Үнү чын эле жакшы экен. Жетекчибиз “үнүң жакшы экен, айылга барганда эмне кыласың? Бизде кал” деп сунуштады. Ал макул болуп калып калды. Биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 7 жылдан кийин баш коштук. Азыр 5 баланын ата-энесибиз.

– Ушул жерден кызык болуп кетти. Канчадасыз деп сурасам болобу?

– Көбү “жаш көрүнөсүң” дешет. 10 жаш кичүү инилер деле “сен” деп кайрылып алышып, “аябай эле улуу турбайбы” деп уялып калышат. 1976-жылы төрөлгөм. Чыгармачылыкты кеч баштаганым үчүн жаш бала деп ойлошот окшойт (күлүп).

– “Ак чыны”, “Кымбатым” сыяктуу классикалык ырларды ырдап чыкканга да жүрөк керек болсо керек?

– “Ак чыны” ырын ата-энебиз ырдап жүргөн кезден бери билем. 70-жылдары ырдалса керек. Сөзү Байдылда Сарногоевдики, обону Бакай Нишарапов деген агабыздыкы, азыр ал Таласта жашайт. Жактырып калганым үчүн батынып ырдап калдым (күлүп). “Кымбатымды” болсо бир жерде Бек Борбиев агабыз менен чогуу отуруп калганда ал бирөөнү “ушул ырды ырдап берчи” деп суранып калды. Ошол жерден жактырып, “мен ырдасам” деп жүрөгүмө катып койгон чыгармалардын бири. Чынында “Кымбатым” менен таанылдым, ушул ырдан кийин телеге, радиолорго маекке чакырышып, ырларым кетип баштады.

– Келинчегиңиз менен аткарган “Талым кыз менен Көбөктүн айтышы” да жакты. Бул кимдин идеясы эле?

– Бул ырды бизге чейин “Ордо сахна” ырдап чыккан. Кийин Гүлзат Байзакова эжебиз ырдап чыккан. Ошондо келинчегим экөөбүзгө тең жагып калып, сөздөрүн жаттаганбыз. Тарыхы мындай, жети-өгүздүк Талым кыз деген мыкты чечен кыз болуптур. “Ким мени сөздөн жеңсе, ошого турмушка чыгам” деген экен. Нарындан Көбөк чоң деген өнөрлүү жигит келип, экөө айтышкан экен. Сөзү Тоголок Молдонуку, обону Нурак Абдырахмановдуку. Биз ырдап чыккандан кийин Нурак аганын алдынан өтөлү деп кызы Ширинге жолугуп, агабыздын алдына чогуу барып, батасын алып келгенбиз. Клип тарталы деп жатканда “Кийиз дүйнө” фестивалы болуп калып, ага Алтынбек Максүтов режиссёрлук кылды. Кийимдер, боз үйлөр, массовка да даяр болуп калды. Күндүз фестивалды өткөрүп, түндө Алтынбек байкенин жардамы менен клип тартылган. Таң атып калганда тартып бүтүп, “өх” деген элек. Клип ошентип ийгиликтүү тартылып калган. Ошол үчүн бул ыр жакшы кетти окшойт.

– Келинчегиңиз менен дуэт ырдайсыз. Жеке ырдаткандан кызганасызбы?

– Жок, кызганыч деле жок (күлүп). Жеке аткаруусундагы ырлары бар, тойлордо суранып калышканда ырдап калат. Балдарыбыз удаа болуп калганы үчүн да алардан чыга албай, чыгармачылык бир аз четте туруп калды. Буюрса, жакшы пландар бар.

– Сын айтайын деп турам, таарынбаңыз. Сиздей мыкты үнү бар ырчылар өздөрүн заманбап көрсөтө албайбы, билбейм. Тебетей, кыргыз көйнөктөн башка форма кийип, башка бир жанрда ырдап көрсө кандай болот? Үнү жок, бирок шоу жасай алгандар алдыга кетип, сиздейлер көмүскөдө калып калгандай сезилет...

– Башка жанрда деле ырдасак болсо керек. Бирок табит деген нерсе бар. Анткен менен рэп ырчылары менен ырдап көрсөм деп ойлоп жүрөм. Жаш ырчылар менен дуэт ырдасам деп турам. Кырсык, оору-сыркоодон алыс болсок көп иштер ишке ашат.

– Маегиңизге рахмат. Максаттарыңыз орундалсын!

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
“Келинчегим экөөбүз 7 жыл сүйлөшүп баш кошконбуз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 944, 7-13-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан