– Балдары бар, жалгыз бой эне кайсы жашта болбосун турмуш куруп, бактылуу болорун көрсөткүм келет. Төрт жылдан бери кыздарым менен жалгыз саякаттап жүрүп, эс алуучулардын 50 пайызы жалгыз бой энелер экенин көрөм. Балдары менен ойнойт, күлөт, бирок “сырдашкан, ишенген адамым болсо” деп тилейт. Чымчыктын да уясынын бузулушун эч ким каалабайт. Ушул күнгө чейин айтылган ушактар – алар бир гана ушактар, токулмалар. Жаап-жашырынып, туура эмес нерселерди Кудай алдында жасабай, таза кадамдарым менен келе жатам. Ар бирибиз бактылуу болууга татыктуубуз. Аракеттенели. Эң негизгиси, тең-теңи менен болуп, жүрөк ээсин тапты.