Математик актёр АКЫН АКЫНӨЗҮ
“Бизди да жолдошубуз Миран аялын эркелеткендей эркелетсе, камкордук көрсө...” деп кыз-келиндердин кыялына айланган түрктөрдүн “Жеңил ой” сериалындагы Миранды көрдүңүз беле? Махабаты, үй-бүлөсү үчүн бардык кыйынчылыкка чыдаган, “өрт” жигит Мирандын ролун актёр Акын Акынөзү аткарган. Төмөндөгү макала акырындап таланты менен дүйнө жүзүнө таанылып келе жаткан актёрдун жашоосуна кызыккандарга арналды.
Аты-Жөнү: Акын Акынөзү
Туулган жери: Түркия, Анкара шаары
Туулган жылы: 1990-жыл, 1-январь
Бою: 181 сантиметр
Үй-бүлөдө: жалгыз уул
Билими: АКШнын Беркли шаарындагы Калифорния университетинин математика факультети
Кесиби: актёр
Тартылган белгилүү тасмалары: “Даңазалуу доор: Көсөм империясы”, “Достор – бул жакшы нерсе”, “Жеңил ой” жана башка
ТАК ИЛИМДЕРГЕ КЫЗЫГАТ
Бактыга жараша, Акындын балалыгында ал өкүнөрлүк эч нерсе болгон эмес. Байдын жалгыз уулу. Борбор калаада жашап, каалаганынын баарына жеткен бала эркелеп ата-энесинин тынчын албай, жоопкерчиликтүү, тырышчаак, эмгекчил болуп чоңойду. Апасы актриса Өзлем Акынөзү уулун кино дүйнөсүнөн көргүсү келген. Бирок Акындын ою башкада болчу. Кичинесинен так илимдерге, математикага кызыккан бала Анкарадагы математика колледжине тапшырган. Колледжди бүтүп, билимге суусаган жигит дүйнөдөгү мыкты окуу жайлардын бири болгон Калифорния университетинин математика факультетинен билим алгысы келет. Баласынын каалоосу ата-эне үчүн мыйзам болчу. Андыктан 17 жашында Акын бөлөк-бөтөн өлкөнүн босогосун аттаган.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КАДАМ
АКШ. “Чет мамлекеттеги жашоо мени өз алдынчалыкка, жашоого ар тараптан кароого үйрөттү. Бир канча улуттун каада-салтын, маданиятын, жашоо образын көрдүм. Өзүмдүкү менен салыштырдым. Асман менен жердей айырмачылыктар бар, бардыгы кызык, ар биринин өз чындыгы бар...”- дейт Акын. Университетте окуп жүргөндө театрга көп каттаган жигит спектакль көрүп отуруп өзү да сахнага чыккысы келет. Апасы менен кеңешип, актёрдук чеберчилик курсуна жазылат. Университеттин театралдык кружокторуна катышкан Акынга сахна, камера жага баштаган.
Эң алгачкы роль. 24 жашка чыккан кара чач, кой көз, бою узун, чымыр денелүү жигитке словения-хорватиялык режиссёрлор кызыгып, роль сунушташкан. “Шайтан” деп аталган тасмада эпизоддук кичинекей роль туш болсо да, Акын камерага толкунданбай, уялбай тартылууну, тартуучу топ, режиссёрлор менен иштешүүнү өздөштүргөн.
“КИНО ТАРМАГЫ МАТЕМАТИКА СЫЯКТУУ”
Билимин тереңдетип, кино тармагында аз да болсо тажрыйба топтогон Акын мекенине кайтты. 2015-жылы экранга чыккан тарыхый “Даңазалуу доор: Көсөм империясы” сериалы бир гана Түркияда эмес, бир нече мамлекетте суроо-талапка ээ болду, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө дагы. Түркиянын мен-мен деген Берен Саат, Экин Көч, Берк Жанкат сыяктуу кино жылдыздары тартылган бул чоң долбоорго Акын Акынөзү да өз салымын кошкон. Сериалдан кийин аты чыккан жаш актёр дагы бир нече тасмаларга тартылды.
"Кичинемде эле түшүнбөгөн нерселерди өздөштүргөнгө кызыкчумун. Ошондуктан математикага кызыктым окшойт. Улам жаңы эсептин, маселенин жообун табам деп жатып университетти кантип бүткөнүмдү билбей калдым. Азыр кино тармагы мен үчүн математика сыяктуу. Актёрлук чеберчиликти – искусстводогу маселелерди чечүү деп кабыл алдым. Бул жаатта мен чеччү, мен үйрөнчү нерселер көп",- дейт Акынөзү.
ДҮЙНӨЛҮК АТАКТУУЛУК
2019-жыл, март. Жазында түрк телеканалында “Жеңил ой” аттуу сериал башталды. Сериал жазуучу Сүмейе Көчтүн 2012-жылы бестселлерге айланган “Жеңил ой” романынын негизинде тартылган. Түрктөрдүн көптөгөн тасмаларында кайталанган эки үй-бүлөнүн кастыгы, андан жабыркаган жаштар, айтор, шаблонго айланган сюжет бул сериалда да бар болчу. Бирок кызыгуу жараткан учурлары да көп эле. Андыктан сериалды өз өлкөсүндө көрсөтүү үчүн бир нече мамлекет уруксат сураган. Миран Асланбей жана Рейян Шадоглунун
(актриса Эбру Шахин) сүйүү баяны, алардын тагдыры азыркыга чейин көпчүлүктүн көз кырында. Дал ушул Мирандын ролу аркылуу актёр Акын Акынөзү дүйнөлүк атактуулукка, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө да популярдуулукка ээ болду.
МИРАН+РЕЙЯН ЧЫНЫГЫ ЖАШООДО КЫЗ-ЖИГИТПИ?
Ушунча популярдуулукка ээ болгон сериалда бардык кыйынчылыкка карабай сүйүүсүн сактап келе жаткан Миран менен Рейяндын ролундагы Акын менен Эбруну чыныгы жашоодо да түгөй болсо дегендер көп. Анткени экрандагы сүйүү – жөн гана актёрлордун оюну дегиң келбейт. Бирок баш каармандардын экөөнүн тең сүйүктүүсү бар. Акын Акынөзү университетте тапкан сүйүктүүсү Сандра Пастемалчиян менен 4 жылдан бери кыз-жигит мамиледе. Акын коомчулукка жеке жашоосу тууралуу маалымат чыгаргысы келбейт. Андыктан "Сандра экөө баш кошобу же?.." деген суроо жоопсуз. Ал эми актёрго ашык болгондор үчүн анын бойдок статуста көбүрөөк жүргөнү жакшы.
КЫСКАЧА...
-
Спортко сөзсүз убакыт бөлөт, айрыкча фитнеске.
-
Жаныбарларды абдан жакшы көрөт.
-
Көп жылдан бери эт жебейт, вегетариан.
-
Социалдык тармактарда активдүү, өзүнө жазылган билдирүүлөрдүн баарын окуп турат.
-
Апасы белгилүү актриса – Өзлем Акынөзү.
-
120 килограмм салмактан 70 килограммга чейин арыктаган.
Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Муну Бали-бей (Даңазалуу кылымдагы) деп эле жүрө берипмин.)