Жалгыз бой эне: “КЫЗЫМДЫН ДЕНЕСИН ҮШҮК АЛЫП КЕТКЕН”

Жети айлык кезинде кырсыктан улам кыштын күнү карда бир күн жатып калган ымыркайдын денесин үшүк алып кеткен. Андан бери 10 жылдай убакыт өттү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызы менен жалгыз алпурушуп келе жаткан Асия Кутманбек кызы элден жардам сурайт. Ал “алдыда боло турган операцияда кызымдын денесинде сезүү рефлекси ойгонушуна үмүт бар экенин айтышты” деп сүйүнгөнүн жашырган жок.

“КЫЗЫМ КАРДА ТАКМА ЖАЛАЯКЧАН КАЛГАН ЭКЕН”

– Жети жашымдан ата-энем ажырашып кетип, мен Лейлекте таене-таятамдын колунда калгам. Алар дагы эрте эле каза болуп калышты. Кийин турмушка чыгып, 20 жашымда кыздуу болдум. 2011-жылдын декабрь айы болчу. Кызым Татынаны алып Оштон Бишкекке карай жолго чыккам. Болжолдуу саат кечки 10дор чамасында уктап кетиптирмин. Көзүмдү ооруканада ачтым. Көрсө, кырсыктаптырбыз, мен жол кырсыгы болгон жерде эле эсимди жоготуптурмун. Эч нерсе билбейм. Көзүмдү ачканда жол кырсыгы болгонун, эки жумадай убакыт өткөнүн, биз келе жаткан унаа КамАЗ менен сүзүшкөнүн, кызымды ооруканада чоң энелери карап жатканын айтышты. Алардын айтымында, кырсык Токтогулдан өткөндө болуптур. “Тез жардам” келип, бизди ооруканага алып кетишкен. Бирок кырсык болгон жерде кызым болгон эмес. Кимдир бирөө кызымды авария болгон жерден алысыраак алып барып таштаптыр, өлдү деп ойлошконбу, билбейм. Ал күнү Татынаны көрүшкөн эмес. Эртеси күнү өтүп бара жаткандардын бири ошол жерден токтоп көрүп калыптыр. Ошол киши Бишкектеги №3 балдар ооруканасына алып келиптир. Сыртындагы кийимдерин чечип кетишиптир, Кызым кар үстүндө такма жалаякчан кырсык болгон жерден алысыраак калган экен. Кудай бизди кырсыктан аман калтырды, бирок бизге бул сыноону жөнөттү. Жол кырсыгы болгондо жаныбыздагы бир бала каза болуптур. Кийин айдоочу келип бизди көрүп кеткен. Мен “кызыма жардам бергиле” дегем. Айдоочунун жубайы “кызыңдын дарылануусуна, палатасына акча берип келдик” деген. Өзүмдүн дагы абалым оор болду, башыма эки жолу операция жасалды. Колум сынган, оор нерсе көтөрө албайм. Операцияны туугандарым жасатып беришти. Татынаны чоң ата, чоң апасы ооруканада, кийин дагы 3 жыл карашты. Анан өзүмө алдым. Татынанын денесин, ички органдарын бүтүндөй үшүк алып кетиптир. Денесинин 80 пайызы эч нерсени сезбейт.

“БАСПАСА ДА ТИРҮҮ ЭКЕНИНЕ ШҮГҮР КЫЛАМ”

– Кызым 28-апрелде 10 жашка чыгат. Кыргызстанда ДЦП деп диагноз коюшуп, ошол багытта дарылап келишкен. Кызым төрөлгөндө эч кандай ДЦПсы жок эле дени сак төрөлгөн. Жети айында ходунокто кадимкидей басып жүрчү. Азыр баспаса да тирүү экенине шүгүр кылам.

Акыркы эки жылда дене табы дайыма көтөрүлүп, колунун күчү кетип, тынбай ыйлап, кыйналып жатты. Элден жардам суроого аргасыз болдум. Эжемдин жардамы менен Түркияга келдик. Кайрымдуу адамдар каражат жагынан жардам кылып, акырындык менен текшерүүдөн өткөрүп алдым. Ар кандай укалоолорду жасайм. Өзү эч нерсени сезбей, заара, заңын башкара албагандан кийин кыйын экен. Улам чоңойгон сайын такма жалаяк дагы көп кетет. Ансыз алып жүрүү мүмкүн эмес. Өзү дагы такма жалаяк ага керек экенин билет, сатып келгенимди көрүп аябай сүйүнөт. Өз алдынча сүйлөй албайт, бирок сөздөрдү айттырсам мени кайталайт. Абдан унутчаак.

Дене табы дайыма жогору, кээде 40ка чейин көтөрүлөт. Көзү ооруганына жараша алмак-салмак өзгөрүп кылыйып калат. Мээси дагы жабыркаган. Денесинин жок дегенде ылдыйкы бөлүгү сезип калса экен деп Кудайдан тилеп келем. Буга алдыда боло турган операцияда мүмкүнчүлүк бар дешти.

Бишкекте барган жерибиздин баары эле "басуусуна үмүт жок, канча дарылатпа, эч кандай жардам бербейт" дешчү. Түркияда деле 3 жерден ошондой жооп уктук. Дарыгерлерге жакшы сөз уксам деген үмүт менен барып, “болбойт” дегенди укканда аябай жаман болом, жүрөгүм ооруйт. Төртүнчү ооруканага барганда "кантип мүмкүн болбосун?" деп ыйладым. Ал жактагы дарыгерлер “августта Америкадан чакыруу боюнча бир врач келет, ага көрсөтүп көргүлө, бирок анын кызматы абдан кымбат турат” деп айтышты. Августта пандемиядан улам келе албай калды. Бирок 8-октябрда биз күткөн Мортада Жубара деген ирактык врач келди. Татынаны көрүп параплегия деген диагноз койду. Операцияга чейин Түркияда дарылануудан өтүүбүз керектигин айткан. Бул дарылануу 8 миң доллар экен, бизге арзандатып 6 миң долларга түшүрүштү. Кызымдын операция алдындагы дарылануусу бүттү. Врач Татынанын денесинин 60-70 пайызына сезүү рефлекси келерин айтты. Ушуга үмүт артып турам. Буюрса, врач менен 7-январда жолугабыз. Операция күнүн айтат. Операция Стамбулда "Роматем" деген медициналык клиникада жасалат. Операция жана операциядан кийинки бир жылдык реабилитациясы менен чогуу 95 миң долларды түзөрүн эсептеп беришкен.

“АТАСЫ КЫЗЫНЫН ДЕН СООЛУГУН СУРАП КОЙГОН ЖОК”

– Кечке эле туугандарыңдан жардам сурай албайт экенсиң. Ар кимдин өз турмушу бар дегендей. Айрыкча оорукчан кызың менен бир жакта жүрүшүң деле кыйын экен. Кайда барарыңды билбей туңгуюкка камалып калган деле учурлар болот. Бир жолу “эми эмне кылам, мындан ары кандай жашоо болот?” деп ойлонуп үч күндү автобекетте өткөрүп коюпмун. 20 жашымда жол кырсыгына кабылдым. Билинбей күн өтө берет экен. Ошто пирожки сатып, тапкан акчага кызымды дарылаткан учурлар болду. Ач калбайт элек, кызымды да, өзүмдү да бакмакмын. Болгону кызым оорлошуп, кыйналып жатканда чыдап карап отурууга мүмкүн болбой калды. Атасына “кызымды дарылаталы” деп айттырдым, келген жок. Атасынын жүрөгүндө мээрим болбосо мен эмне кыла алам? Жок дегенде жанында болгону деле канча дем болмок. Кызымдын жанында менден бөлөк эч ким жок.

Турмушта кыйналган күндөр көп болду. Чынында өткөн күндөрдү эч эстегим келбейт. Азыр кызымдын келечеги үчүн гана аракет кылгым келет. Атасы телефон чалып, кызынын ден соолугун бир сурап койгон жок. Ушунча убакыттан бери интернетте деле жардам сурап жүрөбүз, угуп-көрүп эле жатат да. Мурун атасына жазсам да, чалсам да алчу эмес. Бизди дайыма телефондун "кара тизмесине" салып койчу. Мен кырсыктагандан кийин эле үйлөнүп алган. Мен ага эч жаман сөз айткым келбейт. Кудай бар. Чоң эне-чоң атасы небересинен баш тарткан жок, алардын жардамы менен кызым ушинтип чоңойду. Эми кызым элдин кызы болуп калды. Аны сурап кабарын алып, жардамын берип жаткандарга ыраазымын.


ЖАРДАМ БЕРҮҮ ҮЧҮН РЕКВИЗИТТЕР:

Байланыш номери: +90 534 706 93 11

Элсом: 0502 03 20 16

Сбербанк: 4276 3802 4442 1306

KICB: 4446 7320 0036 3343 VISA

Turkiye Finans TR790020600320037765700001


Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Aikan1966
2021-01-11 09:55:43
Жакшы болуп кетсин
Амиин
+6
Erlan_95
2021-01-11 15:29:29
Байкушту ким авария болгон жерден алып кетип, кийимдерин чечип алды экен
+7
Orka
2021-01-11 21:06:48
Erlan_95,ошол нерсе ойлондурду биринчи эле мени дагы. Чечип алып кайра кандай таштап Кетти экен?
+3
BemaAzat9290
2021-01-12 12:57:53
Кайсы акмак алып кетип кийимдерин чечип балким ошол жерде калганда тез жардам корот эле мындай сыноолор болбойт беле Сабыр кылын Аллах дартын берген шыпаасында берет
+2
fetta89
2021-01-12 15:38:04
Аллах Озу колдоп сакайып кетсин, колунда бар адамдар колдон келишинче жардам колун сунайлы
0
Akjas
2021-01-12 22:58:42
Окуп алып абдан боорум ооруду. Эх кана мүмкүнчүлүгүм болгондо дарыланууга кеткен каражатынын баарын бермекмин. Аллах шыпаа берсин сабыр кылгыла
+1
mederbekovna03
2021-01-13 16:51:03
takma jalaiykchan bir tundo olup kalsa kerek ele kywtyn suugunda it olotko
0
raia
2021-01-13 22:14:16
Кандай наадан наристени чечинтип киймин алып таштап кетти,Аллахым озу жазаласын мындай адам аты бар акмакка мин наалат...
+3
ulua
2021-01-17 20:15:44
Атаны наадандар ай, ким кийимин сууруп кетти экен, матага оролгурлар мата эле керекпи силерге?!! Наристе бейкуноо кайсы бир таксисттин айынан ушинтип калышы шарт беле?!!
0
№ 944, 7-13-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан