«Жылаңач баатыр» реалити-шоусунун эсте калган каармандарынын бири Кудайберди Айтбосунов. Шуулдап шат сүйлөгөн, анан бат сүйлөгөн ырчы менен жеңил маектештик. Баса, жакында уулдуу боло турганын да сүйүнчүлөдү.
– Салам, атыңды ким койгон? Азыр кыргыздар балдарына мындай ысымдарды бербей калышты го.
– Саламатсызбы, атым жагып жатабы (күлүп)? Кичине кезимде атым өзүмө такыр жакчу эмес. Ал кезде маанисин билбейсиң да. «Атым Азамат болсо, көзүм бүтүк болсо» деп кыялдана берчүмүн. Билбейм эмнеге экенин, бул таң калычтуу, ээ? Атам менен апамдын кичүү баласы болгонум үчүн сүйүнүп Кудайберди деп коюшкан экен. Чыгармачылыкка келгенде Куба деп чыкчумун. Атам бир сүйлөгөн киши, угуп калып, «ай, балам, Куба-Субасы жок эле, өзүңдүн атың менен чыкпайсыңбы?» деди. Өзүмдүн атым менен чыктым, азыр атым өзүмө аябай жагат.
– «Жумушка кирип алып убактым тартыш болуп жатат» деп калдың. Кайсы тармакта иштейсиң?
– Учурда уюлдук тармактардын биринин жүзү жана менеджери болуп иштеп жатам. Чыгармачылык деле калып калган жок, мага бир учурда илхом келгенде 2-3 ыр жаздырып салам. Жылдын башында Толгонай Арзыкеева экөөбүз дагы бир дуэт жаздырып жатабыз. Эки жакка деле чачырап калган жокмун, убактыңды жакшылап бөлүштүрүп алсаң жетишет экенсиң.
– Шоу анан бизнес деген бар эмеспи. Ал жак сени качан кучак жайып тосуп алды?
– 2016-жылдары баштадым. Жашмын да, сиз айткан шоу анан бизнести ойлонбой эле бир клип тартып салсам атактуу болуп кетчүдөй сезилчү. Клип тарттым, эл тааныбайт, ыр жаздырдым, дагы деле тааныбайт. Жылдыз болуп элге таанылганды аябай кыялданчумун. Продюсерим Лутфилла Бусурманкулов менен тааныштым. Аз-аздан киришип, үйрөнө баштадым. Биринчи эфиримди эстеп азыр да күлкүм келет. Эмне сураса эле «ооба, ооба» же «жок, жок» деп жооп бере бериптирмин, толкунданганымдан башыма эч нерсе келбейт. Алып баруучу жок дегенде унчукпай отурбайбы дегенсип мени карап жатат (күлүп). Эфир чыккандан кийин маршруткага түштүм. Элдин баары мени таанып койгонсуп уялып алгам (күлүп). Силердин гезитке келип «башкы бетке качан чыгам?» деп эле сурана берчүмүн. Мен силердин гезиттин башкы бетине чыксам жылдыз болом деп ойлочумун.
– Жашооң үйлөнгөндөн кийин кандай өзгөрдү?
– Ооба, өмүр бою жашай турган адамым деп келинчегимдин алдында жоопкер болуп калдым. Мурун балдар менен түндөп жыргап жүрө берчүмүн. Өзүнөн-өзү эле ал жакка бутуң тартпай калат экен. Үйгө эрте барайын деп калат экенсиң. Баса, үйгө бир нерсе көтөрө барып калат экенсиң. Мурун аялы бир нерсе айтып, анан аны аткарам деп жүргөн эркектерди көрүп «эмне болуп жатат?» деп күлкүм келе берчү. Азыр жумуштан кайтарда чалып, «эмне алып барайын?» деп сурап калбадымбы. Үйгө ташып калат экенсиң.
– Наристе да күтүп жаткан окшойсуңар...
– Бардык жакшы жаңылыктарымды силер биринчи билип аласыңар. Үйлөнгөндө да силер билип алгансыңар. Буюрса, наристелүү болгону жатабыз, ушул айда төрөлөт деп турабыз. Мен «эң башкысы акылдуу, ыймандуу, ден соолугу бекем наристе бер» деп тиленчүмүн. Ичимден кыздуу болууну каалап жаткам. Бирок уул экенин ички сезимдерим менен билип жүргөм. Жынысын билгенде оюм так чыкканына таң калдым. Уул күтүп жатабыз, буюрса. Мен өзүм аябай баласаакмын, көчөдөн мотурайган бала көрсөм эле өөп салгым келе берет.
– Үйлөнгөндөр жубайлардын биринчи жылы кыйын болот деп айтышат го. Казан-аяк кагыштыбы?
– Катуу кагышкан жок, орточо кагышып жатты (күлүп). Андайда эң биринчи ата-энебизге көрсөтпөш керек деп аракет кылдым. Анткени алар катуу кабыл алышат экен. Чогуу турабыз да, урушуп жатканда да «акырын, атам менен апам укпасын» деп үндү акырын чыгарып урушабыз. Эми менде да мүнөз бар да, бирок урушканда дароо үйдөн чыгып бир жакка кетип калганга аракет кылам. Сыртка чыгып дем алып, бир сааттан кийин телефон чалып «болду эми, баары жакшыбы?» деп калам. Кээде ал биринчи чалып жиберет. Ошентип таарыныч унутулуп калат. Сүйүү болгондон кийин кайра эле байланып калат экенсиң. Убагында үйлөнүп калыптырмын деп ойлоп калам кээде, кечиктирсем чыгармачылыкка катуу берилип эйфория болуп, далайга жүрө бермек экенмин. Азыр экөөнү тең бирдей алып бара жатам.
– Көзүң да, сөзүң да шуулдап турса келинчегиң кызганса керек?
– Шуулдайт бекенминби, ээ? Мени негизи түштүк тараптан дей беришет. Сиз айткандай, шуулдап тургандан окшойт. Болбосо өзүм Ысык-Көлдөн болом. Келинчегим кыз-жигит болуп жүргөндө көбүрөөк кызганчу, баш кошкондон кийин анча кызганбай калды. Мен кызганчаакмын, ошол үчүн жеке баракчама анын сүрөтүн көп жүктөй бербейм. Бирөөлөрдүн көзүнөн, сөзүнөн сактайм.
– Атың чыккандан кийин өзгөрдүңбү?
– «Жылдыз оорусу» менен оорудуңбу?» деп жатасыз да. Ооба, кээде кармап калат. Ал бардык эле ырчыга келчү нерсе. Оор формасында ооруган жокмун. Продюсерим менен урушуп, кайра табыштым. Бир учурда өзүм эле кыйратам деген ойлор келген. Бирок продюсериң менен жеңил. «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» дегендей, бул апта ушул макал актуалдуу болуп жатат го (күлүп).
– Атын чыгарыш үчүн ырчылар кээде обу жок жосунга барышат. Сага да ушундай ойлор келип турабы?
– Кээде жакшы жагынан хайп кылып турганга эмне жетсин? Эл түшүнгөндөй, колдогондой хайп жасаш керек.
– Аптанын актуалдуу суроосу, шайлоого бардыңбы?
– Ооба, апам экөөбүз барып добуш бердик. Садыр Жапаровду тандадык. Мен анын фанаты эмесмин, бирок андан башка кимди шайлайм? Ажобузду чоң ишеним менен шайладым. Эртеңки элдин тагдырын моюнуна алып жатып, ал киши деле туура эмес иш кылбайт болуш керек.
– Силердин муундун бактысыбы, же тескерисинче, бактысыздыгыбы билбейм. Гастроль дегенди билбей калдыңар...
– Гастроль мага аябай жагат, бул кайф, башкача энергия. Мен өлкөбүздүн 4 облусуна гастролдоп келгем. Мына ошол жерден чыныгы фанаттарыңды жолуктурасың, чын дилден угушат, кол чабышат. Үнүңдү таптап аласың. Көп жыл кафе-ресторандарда ырдап жүрдүм, жандуу үн менен ырдагандын касиети башкача. Өпкөң сонун болуп, ичиңдеги бугуң чыгып кеткендей болосуң. Ошондуктан коронавирус жоголсо оркестр менен концерт берсем дейм. Эки саат бою жандуу үн менен ырдасам деп пландап турам.
– Пландар ишке ашсын! Маегиңе рахмат!
Нуржамал Жийдебаева