Маалыматка ылайык, бул беттеш улуттук курамдын коронавируска байланыштуу тыныгуудан кийинки алгачкы оюну болот. Беттеш 30 миң көрүүчү бата турган Mandalar Thir стадионунда өтөт жана оюн жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө (Бишкек убактысы менен 17:30) башталат.
«Ак шумкарлар» Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен бирге «F» тайпасында жайгашкан. Эми алар Мьянма жана Япония менен конокто, Монголия менен өз үйүндө беттеш өткөрөт.
Жумабай Акимов