«Ага-ини» тобу: «БИЗ РЭПТЕ СӨГҮНБӨЙБҮЗ»

Менин эсимде, бала кезимде, Арча-Бешикте,

Алгач ирет пайда болду кыргыз рэп кыргыз тилинде.

21-кылым жаңырчу түз эфирден,

Дагы укмуш таасир берген MTV теледен.

Алгач "Салам, Кыргызстан" деп жар салган Тата Улан,

Латыш Мырза Киггазтан, А Добр катуу, катуу жаңырган.

Анан келди биздин муун жетиген,

Бегишбек, Баястан, “Ага-ини”, аны билет Кыргызстан.

Башталышы 2010, чогултуп бир миң сомдон,

Студияга барган элек жаңы эле орношкон.

Болбосом дагы чоң жигит, балакат менен коштошкон.

Эң бактылуу адам болгом микрофон менен достошкон.

Сапты сапка улап, аны барак бетине түшүрүп.

Сапты сапка улап, анда айтып берип көргөнүмдү.

Жаратып кыргыз рэп, Жаңыртып келемин дабышын көчөлөрдүн.

Бүт кылгандарымдын баарын өзгөчөлөнтүп.

“Ага-ини” тобунун чыгармачылыкка кантип аралашып калганы ушул ырда баяндалат. Жаштардын сүймөнчүгүнө айланган бул топ бир тууган ага-иниден куралган. Келечектен көптү үмүттөндүргөн эки жигит менен кызыктуу маек курдук.

– Эмир, Кайбар, салам! “Ага-ини” тобунун түзүлгөнүнө канча болду?

Кайбар: – Топтун түзүлгөнүнө 6 жыл болду. 2010-жылдары өз алдынча рэп аткарып жүрчүбүз. Темирлан деген инибиз орус тилинде рэп аткарчу. 2008-жылы биз жашаган Арча-Бешик конушунда рэпке кызыгуу күч алып турган эле. Биздин конушта биринчиден болуп инибиз текст жаза баштады. Азыр ал компаниялардын биринде иштейт. Айда-жылда бир ыр жаздырып, ошондо да сынактардын жеңүүчүсү болот. Ошол кезде инибиз “Новые имена” деген долбоорго катышып калды. Аны колдоп барганыбызда бизге рэп жагып калган. Кыргыз рэпти өнүктүрүү, кыргыз тилин жайылтуу максатында биз дагы кыргыз тилинде текст жазып, аткара баштадык. Мисалы, түштүк кореялык PSY корей тилинде рэп аткарып, дүйнө жүзүнө корей тилин жайылтып жатат. Балким, келечекте кыргыз рэп ырчылары аркылуу кыргыз тили дүйнөгө тааныла баштайт. Анткени бизге Таиланд жана башка өлкөлөрдөн угармандар жазып калышат. Демек, биз туура багытта бара жатабыз.

– Чыгармачылык сиздер үчүн кесиппи же хоббиби?

Эмир: – 100 пайыз кепилдик бере алам, Кайбар экөөбүз үчүн чыгармачылык – кесип. Мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин үн режиссёрлук бөлүмүндө окугам. Сапаттуу ыр жаратыш үчүн музыканы жакшы сезишиң керек. Хобби катары алып кетсең окшошпой калат экен. Кесипкөй болгуң келсе билим керек.

К.: – Кесибим боюнча журналистмин. Америкалык рэп ырчысы Айс Кьюб маектеринде “рэпер журналист сыяктуу, анткени биз көчөдө болуп жаткан нерселерди айтабыз” деген. Мен бул ойго кошулам. Ошондуктан рэпти тандагам.

– Текстти ким жазат?

К.: – Чыгармачылыкты баштаганда ортобузда пикир келишпестик көп болчу. Бара-бара ар бир адамга жөндөмүнө жараша милдеттерди бөлүштүрүш керек деген чечимге келдик. Чыр-чатакты, түшүнбөстүктү, таарынычты жоюу үчүн милдеттерди бөлүштүрүп алдык. Тексттин 70 пайызын өзүм жазганга аракет кылам. Анан чогуу отуруп алып музыканын коштоосунда улантып жазабыз.

– Өз алдынча ырдап чыгуу планда барбы?

К.: – Өз алдынча ырдап чыгып атаандашып да көрсөк болот. Ошондуктан бирден ыр жаздырып койгонбуз. Жакында тартуулап, элдин кабыл алуусуна жараша кийинки кадамдарды ойлонобуз.

Э.: – Мындайча айтканда, өз алдынча “движение” кылып көрөбүз (күлүп).

– Мүнөзүңөрдү сүрөттөп берсеңиздер...

Э.: – Кайбар так, айтканын айткандай кылат. Бүгүн кечинде текст жазабыз десе, мен кандай маанайда келбейин ошол күнү текст жазабыз. Бир ырды жаздыргандан кийин “ыр бул убакта жазылып бүтүп, чыгышы керек” дейт. Ортодо талаш-тартыш жаралбашы үчүн ошол убакытка жетишкенге аракет кылам.

К.: – Эмир тырышчаак. Бир ыр жакшы болбой жатса аны чукулап отура берет. Чыдамкай, нерви бекем. Бир ырдын “обложкасын” жасаш керек болсо сүрөттүн майда-чүйдөсүнө чейин жасап 4-5 саат отура берет. Мен анте албайм. Жайлуу жерде бир орунда отуруп иштегенди жакшы көрөт.

Э.: “Эмнеге окшош эмессиңер?” деп сурай беришет. Мен тамашалап кошунабыз деп коём (күлүп). Негизи мен атама, Кайбар апама окшош.

– Рэп аткаруучу болуш үчүн эмне керек?

Э.: – Саркеч кийимдин кереги жок. Азыр рэп окугандар жөнөкөй кийинишет. Шалбырап кийинүү да шарт эмес.

К.: – Текст жазганды, аны ыргакка түшүп аткарганды билиш керек. Укмуш үндүн кереги жок. Жөнөкөй үн менен да чоң аудиторияны багындыра аласың.

Э.: – Анан 6 жылдан кийин “Супер-Инфого” маек бергени келесиң (күлүп).

– Рэп ырчылар ырдын текстине сөгүнгөн сөздөрдү кошуп жиберишет...

Э.: – Биз кошпойбуз. Биздин биринчи принцип – текстте сөгүнгөн сөз болбошу керек. Павел Воля “өмүрүмдө биринчи жолу ырымда “попа” деп айтып койдум. Балдарым ошол сөздү жаттап калды. Болбосо канчалаган акыл-насаат айткан ырларым бар. Ошондон кийин рэпти таштадым” деген.

К.: “Кыргыз рэпте сөгүнбөш керек” деген түшүнүк бар. Бул нерсе кыргыз рэптин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

– Текстти бирөө-жарымга текшертесиңерби?

К.: – Апабыз Жыпарбүбү ыр жазат. Айрым сөздөрдүн маанисин түшүнбөй жатканда биринчи ал сөздү интернеттен текшерем. Таппай калганда апама чалам. Ал “бул сөз мындай мааниде колдонулат, бул китептерде, чыгармаларда бар” деп түшүндүрүп берет.

– Апаңыз тууралуу сөз болуп калды. Атаңыз тууралуу да айта кетсеңиздер...

К.: – Атам Субанаалы Жалал-Абаддын Аксы районунан болот. Чыгармачылыктан алыс болгону менен, ораторлук чеберчилиги күчтүү, сөзмөр киши. Отуруштарда тамада болуп, күлдүрүп, элдин маанайын көтөргөн жайы бар. Ата-энебиз чыгармачылыгыбызга каршы болгон эмес. “Өзүңөр каалаган нерсе менен алектенгиле” дешет.

Э.: – Атам заманбап киши, интернетти жакшы өздөштүрүп алган. Ырыбыздын клиби интернетке жүктөлөрү менен көрүп, лайк басып “сонун болуптур” деп кубаттап турат.

– Чыгармачыл адамдардын көбү каражатты тойдон табышат. Рэп аткаруучуларына да суроо-талап барбы?

К.: – Мен ырчыларга ырдын текстин жазып берем. Биздин таланттуу жаш жигиттерден куралган командабыз бар. Өсүп жаткан жаштарга ыр жаздырып берип, каражат табабыз. Ошол студияны Эмир жетектейт. Иш-чараларга, тойлорго да барып ырдайбыз. Жаш тамадалар “жаштар силердин келгениңерди көрүп сүйүнүшөт” дейт. Эскиче ойлонгон, улуу муундагы тамадалар бизди теңсинбей карап, “күтүп тургула” деп коюшат. Тааныш ырчыларды ырдатып бүткөндөн кийин бизге көңүл бурушу мүмкүн. Анда да милдет кылгандай. Болбосо бизди той ээси өзү чакырып жатпайбы.

– Маек соңунда жеке жашооңуздар тууралуу айтып берсеңиздер?

К.: – Үйлөнгөнүмө 4 ай болду. Келинчегимдин аты Асел, кесиби дизайнер. Ал Эмир экөөбүзгө кийим тандап берет. Үйлөнгөн сонун экен.

Э.: “Агама да ошону каалайм” деп койбойсуңбу (күлүп). Быйыл сөзсүз үйлөнөм. Кайбар айткандай, ар бир үтүр-чекитке маани берген жанмын. Ошондуктан талабыма туура келген бийкеч туш келсе деп тилейм.

– Тилегиңизге жетиңиз! Сиздерди ийгилик коштосун!

Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
“Ага-Ини” тобу: “Биз рэп айтканда сөгүнбөйбүз”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Adelya4366
2021-01-21 21:10:20
Азаматсынар! Силерге Ийгилик.
0
№ 945, 14-20-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан