Дүйнө жүзү АКШдагы абалды кооптонуу менен күзөтүп турган маал. Вашингтондо 6-январда дүйнөнү дүрбөлөңгө салган окуя орун алды. Демократиянын ордосу делген бул өлкөдө президент Дональд Трамптын тарапташтары былтыр күзүндө өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына, Жо Байдендин президент болуп бекитилишине каршы чыгып Конгресс жайгашкан Капитолий имаратын басып алышты. Окуяда төрт киши каза болду.
Окуянын чоо-жайы
Баш аламандыкка Жоржия штатындагы Сенатка болгон шайлоонун экинчи айлампасында “Демократтар” партиясынын талапкерлери утканы себеп болгон. Эми “демократтар” Ак үй, Сенат жана өкүлдөр палатасы саналган Конгрессти башкарат. Буга чейин “Республикачылар” Сенатты 2014-жылдан тартып башкарып келген (Сенат 100 мүчөдөн турат. Ар бир штаттан калктын санына карабастан 2ден сенатор 6 жылдык мөөнөткө шайланат). Шайлоодон кийин Байден өзү каалаган реформаларды жана саясатты жүргүзө алары белгилүү болду. АКШда президент каалагандай саясат жүргүзүү үчүн мыйзам чыгарган бийлик бутагынын колдоосу зарыл. Эгерде “Республикачылар” Сенатта көпчүлүк орунга ээ болуп калса, “Демократтардын” мыйзамдары өтпөй калышы ыктымал эле.
Митингчилер тарабынан Капитолийге чабуул жасалардан мурдараак Ак үйдүн жанында Дональд Трамптын тарапташтарынын нааразычылык митинги өтүп, анда президент Трамп да сөз сүйлөп, өзү эч качан багынбай тургандыгын айтты. Бул нааразычылык иш-чарасына бир нече миң адам катышып, алар былтыр 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы кайра каралышы керек деген талап коюшкан.Трампты сүрөгөндөр нааразычылык акциясына чыгарын жар салган
Анын тарапташтары анын 3-ноябрда шайлоодо олуттуу мыйзам бузуу болгондугу тууралуу билдирүүлөрүн колдоп, Вашингтондо каршылык акцияларын өткөрүүгө даярданып чыгышкан.
Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Жо Байден баш аламандыкка Трамп күнөөлүү экенин айтып катуу сынга алды. Байден 20-январда ант берип, өлкөнүн 46-президенти катары кызматка расмий киришмекчи.
200 жылдан бери алгачкы ирет басылган Капитолий
Тарыхка кайтсак, 1814-жылы 24-августта Британия-Америка согушунда америкалыктардын жеңилишинен кийин британ аскерлери Вашингтон шаарын басып алышып, көптөгөн өкмөттүк имараттарды, анын ичинде Ак үй менен Капитолийди өрттөшкөн. Улуу Британия АКШнын тарыхында борбор калаа Вашингтонго жана Ак үйгө кол салууга жетишкен жалгыз өлкө болгон. Дүйнө лидерлеринин реакциясы
Германиянын канцлери Ангела Меркель кейигенин айтып, демократиянын негизги эрежеси – шайлоодон кийин жеңгендер жана жеңилгендер болушу керек экендигин баса белгиледи.
Ал эми Канада премьер-министри Жастин Трюдо канадалыктар Америка Кошмо Штаттарындагы демократияга жасалган чабуулдан улам терең тынчсызданып, кайгырып жатканын билдирген.
Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган окуяны “абдан таң калычтуу абал” деп баалады. Эксперттер башка өлкөлөрдөгү элдик толкундоолорду "демократия" деп колдоп келген АКШ бул ирет өзүндөгү толкундоону "терроризм" деп баалады деп сындашууда.
Жумабай Акимов