10-январь күнү өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда талапкер Садыр Жапаров жеңип чыкты. БШКнын алдын ала маалыматына таянсак, Жапаровго шайлоого катышкандардын 79,28 пайызы (13-январга карата) добуш берди. Экинчи орунду Адахан Мадумаров (6,7 пайыз), үчүнчүнү Бабыржан Төлбаев (2,36 пайыз) ээледи. Президенттик шайлоо менен бирге өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум да өтүп, анда добуш берүүчүлөрдүн 81,54 пайыздан ашыгы президенттик башкарууну тандады деп жарыяланды. Добуш берүүгө шайлоочулардын 39,75 пайызы катышты. Өлкө жаңы Баш мыйзамга өтүү алдында турат. 10 жыл мурун президенттик башкаруудан көңүлү калып, жаңы Конституция менен парламенттик демократияга бет алган өлкөнү кандай окуялар күтөт?
«ЭЛДИН ИШЕНИЧИН 100 ПАЙЫЗ АКТАЙМ»
11-январда шайлоодогу жеңиштин урматына Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында майрамдык иш-чара уюштурулуп, анда Садыр Жапаров кыргыз элине кайрылуу жасады.
– Өлкөбүздүн 30 жылдык эгемен тарыхында эч ким жоопкерчилик албаган, бир топтун жеке кызыкчылыгын көздөгөн башкарууга жол берген кайдыгерликке чекит койгон күн келди. Өлкөбүздүн көп тармагы артта калды, элдин турмушу абдан оор абалда. Ушундай оор жагдайда өлкөнүн тагдырын колго алып отурам. Мекениме ак кызмат өтөп, сиздердин ишеничиңиздерди жүз пайыз актайм,- деди жеңип чыккан талапкер.
«АТААНДАШ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ СҮЙЛӨШҮҮГӨ ЧАКЫРАМ»
Шайлоо алдындагы теледебаттарда көпчүлүк талапкерлер «эгер мен президент болуп калсам, азыркы атаандаштарымды командама чакырам» деген сөздү айтып жатышкан. Садыр Жапаров да ушундай позицияда экенин билдирди.
– Атаандаш талапкерлерди өлкөбүздү өнүктүрсөк деген тилеги үчүн сыйлайм. Президент катары толук кандуу ишке киришерим менен аларды акыл калчап, өлкө тагдырын оң жолго салууда кеңешип, баарлашууга чакырам,- деди Жапаров.
«БАРДЫК ИШИБИЗ АЧЫК БОЛОТ»
Жеңүүчү талапкер Жапаров эч качан диктатор башкаруучуга айланбай турганын, оппозициянын үнүн угууга эшиги дайыма ачык болорун убадалады.
– Айрым оппоненттерим айтып жаткандай, диктатура деген болбойт. Мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн гана диктатурасы болот. Бардык ишибиз ачык-айкын болот, маселелер бир бөлмөгө жашырынып алып чечилбейт. Мындан ары көчө оппозициясы болбойт, оппоненттер көчөдө кыйкырбастан, биздин иш бөлмөгө келип оюн айтканга шарт түзөбүз,- дейт Жапаров. АЛДЫДА РЕФЕРЕНДУМ ЖАНА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО
2021-жыл шайлоолорго жыш болору күтүлөт. Садыр Жапаров президенттик башкарууга негизделген жаңы Конституция 2 айдан кийин кабыл алынарын, ал эми быйыл май айында парламенттик шайлоо өтөрүн билдирди. Конституциянын жаңы редакциясын даярдоо боюнча Конституциялык кеңешме ишин улантууда, жаңы долбоор жакын арада парламенттин кароосуна жөнөтүлөрү күтүлөт. Өлкөнү башкаруу формасын аныктоо саясатчылар арасында эки ача пикир жаратууда. Президенттик башкарууну колдогон тарап «өлкөдө бир адам – президент бардык жоопкерчиликти алышы керек, азыркыдай баш аламандык жарабайт» деген позицияда турушса, парламенттик башкарууну жактагандар «президенттик башкаруу биз басып өткөн жол, артка кеткени жатабыз» деп сындашууда. Шайлоодо Жапаровго утулган 2 талапкер: Адахан Мадумаров менен Абдил Сегизбаев шайлоо жыйынтыгын тааныбай тургандарын айтып чыгышты. Ал эми эл аралык байкоочулар шайлоо таза өттү дешти.
ПУТИН, ЭРДОГАН БАШТАГАН ЛИДЕРЛЕР КУТТУКТАШТЫ
Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен 13-январга карата Ооганстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Орусиянын, Беларустун, Түркиянын, Өзбекстандын президенттери жана Кытайдын лидери куттукташты. АКШ да Жапаровдун президенттикке шайланышын тааный турганын аталган өлкөнүн Кыргыз жериндеги элчилиги билдирди. Садыр Жапаров президент катары алгачкы иш сапарын Казакстандан баштай турганы белгилүү болду.
Соңку 30 жылда кыргыз эли мурдагы 5 президентин кандай үмүт менен тактыга отургузса, алтынчысына да ошондой эле үмүт артты. Садыр Жапаров «мурдагы бийликтердин катасын кайталабайм» деген убада менен кызматка киришүү алдында турат.
Жумабай Акимов