Оозу, колу-буту скотчтолуп, бакка асылган 18 жаштагы жигиттин өлүмүнүн сыры ачыла элек

2020-жылдын 21-ноябрь күнү Чүйдүн Аламүдүн районундагы "Тёплые ключи" эс алуу жайында жүрөктүн үшүн алган окуя катталган. Ал күнү 6-ноябрдан бери изделип жаткан 18 жаштагы Э.Ө. аттуу жаран колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылып турган абалда табылган. Маркум жигиттин ата-энеси менен байланыштык, алар бул окуянын артында милиция ачык айтпай жаткан сырдуу жагдайлар бар деген пикирде.

“АДАМ ӨЛТҮРҮҮ БЕРЕНЕСИ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ”

Окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымат тараткан:

– 21-ноябрда болжол менен саат 13:13тө Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө «Тёплые ключи» санаториясында жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу жерине барып, колу менен буту байланып, оозу скотчтолгон абалда бакта асылып турган жаранды табышкан. Бул факт 130-берене (адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маркум Нарын облусунун 19 жаштагы Э.Ө. аттуу тургуну болгон. Анын өлүмү боюнча кылмыш ишин иликтөөнү ИИМ жана Чүй ОИИББи өз көзөмөлүнө алды. Учурда тиешелүү тергөө амалдары уланып жатат.

“ЭСЕНДИ ӨЛТҮРҮП КЕТТИ ДЕГЕН КАТ КЕЛДИ”

Уулун жоготуп, кан жутуп отурган Өмүрбек Жумабаев төмөнкүчө маалымат берди:

– Балам 6-ноябрда Фольксваген Гольф унаасын айдап, машинанын тетиктерин алуу үчүн Бишкектеги “Кудайберген” базарына кеткен. Колуна 10 миң сом карматкам. Бир саатта келем деп, ошол бойдон жок болду. Телефон чалсак чакыруу кетет, бирок телефонду албайт. Баламдын мындайы жок эле. Сарсанаа боло баштадык. Тынымсыз телефон чала бердик. Бир топтон кийин телефону өчтү. Башыбызга түрдүү ойлор келди. Балким, достору менен бир жакка эс алып кетип калдыбы деп ойлодук. Акыры дос, тайпалаш балдарына чалсак билбейбиз дешти. Ошол күнү кечки саат 21:00дө Эсенден кийинки уулумдун телефонуна “Эсенди өлтүрүп кетиптир” деген СМС кат келди. Балам ыйлап жиберди. Мен катты окуп нес болуп калдым. Кийин СМСти ким жазганын аныктай албай калдык. Анан келинчегимди алып Ленин РИИБине жөнөдүк. Ал жерден бизди опер кызматкерлери кабыл алышты. Андан соң “болду, байке, уулуңуз табылат. Маалыматты аймактарга жөнөттүк” деди. Ишти башка тергөөчүгө өткөрүп берди. Ал тергөөчүгө да көрсөтмө берип, Ленин РИИБинен түнкү саат үчтө кеттик. Эртеси инилерим чогулуп, өлүкканалардан издей баштадык. Анан кайра ЖКККББга барсак, уулумдун унаасы ошол жерде экен. Ишти Адилет Умаров деген жигит карап жатыптыр. Ага кирсек, “уулуңуз бир адамды сүзүп алган экен. Анын айдоочулук күбөлүгү, унаасынын техникалык паспорту менде” деди. Анын айтымына караганда, Тойота Виндом үлгүсүндөгү автоунаа баламды жолдон жөөлөп өтүптүр. Ачууланып балам аны кубалап жөнөйт. Жөө адамдар өтүүчү өтмөккө келгенде эки маршруттук такси катары менен токтоп калат. Балам 3-тилке менен келе жатып, өтмөктү байкабай калат да, ошол жерден бир жөө жүргүнчүнү сүзүп алат. ЖКККББнын кызматкерлери баланы кубалап кармап, унаасын айып аянтчасына алып барышат. Андан соң наркологияга алып барып текшертишет. Баламдын ичимдик ичпегени аныкталган. Анан Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жабырлануучудан кабар алууга барышканда баламдын бет кабы жок болгондуктан ичине киргизбей коюшат. Кызматкерлер уулума “туруп тур” деп, документ иштери боюнча ичкери кирип кетишет. Кийин сыртка чыкса эле уулум качып кеткен болот. Андан кийинкиси түшүнүксүз болуп калды. Биз уулумду 15 күн издедик. Төлгөчүлөргө чейин барып, ооруканаларды кыдырып, издебеген жерибиз калган жок. Ал ортодо жабырлануучудан да кабар алып турдук.

“ӨЗӨГҮМ ӨРТТӨНҮП, ЭМНЕ КЫЛЫШТЫ БИЛБЕЙ КАЛДЫМ”

– 21-ноябрда эртең менен үйдөгү баламдын телефонуна достору интернеттеги сүрөттү жөнөтүп калды. Карай калсак эле кийими ошол. Аялым экөөбүз өлүкканага барып тааныдык. Экспертизанын жыйынтыгы жок эле Аламүдүн РИИБи суицид деген бүтүм чыгарды. Алар баштарын оорутпай ишти тезирээк жапсак дейт экен. Биздин өлкөдө адам укугун коргоп иштей турган орган жок. Уулумдун оозу скотчтолгон, колу-буту байлануу, өйдө асылбай эле, ылдый бүгүлүп турат. Анан бала муунуп өлдү дегенге кандай адам ишенет? Өзөгүм өрттөнүп, эмне кылышты билбей калдым. Кимге ишенеримди билбей, айлам кетип турат. Менимче, баламды бирөөлөр өлтүрүп туруп эле, алып барып асып коюшту. Акыры өзү өлдү кылып эптеп бурмалаганы жатышат.

“УУЛУМДУН ЭЛЕСИ КӨЗ АЛДЫМДАН КЕТПЕЙ ЖАТАТ”

Каңырыгы түтөп, кабыргасы кайышкан маркумдун апасы төмөнкүлөргө токтолду:

– Уулум Кочкор районунун Кара-Тоо айылынан 9-классты аяктап, шаарга иштөө үчүн кеткен. Мүнөзү шайыр, колу ачык берешен болчу. Тентектиги деле жок эле. 12-декабрда 19 жашка толмок. Негизи жаш балага өчөшкөн деле киши жок да. Автоинспекция кызматкерлери баланы жол эрежесин бузду деп кармаганда эмне үчүн ата-энеси менен байланышып, аларга кабар бербейт? Биз эки күн издеп, Ленин РИИБине арыз жазгандан кийин билип жатабыз. Милиция өзүн-өзү өлтүргөн деп жатат, бирок биз ага ишенбейбиз. ЖКККББнын кызматкери Умаровго барып, балабыздын жоголгонуна 15 күн болду десек, Ленин
РИИБине барсаңар, менин тайпалашым Таалай деген тергөөчү бар, ал жардам берет дегендей кылды. Эртеси ага барсак, “бүгүн ишемби, иштебейбиз, биринчи күнү келгиле” деп жөнөттү. Ошентип биринчи күнү баралы десек эле баламдым сөөгү табылып калды.

Баламды жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери кармагандан кийин ооруканага алып барышыптыр. Ал жерден саат 11лерде эле качып кеткен экен. Эмнеге ошол учурда эле бизге байланышып, айтып коюшпайт. Бул окуя тууралуу бир Кудай билбесе, биз кимден көрөрүбүздү да билбей калдык. Бизде акыйкаттык деген жок экен. Азыр көп нерсе түшүнүксүз болуп жатат.

“ИШТИ ШАЙЛООДОН КИЙИНКИГЕ ЖЫЛДЫРЫП КОЮШТУ”

Ушул окуя боюнча милиция ЖМКларга маалымат таратып, анда экспертизанын алдын ала жыйынтыгы “суицид” деп чыкканын айтты. Бул боюнча маркумдун атасы буларга токтолду:

– Экспертизанын алдын ала жыйынтыгын милициялар суицид деп таратып жатышат. Мен ал жыйынтыктын кагазын өз көзүм менен көргөн жокмун. Тергөөчүгө телефон чалсам “президенттик шайлоодон кийин тааныштырабыз. Бизди шайлоо участокторуна бөлүп коюшту” деп жооп кайтарды. Шайлоо өтөт эле деп ушундай оор кылмышка байланыштуу иштерди артка жылдырып койсо болобу? Сөздүн кыскасы, бошобой жатышкан окшойт. Бирок шайлоодон кийин тааныштырганда деле ушул сыяктуу шылтоо айтышат го деп божомолдоп жатабыз. Эгер ишти карабай, дагы создуктура берсе, прокуратурага арыз жазабыз. Басма сөз каражаттарына кайрылып, маселени кайрадан көтөрөбүз.

Биз Өмүрбек уулу Эсендин ишин караган ЖКККББнын кызматкери Адилет Умаров менен байланыштык. Бирок ал Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы уруксат бермейинче комментарий бербейм деп баш тартты. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы менен байланышсак, алар Умаровдун маалымат берүүсүнө уруксат беришкен жок. Өздөрү да тергөө иштери аяктамайынча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Erlan_95
2021-01-18 14:20:14
18жаштан откон болсо эмнеге ата-энесине чалышмак эле??
-4
№ 945, 14-20-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан