18-ЯНВАРДАН 24-ЯНВАРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Кабатыр кылган нерселерден мээ сергите туруңуз. Бул сизди алдыда жасай турган чоң ишке даярдайт. Бош убакыт болгондо ар кандай дүмүрчөктөр, майда-чүйдө кагаздарга көңүл буруу шарт. Карыздар болсо создуктурбай кутулуңуз. Түгөйүңүзгө өзгөчө көңүл буруп, сезимдерди уялбай ачык айтыңыз. Апта сүйүү мамилелери үчүн ылайыктуу.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Сырдаша турган адамды туура тандаңыз. Чала тааныш же анча ишенбеген адам менен сырдашуу сизге зыян алып келмекчи. Ичиңизде катып жүргөн идеяларыңызды ишке ашырмайынча жан кишиге айтпай туруңуз. Дал ушул апта пландарды иш жүзүнө ашырууга ылайыктуу. Апта соңу сизди чыгармачылыкка шыктандырган энергия алып келет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Апта ичинде өзүңүзгө болгон ишеним артып, тынчсыздандырган маселелерди чечүүгө жең түрө баштайсыз. Чөйрөдөгүлөрдүн айткан мактоо сөздөрү шык берет. Кошумча жумуш издөө зарылчылыгы келип чыгат. Тааныш-билиштерди тизмектеп, ылайыктуу жумуш караштырышыңыз мүмкүн. Жакын адамыңыз жардамга муктаж экенин кабарлайт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Апта сиз үчүн ийгиликтүү болууга сөз берет. Сыйлуу конок катары чакыруу аласыз. Кулк-мүнөзүңүз жумшарып, жакшы жакка өзгөртө турган жагдайлар түзүлөт. Сүйүктүүңүздүн акча жүгүртүүсүн көзөмөлдөңүз. Үй-бүлөлүк каражатты кеңешип чечүүңүздөр керек. Чыр-чатактын алдын алуу үчүн сүйлөшүүлөр жардамга келмекчи.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жаңы таанышуулар, маанилүү жолугушууларга жыш апта. Кимдир бирөөлөр менен болгон араздашууга акча маселеси себеп болмокчу. Өзүңүздү токтоо кармаңыз. Акча колдун кири, ал эми мамиле же аброй андан өйдөрөөк экенин эске алыңыз. Пайдалуу адамдын ишенимине кирүүгө жакшы шарт түзүлөт. Ээрден ооп түшпөй, бекем болуңуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Өжөрлүктүн арты менен максатыңызга жетесиз. Баары жакшы жүрүшүп, аз эмес акча каражатына да ээ болосуз. Эс алуу күндөргө жакындаган сайын энергияңыз азая баштайт. Жашоо, күрөш темпин басаңдатуунун ордуна энергия ала турган булактарды издеңиз. Кечкисин жакшы эс алыңыз, балдардын же сүйүктүүңүздүн ырахатына бөлөнүңүз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Өзүңүздү сизден артык эч ким жакшы билбейт! Өз мүмкүнчүлүктөрүңүзгө гана ишениңиз. Бирөөгө ишенип, маанилүү иштерди артка жылдыруу зыян алып келмекчи. Принциптерге бекем туруңуз. Акча маселесинде жумуш берүүчү же жетекчи менен ачык сүйлөшүп алган оң. Апта соңу чакан кечеге ылайыктуу. Ден соолукка этият болуңуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Бардык иштерде убакыт тартыштыгы жаралат. Шашмалыктын арты менен туура эмес иш кылып алышыңыз ыктымал. Кыялыңыз да чукул, урушчаак болуп чыга келесиз. Буга сизди көптөн бери түйшөлтүп келген кайсы бир маселе себепкер болмокчу. Демек, сизге жакшы эс алуу, көйгөй жаратып келген маселелерди талдап чыгуу сунушталат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жай турмушта аптаны өткөрөсүз. Жумушта, үйдө бардык нерсе өз орду менен, өз учурунда жана өз шартында кете бермекчи. Жагымдуу жаңылык угасыз, бош убактыңыз текке кетпей, пайдалуу нерсе менен өтмөкчү. Мурда мамиле түзүп жүргөн адам горизонтто пайда болот. Достук мамиледе баарлашып, жакшы күндөрдү эстейсиздер.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Харизмаңыз күчөп, жакшы адамдарды айланаңызга жыйнайсыз. Өзгөчө идеялар, позитивдүү маанай, адамдар менен ачык баарлашуу чөйрөңүздөгү адамдарга оң таасирин берет. Мунун арты менен бизнес, жумуш жана мамиле жаатында ишеничтүү өнөктөштөргө ээ болосуз. Бул ийгиликти узакка сактап калуунун жолун ойлонуштуруңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Үй-бүлө маселесине байланыштуу идеяларды ишке ашырганга ылайыктуу апта. Кандай көйгөй жаралса да анын оңой чечилүүчү жолдорун издеңиз. Жакшылыктан түңүлүп отуруп калчу кез эмес! Үйгө конок келиши күтүлүүдө. Оюңуз бөлүндү болуп, жумушуңуздан алаксыйсыз. Абалды жөнгө салуу үчүн убакытты туура пайдалануу керек.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жумушуңуз ансыз деле көп болуп жатканда кошумча иштер жүктөлөрү күтүлүүдө. Өз укуктарыңызды билип, буга жол бербеңиз. Бирөөлөр сиздин жумшактыгыңыздан пайдаланып кетиши ыктымал. Эс алуу күндөрү жагымдуу жолугушууларга же үй-бүлөлүк эс алууга ылайыктуу болмокчу. Айрымдар гардероб жаңылоонун үстүнөн иштешет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 945, 14-20-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан