АВАЗ & АЙДАНАНЫН КЫЗЫ АРИАНА 1 ЖАШТА

16-январь күнү жылдыздуу түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Деканын кызы Ариана 1 жашка толду. Жаш жубайлар тун кызынын туулган күнүн жакындарын чогултуп, чоң кубаныч менен белгилешти. Бөбөктүн урматына арналган кечеге күбө болдук.

“КЫЗЫБЫЗ КИЙИН ЫРААЗЫ БОЛСУН ДЕП ТУУЛГАН КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИК”

– Аваз, Айдана, кызыңардын туулган күнү кут болсун! Ариана кимге жакын?

Аваз: – Кызыбыз негизи Айданага жакын. Чоңойгон сайын мага да жакын болуп келатат. Эгерде унаадан мен биринчи түшүп кетсем ээрчийт. Апасын ээрчибейт.

Айдана: – Бирок үйдөн менин жанымдан чыкпайт. Анткени курсагын тойгузам. Эшикке чыгарда атасын ээрчийт. Кайсы учурда кимге барышты билип калды (күлүп).

– 1 жашында наристенин кылыктары чыгып калат эмеспи.

Аваз: – Чулдурап ар кайсы сөздөрдү айта баштады. Башкача бир ширин тилде сөздөрдү айта баштаганы аябай жагып, жүрөктү элжиретип жатат.

Айдана: – Сонун кылыктары бар. Ордунан туруп кыйшаңдап, тай-тай басып, кайра коркуп кетип отура калат. Оюнчукту көрө калып басып кетет да, эстеп кетип токтоп отуруп калат.

– Аваз кандай ата?

Айдана: – Сонун ата. Ушундай ата болгонуна Жаратканга ыраазымын. Биринчи жолу эне болуп жаткандыктан жолдошум жардам бербесе кыйналмакмын. Аваз абдан эптүү. Кээде “туура кылып жатабы?” деп мени текшерип калат. Азыр кызымды жакшы карап калдым. Интернетте атасы менен кызынын мамилесин чагылдырган сонун видеолор бар го. Аларды карап алып Аваз да “мен да кызыма ушундай ата болом” деп кыялдана берчү.

Аваз: – Кызымдын чачы өсүп калса чаң соргуч менен тартып алып резинка менен байлап бергенди күтүп жатам (күлүп).

Айдана: – Аваз азыр эле Ариананын чачын фен менен кургатып берет. Көз тийбесин, көз тийбесин (күлүп).

– Ушул маекти кызыңыз кийин окуса керек. Ага азыр эмне деп айтат элеңиз?

Аваз:"Кызым, ушундай жапжаш болчубуз" деп айтат элем (күлүп).

Айдана: – Кызым чоңойгондо биздин эмгектерибизди көрөт. Клипти да кийин көрүп ыраазы болсун деген максатта тартып, бүгүнкү туулган күнүн да “ий, мен 1 жашка чыкканда апам Мини Маус болгон турбайбы” деш үчүн уюштурдук.

Аваз: – Биз жаңы баш кошкондо “биздин ар бир жакшылыгыбыз чоң майрам болот. Ар бир балабызга көңүл бурабыз” дегенбиз. Элге көрүнүп шоу кылгыбыз келбейт. Болгону эсте калсын дейбиз.

– Эмне үчүн бул образды тандап алдың?

Айдана: – Кичине кезимден бери эле Мики Маустун кулактарына жакынмын. Кызымдын ар бир кийими кулактары менен.

Аваз: – Кызым бирок анча кызыкпайт буларга, машинелерге кызыгат.

Айдана: – Чынында, куурчактарды карабайт. Соода борборлорунда сейилдеп жүргөндө оюнчуктарга алып барсак эркек балдардыкына кызыгат. Мен болбой эле чачын байлап, кулак тагып кыз кыла берем (күлүп). Кызымды куурчактай кылып чоңойтсом деп кыялданам.

– Бул күн конокко келген жалпы балдардын майрамы болуп жаткандай...

Аваз: – Кечебизге "ар бириңер балаңарды ээрчитип келгиле. Балаңар жок болсо бөбөгүңөрдү, ал да жок болсо кошунаңардын баласын ала келгиле" деген шарт койгонбуз.

– Бүгүн ата-энеңиздерди көргөн жокпуз?

Аваз: – Ооба, анткени жаштарды гана чакырып туулган күнүн белгилеп жатабыз. Күн жылыганда айылга барып тушоо тоюн беребиз. Ата-энебиздин батасын ошол тойдон алабыз деп турабыз.

– Маегиңерге рахмат! Ариана бактылуу балалыкта чоңойсун!



Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
Аваз Акимов менен Айдана Дека кызынын туулган күнүн белгилешти
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
erkekyz1
2021-01-25 13:41:50
Бактылуу, өмүрлүү, ыймандуу кыз болуп чоңойсун. Артынан уул бала келет окшойт, машиналарга кызыкса))). Эмнеси болсо да артынан көөптөгөн уул-кыздарды ээрчитип келсин кичинекей жөжө)))*
+1
arimaz89
2021-01-26 05:55:18
Өмүр, бакыт, ден соолук. Каалоңорду Жараткан кабыл кылсын!
0
№ 946, 21-27-январь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан